АКЫЛСЫЗ КАРЫШКЫР

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Жомоктор дүйнөсүндө

Илгери-илгери бир акылсыз карышкыр болгон экен. Бир күнү ал ачка болуп, аң уулаганы чыгат. Аңгыча эчкинин оттоп жүргөнүн байкайт. Ага жакын келип:
– Эй эчки! Мен сени жейм!- деп каарданат.
– Макул, жесең же, бирок мен картаңмын, сакалымды көрдүңбү? Менин этим катуу. Андан көрө мен үйгө барып, сага кызымды жиберейин. Анын эти жаш, даамдуу,- дейт эчки кууланып.
Карышкыр эчкинин сакалын карап көрүп, сөзүнө ишенет да, кызын күтүүгө макул болот. Ал эми эчки кеткен бойдон же кызын жибербей, же өзү келбей, из суутат. Ошентип, ал күнү акылсыз карышкыр эчкиге алданып, ачка калат.
Эртеси кайрадан аң уулаганы чыгып, козуну жолуктурат.
– Эй козу, мен сени жейм! Сен жашсың, этиң даамдуу!- деп ага да каарын көргөзүп калат, ачка болуп турган жаны.
– Мейли, жесең же. Бирок мага акыркы жолу бийлеп алууга мүмкүнчүлүк бер!- деп суранат.
Бийин көрүп, анан жегенге макул болгон карышкыр козуну карап отуруп калат. Козу карышкырды айлана бийлеп кирет. Айлана берет, айлана берет. Анан айлананы улам чоңойтуп отуруп өз тобуна кошулуп кетет. Анын бийине кызыгып карап отуруп аңкоо карышкыр козуну да колдон чыгарат.
Эртеси да курсактын айласынан баягы карышкыр бир үйүр жылкынын тарабына келип, аңдып жатып калат. Ылайыгы келген маалда бир жылкыны мээлеп барып:
– Эй жылкы, азыр мен сени жейм!- дейт.
– Мейли, жесең да арткы бутумдан баштап жечи, башым кичине болсо да оттоп турсун,- дейт кууланып жылкы.
Карышкыр жылкынын аягынан баштап жейин дегенде жылкы аны жара тээп өлтүргөн экен.

Салтанат Мукасова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
08.07.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен балдарым кичинекейинде ушул жомокту айтып берип кичинекей кызым карышкырга боору ооруп ыйлаганы эсимде.Мен айткан жомокто карышкырды бечара кылып айтып берчумун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо