Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Эрмек Нурбаев: «ЧОЛПОНДУ АПРЕЛДЕ ЭЛЕ БРОНДОП КОЙГОМ»

№452 1-7-июль, 2011-жыл

Кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен тыгыз иштешкендиктен, көпчүлүгүнүн кулк-мүнөзүн, эл адында кандай да, чыныгы жүзү кандайын көрүп-билип жүрөбүз. Бул жигит улуу-кичүүгө сый мамилесинен жазбайт, тамашакөй, бирок эч качан чектен чыгып, тамашадан мазакка өтпөйт. Мына ушул мыкты жигит түгөйүн тапты. Кайдан, кандайча тапты, өзүнөн сурап-билели.

– Эрмек, сөздү кыргыздын салты менен куш боо бек болсун деп баштайлы. Түгөйлүү болуш кандай экен? Көнүп калдыңбы же дале уйкудан ойгонгондо чочуп жатасыңбы?
– Түшүнүктүү, көңүлүң каалап турган адамга туш болсоң түгөйлүү турмуш жагымдуу экен. Ыңгайсыздык жараткан жок.
– Келиндүү болгонуна баарыңан да апаң кубанып жатса керек. “Кызым жок” деп капа болот” дечү элең...
– Биз үч бир тууганбыз. Үч эркек. Үчөөбүз тең бой жеткен, өз жумуштарыбыз менен алек болуп жүрөбүз. Ошондуктан башыбыз бириккен жерден эле атам менен апам “качан үйлөнөсүңөр, бизди качан неберелүү кыласыңар?” деген маселени кабыргасынан коюшчу. Айрыкча бул сөздөр Тилек байкемдин кулагынын кужурун алып келе жаткан. “Мен бир жакшы кыз менен тааныштым” деп четин эле чыгарсам, атам менен апам илип кетишти. “Тамашоудо”, кийинүүчү бөлмөдө апам менен Чолпон бет келишип калгандыктан, экөөнү тааныштырсам, апам ошол эле жерден Чолпонду кучактап, ыйлап жиберип жатпайбы. Ошентип, мен тандаган кыз апама бир көргөндө эле жакты.
– Айланаңда көп эле сулуулар жүрөт. Алардын арасынан Чолпонду качан, кантип таап алдың?
– Чолпон менден 4 жашка кичүү. Банк кызматкери. Качан, кантип таанышканыбыз экөөбүздүн кичинекей сырыбыз бойдон калсын. Алгач телефон аркылуу сүйлөшүп жүрдүк. Кайсы тарапта, кайсы үйдө жашаарын болжолдоп билер элем. Бир күнү жашоодо кандай кыз экенин көргүм келип, ал жашаган үй жакка барып, телефон чалып калдым, “чык” деп. Аным болсо “чыкпайм, атам урушат” дейт. Саат кечки тогуз болчу. Таң калдым. Ал терезеде, мен жерде туруп алып 3 саатча сүйлөштүк. Бир телефондо бирдик бүтүп калса, экинчисинен чалам, аным да бүтүп калса, кайра бирдик салып келем, айтор, кызык эле болгон. Бир күнү машыгуудан тердеп, чарчап чыксам, душта бир топ адам кезекте турат. А мен “Лотого” тартылышым керек эле. Үйгө ошол тердеген боюнча жөнөп калдым. Чолпондун үйү тараптан өтүп баратып өңүн терезеден болсо да көргүм келди. Жанагыдай кебетем менен жолугушмак эмесмин да. Чалсам, “эмне, келдиңби?” дейт. “Ии” десем эле “азыр чыгам” деп калбадыбы. Мен шортычан, тердеп-кургап алгам. “Чыкпа” дедим, “неге?” деп таң калат. Шортычан экенимди, тердеп алганымды айтсам, “биз эмне, кучакташмак белек” деп өчүрдү. Анан “сени кычыраган костюм-шымчан эмес, жөн гана өзүңдү көргүм келет” деп көңүлүмдү жайгарып койду. Ага чейин сүрөттөрүн көрүп жүргөм. Өзү сүрөттөгүдөн да жагымдуу, татына кыз экен.
– Анан бат эле үйлөнүп алдың...
– Чолпон да 3 бир тууган экен. Эки агасы бар, үйдө жалгыз, атасынын эрке кызы. Эркелеткени менен, атасы абдан катуу кармайт. Экөөбүзгө чогуу кечелерге, майрамдарга баруу кыйын эле болду. Ойлонуп көрүп, ата-энеси менен таанышайын деп чечтим. Жөн гана көңүл ачуу эмес, Чолпонго мамилем олуттуу экенин билдирдим. Мени түшүнгөн атамдар болсо барып, таанышып, апрель айында Чолпонго сөйкө салып келишти. Ошентип, апрелде эле «брондоп» алгам, Чолпонду. Чынында, күзүндө үйлөнөлү дегенбиз. Бирок жайында көп жактарга барууну пландап калдым. Өзүм жалгыз эмес, Чолпон менен чогуу баргым келди. Анан тойду июнга белгилеп, кылчу салтынын баарын жасап, үйлөндүк.
– “Биринчи агам үйлөнсүн, анан мен” дечү элең. Күтүүгө чыдам жетпей кеттиби?
– Үйлөнөм деп шашкан деле жерим жок болчу. Ал сөздү айтып жүргөн кезимде өзүм деле андай жоопкерчиликке даяр эмес болсом керек. Балким, агамды шылтоо тутуп келгендирмин. Ачыгын айтканда, атам менен апама боорум ачыды. Калп айтпасам, 5 жылдан бери Тилек байкемди “үйлөн” дей берип чарчашты. Кээде али төрөлө элек неберелерди талашып, кызганып, экөө таарынышып кетишет. Үчөөбүздүн кичинекейибиздеги жакшы-жакшы кийимдерибизди, атүгүл оюнчуктарыбызды неберелерге деп сактап отурушат. Өзүм да балдарды аябай жакшы көрөм, балалуу болгум келет. Мына ошол нерселер мени “үйлөнүү керек” деген чечимге алып келди.
Кара-Балтага баратып Тилек байкем экөөбүз ачык сүйлөштүк, уруксат алдым. Анан атамдарга барып айттык.
Издегениң, өмүрдү чогуу өткөзүүнү каалаганың ушул кыз экенине качан көзүң жетти? Ушул кызга үйлөнсөм деген ой качан келди?
– Жигит болгон соң кыздын келбети, кебетеси, баскан-турганы, сүйлөгөнүнө баам саласың, байкайсың дегендей. Бир көргөндө эле ал мага абдан жакты. Айрыкча менин статусума эмес, өзүмө кызыгып, мени кадимки катардагы жигит катары кабыл алганы өзгөчө жагып, көңүлүмдү кытыгылап туруп алды. Калганы бат эле болуп кетти.
– Азыр сени ити чөп жеп турган ийгиликтүү мырза деп билишет. Ийгилик кушу сени жактырабы же аны кыйынчылыктар менен кармап жүрөсүңбү?
– Кандай иш болбосун, бизнестеби, шоу дүйнөдөбү, достор арасындабы, адамгерчилик биринчи орунда болуу керек. Жеке өзүң гана пайда табуунун аракетинде, бирөөлөрдү пайдаланып кетүүнү көздөсөң, алыска барбайсың. Мен ошондой иш тутам. Мына мисалы, “Тамашоу” 2008-жылы ачылды, бирок ой 2 жыл мурун эле келген. “Неге Кыргызстанда кыргызча эмес, орусча КВН ойношубуз керек?” деп баш катырчумун. Ошол кезде КТРди Мелис Эшимканов жетектеп турган. Долбоор тууралуу айтсам колдоду. Анан “Супер-Инфого” келдим. Кылычбек байке да иштешүүгө, колдоого макулдугун берди. Экөөнөн соң “Миң кыялга”, Тынчтык байкеге бардым. Мына ошол үч күчтүү колдоонун арты менен баштап жибердик. Ушул күнгө чейин аталган өнөктөштөр менен мамилени бузбай, үзүрлүү иштешип келе жатабыз. Менин турмуштан алган сабагым да ушундай. Ийгиликке жетип, ишимден майнап чыгарам десең, адамгерчиликти биринчи орунга кой. Мамилеге так бол.
“Тамашоудо” тартип катуубу?
– Ооба, катуу, бирок чектен чыкпайт. Жаңы баштаганда сиздердин гезит аркылуу кастинг жарыялап, анан айтылган дарекке жалгыз өзүм барып алып күтүп турар элем. Бир бала келеби, он бала келеби, долбоор жөнүндө эки саат сүйлөп берчүмүн. Мына ошол кезде өзүнө ишенкиребей же жөн гана кызыгуу менен келген балдар азыр өсүп-жетилип, интервьюларды бере башташты. Өз алдынча иштеп, акча тапканга үйрөнүштү. Аларды карап отуруп, кадимкидей жыргап сүйүнөм.
Өзүм материалдык байлыкка жутуна бербейм. Көбүрөөк жан дүйнөмдү өстүрүүгө, байытууга аракет кылам. Экөөнү чогуу алып кетүүгө алың жетсе андан жакшы. Азыр мен материалдык жагына караганда моралдык жактан баймын. Өзүмчө эле Билл Гейтсмин.

Шаиста Шатманова
star@super.kg


Маек - Эрмек Нурбаев:"Ооба, үйлөндүм."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(66)
05.07.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Julduzduu kyz eken Baktuluu bolgula
05.07.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы татынакай экен, тошу гана жок экен.
05.07.2011. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikluha, сиз айткандан башка жеринде кемчилигин таппадынызбы?!ХД))))))
19.07.2011. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
klara, сен таптынбы?
05.07.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу, ыймандуу жаштардан болгула!
05.07.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боо бек болсун!!!
Кыргыздын бактылуу уй-булолорун толуктагыла! Абдан жакшы жуп экенсинер коргон кишиге, ич ара жашоонор топ келишкен болсун!
Чолпон мага озгочо жакты: азыркы муундун жаш кыздарына окшош эмес, накта кыргыздын аяк затынын жузу экен эки муун мурдараак болгон. Таттубуб эжеге окшошуп кетет экен кебетеси. Токтоо, акыл-эстуу, жакшы тарбия коргон кыз экени корунуп турат, ошондой эле деп ишенем, не болсо да бактылуу болгула!
Нурбек чет элде жургон мекендештерге айтка
05.07.2011. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айткан саламына рахмат, сага да алыскы Европадан салам.
05.07.2011. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыймандуу экенин бир кудай билет
05.07.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун! Ийгилик сизге.
06.07.2011. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soz jok!!!
06.07.2011. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол Эрмек.
06.07.2011. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да Таттыбубу Турсунбаева эжебизге окшоштургам да биринчи эле коргонумдо.Бакыт,суйуу каалайммен да Таттыбубу Турсунбаева эжебизге окшоштургам да биринчи эле коргонумдо.Бакыт,суйуу каалайм
07.07.2011. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
07.07.2011. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу болуш учун созсуз эле Таттыбубу Турсунбаевага окшош болуш керекби?! Сулуу кыз корсонор эле ошого салыштыра бересинерби?! Ар кимдин озунун Кудай берген озунчо сулуулугу болот да, элим!
08.07.2011. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
klara, aga emne an4a teriktiniz?! "sozsyz okshosh bolush kerek" dep chaptagan kishi jok, okshoshup ketet bir korgon kishige bet tyspoly- okshoshturuldu, siz oz ojunuzdu jassanyz jetishtyy, biroony yirotpoy.
08.07.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuray, мен сизге айткан жокмун."Таттыбубу эжебиздей сулуу эмес экен"-деп жатышпайбы, ошого "ар кимдин озунун кудай берген сулуулугу болот. Ага салыштырбагыла!"-деп жатам.
08.07.2011. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек сага үйбүлөөлүк кең бакыт каалаймын жана ишиңе ийгилик
08.07.2011. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da sendei bolup omurluk jarymdy tapkym kelet,baktyluu bolgula.
08.07.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuttuktajbyz!Jyrgalduu kundordu kaalajbyz!Asmanynar a4yk bolsun!
Germanijadan salam!:)
09.07.2011. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жаш бактылуу болушсун!
09.07.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун!
09.07.2011. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колунуздар эч качан узулбосун!БАКТЫЛУУ БОЛГУЛА...!!!
09.07.2011. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрмек куш боон бек болсун! Бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
24.07.2011. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula
SUPER.KG видео
24.07.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
o4en gramotniy 4elovek
26.07.2011. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lf i will be wife to ermek
SUPER.KG видео
10.09.2011. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
все грамотно и четко говорит молодец
SUPER.KG видео
10.09.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!Ата-энеңердин коптон куткон тилеги орундалып,эртереек неберелүү болушсун.Эрмек-кыргыз элибиз сыймыктана турган АЗАМАТ жигит,ийгилик!
SUPER.KG видео
10.09.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын.Бирди эки,экини уч кылат деген ушул да.Ак илечектуу кемпир,сары тиштуу абышка
болгуча бирге омур сургуло.Анан токсонго чыкканда,таягынды таянып,сакалынды сылап,кемпиринди колунан жетелеп ,,Тамашоуго,,келип,торундо отургула.
SUPER.KG видео
11.09.2011. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула, кармашкан колунар туболуко узулбой бирге болгула.
SUPER.KG видео
16.09.2011. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандайле кыздар ушундай Эрмектей болгон балдарга жолугат йа
SUPER.KG видео
01.10.2011. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ermek Kyrgyzstandy kotorolu degen sozundo tur eger yras bolso! jakynda men baram Kyrgyzstandy 4ogu kotorolu! Rahmat saga! Kyrgyz degen sendei bolso! Adisbek Kytai SHanxai
SUPER.KG видео
29.04.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур Эрмек байке экообузго окшош патриоттор коп болсо Кыргызстаныбыз онолот!Бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
07.06.2012. 05:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭРмекбай,бактылуу болгула!Астынарды бала бассын,арканарды мал бассын!!!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо