Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сапар Эркебаев: «ЫРДАН КИЙИН КЫЗДЫН ТУРМУШУ БУЗУЛУП...»

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Бир жылдары жаштар “жалдыратпачы сен мени, суранам...” деп кыңылдап ырдап калышты эле. Бул саптар Сапар Эркебаевдин "Жалдыратпа" деген ырынан экенин билсеңиздер керек. Ал ырдын тарыхын Сапар өзү баяндап берсин.

– Ыр 2007-жылы жазылган, автору – классташым. Анын сүйгөн кызы башка бай жигитке турмушка чыгып кеткен эле. Ал окуя төмөнкүчө болуптур:
Досум мектепте окуп жүргөн кезде бир кызды жактырып, экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшөт. Алардын мамилесин мектеп боюнча баары билчү. Бирок кыз клиптегидей болуп башкага турмушка чыгып кетет. Ошондо ал кайгыга батып, ушул ырын жазган экен.
Бизде Кара-Сууда колунда барлар мектепти бүтөрү менен эле атасынын шарапаты астында үйлөнүп алышчу. Досумдун сүйгөн кызы да бир байдын келини болду. Классташым мурунтан эле ыр жазып, комуз чертип калчу. Мага бир күнү келип, сүйгөн кызы башкага турмушка чыгып кеткенин айтты. Ошондо “сүйүүң тууралуу ыр кылып жазбайсыңбы?” деп сунуштагам. Кийин мага ырды көтөрүп келиптир, “ушуну ырдап чыксаң” деп. Аны алып Урмат Усеновго бир аз оңдотуп, ырдап калдым.
Ыр чыккандан кийин кыздын күйөөсү билип калып, ортодо чыр да чыккан экен. Менин ырымдын айынан деп өзүмдү күнөөлөгүм келбейт, бирок кыздын турмушу бузулуптур.
Бир жолу шаардан аны жолуктуруп калгам. Ал: “Ырды чын эле мага арнап жазган беле?"- дейт. “Ооба”,- десем, “эмнеге өзүмдү эле клипке тарткан жоксуңар?” деп тамашалап калды. Ал эми жигитин таштап, башкага кеткенин, “мен эч нерсени чечпейм да, ата-энем менин ордума тагдырымды чечип коюшту. Бирок ажырашканыма сенин тиешең жок ” деп айтты.
Досум эгерде ошондо колунда болуп, бай турганда, балким, минтип өзүнүн жүрөгү жараланып, экинчи жактан сүйгөн кызынын тагдыры да бузулмак эместир...
Жалдыратып сен мени,
Жыргалга батып кеттиң окшойт эми.
Сүйүүмдү сен кор кылып,
Таштадың туңгуюкка жалгыз мени...- деген саптары дал ошол сүйүүдөн катуу жараланган кезде жаралган. Эми болсо ырдын автору үй-бүлөлүү, бактылуу ата.

("Жалдыратпа" аттуу клипти бул жерден көрө аласыздар)

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(5)
04.07.2011. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапар семирип кеткенби я?
05.07.2011. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ыр мага абдан жагат. Сапар - сизге ийгилик.
05.07.2011. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ыр экен! Сапар байке чыгармачылык ийгилик каалайм
05.07.2011. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек Карымовго окшоп калган го.
06.07.2011. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жагат ушул ыр... Кара-кара коздорун жалдыратты мени мынчалыыык....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо