Дархан Эшеналиев: «КЫРГЫЗЧА БИЛБЕГЕН КЫЗДАРГА ЖИНИМ КЕЛЕТ»

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Гу Чжун Пёго турмушка чыгууну кыялданып жүргөн кыздардын эсине: Бизде да андан кем калышпаган жигит бар. Ал – кадимки эле ырчы жана актёр Дархан.

Жарыкка келип ата-энесин кубанткан күн – 1988-жыл, 5-июнь.
Туулган жери – Талас шаары. Кара-Балтанын Сосновка айылында чоңойгон. Учурда Бишкек шаарында жашайт.
Салмагы – 70 килограмм.
Бою – 183 сантиметр.
Бут кийиминин өлчөмү – 43.
Спортко болгон мамилеси – Волейбол, баскетболду катыра ойнойт.
Фобиясы – Чагылган жана бороон.
Материалдык байлыгы – Үйү, машинасы бар. Обон жазып акча табат.
Сүйүктүүсү үчүн жардан секирүүдөн башкасынын баарын кылат.
Учурда Улуттук университеттин алдындагы Башкаруу жана бизнес институтунун акыркы курсунда окуйт. Келечектеги менеджер.

– Дархан, куш келипсиң. Акыркы жаңылыктарың менен бөлүшө кетсең...
– Рахмат! Чыгармачылыгымдагы чоң жаңылык – кино жаатында өзүмдү актёр катары сынай алганым болду окшойт. Ал эми учурда “Эне заты” деген ырыма клип тартуу менен алекмин. Бул клип Кыргызстанда биринчилерден болуп 3D форматында тартылып жатат. Буюрса, июль айынын аягында көрөрмандарга тартуулайм.
– Жакшы жаңылыктарың бар экен. Кино демекчи, актёрлук колуңдан келет бекен?
– Эми чыгармачыл адамдардын көбү эле жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө актёр болушса керек. Мен актёр болууну кичинекейимден кыялданып жүрчүмүн. Буюрса, бул кесипке баш бактым деп айта алам. Эми мындан кийин ырчылыкты да, актёрлукту да чогуу алып кетейин деп бел байлап турам.
– Кел эми, кыздар жөнүндө сүйлөшөлү. Азыр сен бойдоксуңбу же...
– Ооба, бойдокмун. Сүйлөшкөн кызым да жок. Кара көзүмдү таба элекмин.
– Таптакыр кыз колун кармап көргөн эмесмин дебесең керек. Дегеним, буга чейин канча кыз менен мамиле түзүп көргөнсүң?
– Албетте, кыздар менен сүйлөшкөм. Алгачкы жолу 5-классымда бир кызды жактыргам. Ал кыз биздин мектепке Бишкектен келген. Аны бир көрүп эле жактырып калгам. Ишенесиңерби, көпкө чейин аны менен таанышмак тургай жанына бара албай койгом. Бир күнү болгон эркимди жыйып барып таанышкам. Экөөбүз сабактан кийин дайыма чогуу сейилдечүбүз. Чынын айтсам, бул балалык сүйүүм экен.
– Ал эми чындап сүйүүнүн даамын кандайча таттың?
– 10-классты бүтүп жатканда алгачкы сүйүүмө жолуккам. Ал кыздын аты Махабат болчу. Экөөбүз эки жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Бирок сүйүүбүзгө ал кыздын башка жигитке турмушка чыгып кетүүсү менен чекит коюлду.
– Алгачкы сүйүүң үчүн күрөшкөн жоксуңбу?
– Балдар менен отурсам, алар “кызың башкага турмушка чыгып кетиптир” деп жатышпайбы. Ошол жерден абдан жаман болуп турсам да, балдардын алдында өзүмдү кармадым. Ал кыздын тагдырына мен эмес, ошол жигит жазылса керек. Алып кетем десем деле болмок. Бирок бир үй-бүлөнү бузуу мен үчүн жат көрүнүш. Ошол окуядан кийин баш-отум менен музыкага кирип кеттим. Негизи, менин мүнөзүм оор. Көп адамдар менен сүйлөшүп кете албайм.
– Кыялыңдагы кызды сүрөттөп бербейсиңби?
– Бою узун, кашы-көзү кара, арык чырай, ак жүздүү болсо дейм. Сөзсүз кыргыз тилин мыкты билиши керек. Кыргызча билбеген кыздарга жиним келет.
Кыскасы, Мишель Йео деген кытай актрисасы бар. Бул актрисага окшош кыз менин жүрөгүмдү багынта алат деп айта алам.
– Болочок келинчегиңди тандоодо ата-энеңдин сын-пикирин угасыңбы? Ата-энең тууралуу кыскача айта кетсең?
– Ата-энем пикир келишпестиктен улам эки ача жолго түшүшкөн. Учурда апам эки карындашым менен чет мамлекетте турат. Алар менен күндө телефон аркылуу байланышам. Атама болсо жолугуп, анын кеп-кеңешин угуп турам. Апам “улуту башка кызды тандасаң да каршы болбойм. Эң негизгиси, сага жакса болду” деп айтат. Ошондуктан кыз тандоодо өз жүрөгүмө ишенем.
– Бир үйдө жалгыз турсаң, өзүң мырза болсоң...
– Сурооңузду түшүндүм. Үй оокаттарынын баарын өзүм эле жасайм. Кир жууйм, тамак жасайм. Тамактардан манты менен палоону эле жакшы окшоштура албай койдум. Айылда жүргөндө камыр жууруп, нан бышырчумун. Нан сатып жегенгеби, камыр жуурганды азыр унутуп бара жатам.
– Кыргызда күйөө баланы кой сойдуруп сынайт эмеспи. Бул сындан өтө аласыңбы?
– Бир жолу Нарынга гастролго барганда “кичүүсү экенсиң, устукан тарт” деп табакты мага жылдырып жатышпайбы. Ошончо элдин арасында абдан уят болдум. Ошондон кийин бычак курчуткандан баштап эт тарткандан бери үйрөндүм.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Менин дүйнөм - Дархан Эшеналиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(29)
04.07.2011. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да жаман кором кыргыз жаран кыргызча тантыраганда..........молодец ушул созун учун !!!
04.07.2011. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz elinin elitasy je kozgo korunuktuu lideri bolom degen adam al kaalayby kaalabayby sossuz Kyrgyz tilin biluusu kerek jana suyuwu kerek
04.07.2011. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дархан - азаматсын!!!
04.07.2011. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тим эле заматта актер боло калат,блин ошол кинону корсонор ,вообще тужта ага караганда Свет аке сто раз лучше
04.07.2011. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дархан сени Эркайым коро элек экен.
04.07.2011. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм , кыргызча билбеген кыздар жакпайт дегени менен...Апам мындай деди, андай деди деп жатпайбы...эмне жакшылап окуп чыкпадынарбы? Бул Дархандын оюнда кыргыз кыздар эмес, каяктагы капырлар...
10.07.2011. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tahmina, сага кошулам!кыргызча билбеген кыздар деп патриот болуп чыга келишет...мишель йео деп мурду асманда:кыргыздын жакшынакай кыздарынын бири мандайыма жазылгандыр дебейби!ууф ушу жылдыздар
04.07.2011. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И вообще он похож на обычного ТОРТИКА
05.07.2011. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay jyldyz bolup ketiptir, asmandan bir az jerge tushson
SUPER.KG видео
05.07.2011. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негедир Дарханды жалаң орусча сүйлөгөн, көпкөлөң жигит экен деп жаңылып жүрүптүрмүн. Кыргызча так жана туура сүйлөгөнү жакты, азамат!
SUPER.KG видео
05.07.2011. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен бул адамды биринчи көрүшүм. Мактанганы жаккан жок.
SUPER.KG видео
05.07.2011. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты жигит турбайбы))) Суйуп калдым)
05.07.2011. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер уялсанар боло Дарханды жамандагандан. Дархан жаны формат экен. Азаматсын.
SUPER.KG видео
05.07.2011. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozu dele 100 prozent kyrgyzcha sujlobojt eken, birinchi ozu probejka, zagranizalardy tuura sujlobojbu
SUPER.KG видео
05.07.2011. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Дархан
SUPER.KG видео
05.07.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздын эле Влад Кадониси болуп калыптыр, кара кийинип, тоже мне черный маг)
06.07.2011. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga ushunday adamdar jagat oor basyryktuu,kyialkech,jan duynosu bay.Iygilik saga maga jakty Darhan!A kyrgyz tilin bilbegen kyrgyz al al aaal anda KIRGRZ ee!!!
SUPER.KG видео
06.07.2011. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Degi adamga adam jagaby?Silerge kandai adam jagat boldu eken?tim ozunor kemchiliksiz adamsynar... :(
06.07.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кыргыздын жигиттери "ГУН ЖИН ПЁ " болуп алганын иттей жаман кором. Кырктыр чачынды!!!
06.07.2011. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал чачынды желмогуз кемпирдей болбой кыздарды жамандаба озун кызга окшоп
07.07.2011. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, туура айтасын. Мага да жакпайт ушундай кыргыз болуп туруп орусча тантыраган ЛОХ кыздар.
08.07.2011. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
andaj orus4a byljyragan kirgizkalardy-"bashy jok mangkurt dep kojsonooor okshoshup kalat!
Darchan ishine ijgilik,jakshy oj-tiklekterin bar eken.
09.07.2011. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООммеейй кыргыздар ушул биз буроону жамандаганга устабыз да, эртен сенин дагы тууганын ушинтип чыга келсе анда жакшы деп чыгасын, убак сааты келип бир нерсе болсо анда дагы жамандайсын да ээ.Жакшы эмесби бизден дагы талантуу адам чыгып жаткандары кучун,талантын барбы силер дагы чыкыла колундан келбейтби анда жазба жамандабай.Мисалы мен ал балага ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
01.08.2011. 04:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дархан молодец брат, жакшы бала
11.09.2011. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy bala ekensin, abdan jaktyn maga Darhan!

SUPER.KG видео
17.05.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага жонокойлугу,жалжандабаганы абдан жакты.
SUPER.KG видео
09.06.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой мага Дархан аябай жакты, токтоо жана жонокой адам экен.Ар бир баскан кадамын ийгиликтер менен кошотолсун, Дархан бар бол аман бол...
SUPER.KG видео
06.11.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Дархан, мен сени жакшы кором ырчы катары:))) аябай жонокой адамсын... Бирок азыр журогундун ээси кыргыздын кызы эмес экендигин билем... суйуунун козу кор да э, бактылуу бол!
SUPER.KG видео
09.02.2013. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге адамдардын катасын тапканды жашка коробуз биз кыргыздар билбейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо