«КЫЗЫЛ ӨРҮК» КҮЧТҮҮБҮ ЖЕ «МӨНДҮРБҮ»?

№453 8-14-июль, 2011-жыл

«Элдин аягында жатып, түш оой турабыз» дешкен ырчылар бул жолу күндөгүдөн эрте ойгонушту. Эмнеге дебейсизби? Анткени биз алардын башын бириктирип, бир күн болсо да эс алып кетүүгө баш калаабыздагы сейил бактардын бирине чакырган элек. Бирок бул жөн гана эс алуу болбостон, бир топ оюн-зооктор, боор эзген тамашалар, жылдыздар даярдаган дасторкон жана жандуу ырлар менен коштолду. Анда, окурман, бул эс алуунун жүрүшүнө күбө болуңуз.

Бул күнкү оюндарга көзөмөл болуучу калыстын жана алпаруучунун милдетин бийчи Бакыт Байсариев алды. Жылдыздар эки топко бөлүнүп, өз командаларына ат тандап, аны чечмелеп беришти.

ТАШТАНДЫ ЧОГУЛТМАЙ
Эс алуубузга ыңгайлуу болсун дедиби, алпаруучу Бакыт дароо «1-сынак таштанды чогултмай. 2 мүнөттүн ичинде бул баштыктарга толтурасыңар» деп тапшырма берди. Бул мелдеште эки команда тең бирдей көлөмдө чогултушканына карабай, таштандынын “ассортименттүүлүгүнө” карап, “Кызыл өрүк” командасы утуп алды.

МҮШӨК МЕНЕН ЖАРЫШМАЙ
Команданын капитаны Роза менен Айнурадай болсо кана?! Эки ырчы команданын намысын коргоо үчүн бут кийимдерин чече сала коёндой секирип жөнөштү.
Мүшөккө чалындыбы же мүшөк чоңдук кылдыбы, айтор, бул оюнда сакадай жигитибиз Мирлан жерди бир кучактап турду. Жыйынтыгында «Мөндүр» командасы марага озуп жетти.

КАШЫК МЕНЕН ЖУМУРТКА ТАШУУ
Учурда жумуртканын кымбаттыгын эске алыштыбы же анан жейбиз дештиби, айтор, оюнчулар бирин да жерге түшүрүшкөн жок. Баарынан да бул оюнда жигиттердин япон кыздарына окшоп майда-майда кадам таштап басканы баарыбызды жылмайтты.

АРКАН МЕНЕН СЕКИРМЕЙ
Бул оюнга келгенде жылдыздардын экинчи деми ачылды бейм, бири-бирин кыйкырык-сүрөөн менен коштоп турушту. Анан да Юлянын арканды тескери айланта секиргени баарыбызга күлкү тартуулады.

“Жакшы адам тамак үстүнөн чыгат” деп ырчы Замир Арыкбаев кеч болсо да оюнчуларга келип кошулду. Жылдыздар “штрафной” дешип, буга чейин болгон тапшырмалардын баарын аткартышты.

МЫКТЫ АШПОЗЧУ
Оюндун акыркы шартын укканда баары жымыңдай түшүштү. Анткени түштөнүү убактысы келип, ары-бери чуркап ойногондуктан, курсактар үн сала баштаган эле. Эки команда бирдей өлчөмдө бөлүнгөн азыктардан 5 мүнөттүн ичинде 3 түрлүү салат даярдоосу шарт болчу. Бирок оюнчулардын фантазиясы ашып-ташып, 5 түргө чейин жеткиришип, аларга өз ысымдарын ыйгарышты. Даярдалган даамдардын көрүнүшү жагынан “Кызыл өрүк” мактоого арзыса, жегенге келгенде “Мөндүр” командасынын салаттары тамшанта алды.
Ошентип, оюндун жыйынтыгында «Кызыл өрүктү» кагып түшүрөбүз» деген «Мөндүр» командасына «Өрүктөр» туруштук берип, тең чыгышты. Оюнчулар эстеликке сүрөткө түшүп, селкинчек тебүүгө да жетишишти.

Бахияна Сатылганова, Дамира Арстанова
star@super.kg


Жылдыздар таймашы - "Кызыл өрүк" күчтүүбү же "мөндүрбү"?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
09.07.2011. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooo men birin4i yraaaa maga jaktyyy aaa Kyrgyzctandy cagyndym ii bizdin kyrgyzctandyktarga e4 kim jetpeitkoooo azamatcynaaaaar )))))
SUPER.KG видео
09.07.2011. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mendele esaluuga bargim kelipvaatat(((
SUPER.KG видео
09.07.2011. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охоооооооо сонун болуптурго, бизди деле чакырсанар барып кыйкырып колдоп турмакбыз, жаман экенсинер Супер инфо бизди чакырбай озунор ойной берет экенсинер.
11.07.2011. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосу катып калды гоо
12.07.2011. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болуптур сонун!
SUPER.KG видео
12.07.2011. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы болуптур, мага кап кийип алып чуркаган жери аябай жакты... азаматтар, дагы ушундай оюндарды кутобуз.
12.07.2011. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алдей кимисиники болду экен
12.07.2011. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ого.. Жылдыздарыбыз да чогулушуптурго форумчуларга окшоп.
SUPER.KG видео
12.07.2011. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылдыз, жылдыз деп коюшат, ушул энен дегенин ташташпайбы, кыргызбайлар
12.07.2011. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достоор моу арыык узуун бала ким эле?
SUPER.KG видео
13.07.2011. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жылдыздырдын таштанды жыйнаганы кызык болуптур
SUPER.KG видео
13.07.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy boluptur
14.07.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Тамашоунун" кыска жигити Мадияр деген
SUPER.KG видео
14.07.2011. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ильяз менен Бегимайдын ортосунда бирдеме бардайго))))...
SUPER.KG видео
11.09.2011. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakyt asmandan tushkongodeim. ene ene
SUPER.KG видео
25.12.2011. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))))
SUPER.KG видео
19.02.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay kiziktuu boluptur, super!!!
SUPER.KG видео
02.04.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай соонун болуптур.....Ийгилик силерге.
SUPER.KG видео
04.04.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ai iy. bizdin jyldyzdardyn figurasy kantat...
SUPER.KG видео
30.05.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne degen kamera,e4teke dele korungon jok,shibalip ele,super 1 jakshiraak tartkan kameranar jok bele????
SUPER.KG видео
26.08.2012. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kirgizstanim koozda. men sagindim
SUPER.KG видео
26.08.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Super info,ideyanar jakty baary sonun,azamattar!musor jyinaganga perchatkiner jok i norm kamera algylachy plz,korgondo betterin da korolu adamdardyn.Roza toluguraak bolso da sportsmenka eken bawkalarga karaganda molodec.
SUPER.KG видео
08.05.2013. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айиий жыргал! Азаматсыңар, айрыкча таштанды чогулткан кишини мен тим эле алтындай көрөм!
SUPER.KG видео
07.07.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ сураныч башында башталган ырды ким ырдайт каяктан кочурсо болот айтып койглучы?
SUPER.KG видео
08.07.2014. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат админ супер инфо !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо