Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЙДАЙ

№452 1-7-июль, 2011-жыл

(Башы өткөн сандарыбызда)

“Ошончо кырсыктан аман калыш эле оңойбу. Анан кантип 3-4 айда айыгып кетмек элең? Чыда, ден соолугуң калыбына келет” деп күндө жубатам. Ошентсе да менин эрки күчтүү күйөөмдүн күндөн-күнгө чыдамы кетип, ишенимден тайып бараткансыйт. Ансайын жаным тыбырчылайт. “Антпе, Элдар, айыгып кетериңе ишенбесең, менин да үмүтүмдү үзөсүң, мага дем бер”. Ичимден бул сөздү миң кайталап жалынам. Бирок Элдарга угуза айта албай тилим байланат. Дайыма шайдоот, айтканы айткан, дегени дегендей бүткөн Элдарга минтип керебетке байланып калуу оңойго турган жок. Жөн жерден ачууланып, мага да катуу сүйлөп жиберчү болду. Килейген кишиге алым жетмек беле, керебеттен түшүрүп, кийинтип-чечинтип, жуунтканга жардам берет деп алысыраак бир туугандардын уулун чакыртып алгам. Ошол жигит көтөрүп стулга отургузуп, көтөрүп барып жаткызган сайын жинденет. Буулугуп, тишин кычыратып, жаак эттери түйүлүп чыгат. Ошондон көрө кыйкырып, сөгүнүп-сөгүнүп алса кана.
Врачы келип көрүп турчу. Ал күнү да адаттагыдай эле келген. Күнүнө эки маал массаж жасатып жатканбыз. Бирок үмүт жок көрүнөт. Ойлонуп көпкө турду да мага көз ымдап тышка чыга жөнөдү. Артынан жөнөсөм, күйөөм токтотуп калды.
– Менин көзүмчө эле айта бер.
Тиги жалдырай мени тиктеп, мукактанып турат.
– Айта бериңиз.
– Массаждын таасири жыйынтык бериши керек болчу. Менимче, аны улантуунун кажети жок.
Элдардын башы шылк дей түштү. Бүттү, мындан ары бул врачтардын айтканын эмес, өзүм каалаганымды кылам.
– Сизге рахмат, жүрүңүз узатып коёюн.
Дарыгерди чыгарып салып келсем, Элдар эки алаканы менен жүзүн жаап отуруптур. Чыдабадым. Кучактай, көкүрөгүнө башым жөлөдүм.
– Жеңилбе, суранам, жеңил­бе! Өзүң жакшы билесиң, медицина алсыз. Мен сени Кытайга алып кетем. Ал жакта туугандарың көп эмеспи. Жардам беришер. Алар жардам бербесе да, сени айыктырмайынча тынбайм. Сен басасың. Экөөбүз дагы далай жыл чогуу жашайбыз. Дагы далай кызыктарга күбө болобуз. Только, суранам, чөкпө. Элдар, мага сенин жардамың керек, колдооң керек, “айыгам, басып кетем” деген ишенимиң керек. Калганынын баарын жасайм.
Биринчи жолу мага мындай оор жоопкерчилик түштү. Элдар, уулум, жумушум, күйөөмдүн бизнеси. Баарына жетишишим керек болчу. Кыйраткан бизнесмен болбосом да Айдардын катуу кекенип, бут тосууларды баштаганын түшүнүп жаттым. Бирок азыр мен үчүн бизнес башкысы эмес. Башкысы, Элдардын ден соолугу. Көпкө ойлонуп, чайналып отурбай күйөөмдү, уулумду алып Үрүмчүгө кеттим. Бул жакта уйгурлар, күйөөмдүн жакын туугандары көп. Бизди ушунчалык кубанып тосуп алып, коноктоп жатышты. Көпчүлүгүн биринчи ирет көрүп турган үчүн чакырыктардан баш тарта албай жүрүп бир жумабыз өттү. Анан ал туугандардын жардамы менен тибеттик бир мыкты табыптын дарегин таап бардык. Кичинекей бир айылда, өзүнүн чакан фермасында жашайт экен. Бизди жылуу кабыл алды. Баарынан да жеңили, уйгурча билгени болду. Тилмеч аркылуу сүйлөшүү күйөөмө да, табыпка да кыйын болмок.
Үйдө Разия калган. Бизнес иштерин болсо Элдардын орун басары Рамиске дайындап келгем. Азыр бардык иштерди ошол бүтүрүүдө. Табыптыкына келгенибизге 15 күн болгондо Рамис чалды. Үнү капалуу.
– Бизде баары жакшы. Элдардын да көңүлү ачылып, өзгөрүп калды. Жакында басат деп жатат. Иштер кандай, бир нерсеге капа болуп тургандайсыз?
– Баягы Айдар деген неме тажатып бүттү. Бир жагын бүтүрсөм эле экинчи жактан проблема жаратат. Өзүм жолугуп, пачагын чыгарып таштасамбы.
– Жок, жок. Ага жолугуп, убакыт кетириштин кереги жок. Жакшысы, иштерди көзөмөлдөп турсаңыз болду. Элдар бутуна туруп кетсе эле баары өз жайына келет.
– Ооба, туура айтасың.
Орун басары сөзүмдү көңүл­сүз коштоп, трубканы коюп койду.
Мм, чын эле иштер начар көрүнөт. Ойлонуп кеткен экенмин, Искендин кубанычтуу үнүнөн жүрөгүм кабынан чыгып кете жаздады.
– Апа-аа, атам басты, атам ордунан турду. Жүрү, бачым, көрөбүз, жүрү!
Энтелеп, өпкөсү көөп алган балам менен кошо жүгүрдүм.
Канча айдан бери кадам таштай албай көзү жалдырап жаткан Элдар жылмайып күлүп турат. Көзүндө жаш. Биринчи жолу көрүшүм, көзүнө жаш алганын. Эч нерсе дей албай кучагына бой урдум. Айдар жаңылышат. Бизнесин кыйратып, күйөөсүн кедей кылып койсом эле Айдай бутума жыгылып келет деп ойлосо керек. Бирок менин байлыгым Элдардын бизнеси эмес, мына менин байлыгым! Мен анын кучагында турам. Буга чейин далай ирет жыгылып, сынып, банкрот болуп кайра эле бутуна турган, эми деле турат. Эң башкысы, мына азыр бутунда турганы. Менин таянар тоом азыр жылмайып, Искентайым экөөбүздү кучактап, жыттап турат. Ушундай күчтүү колдоочум турганда мени эч ким, эч нерсе коркута албайт. Бизде баары жакшы болот, ишенип коюңуздар. Мен Элдардай күйөөгө татыктуу аял болом. Аа, унутуп бараткан турбаймынбы, жакында Искентайым бөбөктүү болот.

(Аягы)

Жазгүл Калыева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
04.07.2011. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охо дагы копко улагатго бул чыгарма!!уландысын дагы куттобуз,
04.07.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kylym, Ayagy dep atsa kaidagy ulandysy.Buttu Aidai akylyna kirdi kuioosun syilap jashap kaldy.
04.07.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аий мен биринчилерден болуп жаза окшойм ээ? мен да кадимкидей суйунуп козумдон жаш чыгып кеткенин байкабай калыпмын!!! ОО Кудай озун колдой кор алсыз пенделеринди!!!
04.07.2011. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmm jakshu ayaktaganu ele jakshu boldu , a to baspay kalat go dedim ele.
04.07.2011. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарманын суротун коруп башкача "финишти" кутуп жаткам.
04.07.2011. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айагы конулду бутуптур
04.07.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy boluptur, Arstandyn olgonu gana jaman...
04.07.2011. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мисалы элдар барат айдар менен жолугущат айдар арстанды суйорун айтат анан ал баланы алып калып айдайды кууп чыгат анан айдай айдардан оч алат ошентип улантып кете берсе болмок
04.07.2011. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айдай арстанды суйорун элдарга айтат айдар
04.07.2011. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдар,Эльдар-менин балдарымдын аттары.Все хорошо,когда хорошо кончается.
05.07.2011. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп чыгып айабай кубандым... Окуп чыгып айабай кубандым...
05.07.2011. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne butup kaldyby? Kinonun ayagyna jetpei ele svet o4kondoi bolup kalyptyr
05.07.2011. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарманын аягы мындай бүтөт деп күтпөдүм эле. Айдайдын бактысы тоодой экен. Кубаныч менен бүткөнү жакшы болду.
05.07.2011. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тибеттик табыпка ырахмат!
05.07.2011. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай акылына келдин,азаматсын!
05.07.2011. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бутуптур
05.07.2011. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор да озу жаза берип тажап кеткенби,кыскача эле болуп бутуп калыптыр че то.Айдай суротундо сулайып жатса ,акырында баары олуп озу таллада жалгыз жатат го дегем.Жакшы жакшы аяктаптыр,тынч эле
06.07.2011. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арыстан байкуш унутулуп эле калып кетти го,
07.07.2011. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mastana, олгондун озунун шору деп ошонучун айтышса керек:(
07.07.2011. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men putotdep oilogon emesmin dagy ulandysy barbeken
09.07.2011. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыры кызыксыз болуп эле бутуп калыптыр го, бутот деп ойлогон эмес элем, дагы уландысы бар бекен?
27.07.2011. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ вообще жакпады, эптеп бутуруп эле коюптур, чыгарманын чыныгы озогуно жетпептир, идея жакшы эле башталган. акыркы сериалары ото супсак болуп кеткен. окурмандар дагы эптеп качан бутот деп кутуп калышкан. автордун айтайын деген максаты толук кандуу жетилбей калган.
каармандар боюнча айтып отсом, Айдай болсо калпеле суйуу деп коёт, аны байлык чынында эле кызыктырат экен. Элдардын образы туура эле чагылдырылган.
10.12.2011. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstandyn olgonu ele jakpai kaldy!Arstandai akylduu,Arstandai suyuugo turuktuu birok omurluu kyrgyzdyn jigitteri koboiso eken,dep oilop kettim.
26.11.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы коргон кыргызча сериал))))
4жыл мурун окуптурмун)))бирок унута элекмин)))дагы да кайталап окуп чыккым келе берет
16.11.2016. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер инфо ушул текст боюнча фильм тартылса ото сапаттуу, жакшы фильм болот деп ойлойм. Мен азыр эле буттум окуп. Силерде мумкунчулук бар ошондуктан фильмин тартканга аракет кылсанар жакшы болот.
16.11.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akil.91,саламатсызбы! Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо