Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эркин Эгембердиев: «АДАМ БОЛУШ АСТА-АСТА, ЫРЧЫ БОЛУШ БИР ПАСТА»

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Жаңы клип

“Дем” театрынын актёру Эркин Эгембердиев да ырчылыкка кайдигер карай албаптыр. Ал Бакыт (Баха) аттуу жигит менен “Звездамын” деген ырды ырдап чыгып, элдин купулуна толду.

Клиптин аталышы – “Звездамын”
Режиссёру жана оператору – Алтынбек Максутов, Нурбек Токтосунов
Кеткен каражаты – 800 доллар
Тартылган жери – Бишкек шаары
Узактыгы – 3 мүнөт 9 секунд

“ЫРЧЫЛАР ООЗ КӨПТҮРҮП СҮЙЛӨШПӨСӨ”
– Биздин тамашалуу клип ырчылардын жашоосунун бир үзүмүн чагылдырат. Бир жолу мен тааныбаган эле ырчынын кызуу болуп алып “мен жылдызмын” деген мааниде мактанып сүйлөп жатканын угуп калдым. Андан кийин деле андай көрүнүштөрдү бир канча ирет кезиктирдим. Ошондон кийин “неге адамдар адам бойдон сакталбай, өзгөрүп кетишет?” деген ойлор менен түйшөлүп, бассам-турсам ойлоно берчү болдум. Чынында, азыркы ырчылардын үй-бүлөсү, баласы бар болсо деле жашырып жүргөндөрүнө күбө болуп жатпайбызбы. Андыктан ушул маселелерди козгогон ыр жараткым келген. Адам болуш аста-аста, жылдыз болуш бир паста эмеспи. Жылдызбы же жөнөкөй эле ырчыбы, айтор, ооз көптүрүп сүйлөшпөсө деген эле тилек. Ыр, клип аркылуу мына ушуну ырчыларга жеткиргим келди.

“ТАЛКУУ ЖАРАТСА, ДЕМЕК, ЖАКТЫ”
– Алгач клипке популярдуу ырчыларды катыштырып тартайын дегем. Бирок алар, жогоруда айткандай, өзүлөрүн жылдыз сезип келбей коюшса кантем деп чочуладым да, жөнөкөй эле элди чогултуп тартып салдык. Массовка менен иштеген оор экен, калган иштерди оңой-олтоң эле алып кеттик. Ырчынын продюсери менен мушташып кеткен жери бар болчу, кийин монтаждалып жатканда негедир жакпай калып, аны алып салууга туура келди. Эки күн бою түнкү саат төрткө чейин тартып бүтүрдүк. Мен ырчынын ролун аткарсам, журналисттин ролуна Искусство институтунда окуган Баха аттуу тааныш жигитти тандап алгам. Учурда кээ бир ырчылар “бетке айтыптырсың” деп жатышат. Балким, артымдан сөз кылып да жатышкандыр. Клип көп талкуу жаратса, демек, элге жакты деп эсептейм.

("Звезданмын" деген ырдын клибин бул жерден көрө аласыз)

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(4)
04.07.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura danazalashkan, molodzy!
05.07.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молдес,Баха
08.07.2011. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eng tuura syndagan kritikaluu yr eken.Mmm,bizdin yr4ylar katuu ojlonup kalyshsa kerek.
10.07.2011. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасын. Ыр,клип жеткен ЗВЕЗДАГА жеткендир!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо