Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№453 8-14-июль, 2011-жыл

АЯЛЫН БЕНЗИН КУЮП ӨРТТӨП ЖИБЕРГЕН
1-июлда таңкы саат алтыда Кең-Суу айылынын С.Раимбеков аттуу 27 жаштагы тургуну 26 жаштагы аялы М.Султанованы бензин куюп өрттөп жиберген. Натыйжада М.Султанова денесинен 70 пайыз күйүк алып, Ысык-Көл облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жеткирилген.

БИЗНЕСМЕНДИ ТОНОГОН КАРАКЧЫЛАР КОЛГО ТҮШТҮ
27-майда болжол менен түнкү саат бирлерде борбордогу кичирайондордун бириндеги үйдүн подъездинен азиат түспөлүндөгү белгисиз 4 адам Бишкек шаарынын тургунуна кол салышкан. 30 жаштагы бизнесмен бул маалда автоунаасын токтотуп, үйүнө кирип бараткан. Электрошок менен куралданган кылмышкерлер эч нерсе түшүндүрбөй эле бир нече жолу ток урдурушкан да, мамлекеттик номери жок ак түстөгү автоунаага салып алышып Сокулук районуна караштуу Жал айылынын жанындагы талаага алып барышкан. Аны сабап, квартирасынын ачкычын алып үйүнө барышып, бардык баалуу буюмдарды, анын ичинде үй ээсинин бут кийимдерине чейин алып кетишкен. Андан кийин бизнесменди байлап талаага таштап, белгисиз тарапты көздөй зуу коюшкан.
Жабырлануучу 40 миң сомдук ноутбугунан, эки уюлдук телефонунан, акча каражаттарынан, эсебинде 300 доллары бар банк картасынан жана автоунаасынын, квартирасынын ачкычынан айрылган. Жакында милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн операциянын натыйжасында бул каракчылыкка тиешеси бар деп шектелген үч жаран кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, төртүнчү кылмышкер изделүүдө.

БАҢГИЗАТ САТЫП БАЙЫЙМ ДЕДИ ЭЛЕ
3-июлда милиция кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусуна караштуу Шамалды-Сай айылында “баңгизаттарын мыйзамсыз сактаган” деп шектелген адам кармалды. У. аттуу 55 жаштагы жергиликтүү тургунду 10 килограмм 500 грамм марихуана менен колго түшүрүшкөн. Бул факт боюнча Жалал-Абад ОИИБинин тергөө бөлүмү иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

20 МИҢ БӨТӨЛКӨДӨН АШУУН ЖАСАЛМА АРАК ТАБЫЛДЫ
Спирт жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатуу мамлекеттик агенттиги Мамлекеттик каржы полициясы менен биргеликте алынган оперативдүү маалыматты текшерип көрүшкөн. Мунун натыйжасында Балыкчы шаарындагы “Ынтымак” акционердик коомунун аймагынан жашыруун арак жасоочу цех табылган.
Цехтен этикеткасында “Araks” деген жазуусу бар 20 миңден ашуун бөтөлкө чыгып, тартылып алынган. Ошондой эле шек жараткан 12 миңден ашуун акциз маркасын, металл пробкалар, дозаторлор, ар кандай арактардын этикеткаларын жана сертификаттардын көчүрмөлөрүн табышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

9 АЙЛЫК НАРИСТЕ СУУГА АГЫП КЕТТИ
4-июлда болжол менен саат алтыда Жайыл районунун Малтабар айылында Чоң Чүй каналына автоунаа түшүп кеткен. Автоунаанын айдоочусу жана анын 4 жаштагы уулу аман калып, аялы ошол жерде каза болгон. Машинада алардын 9 айлык наристеси да болгон, бирок ал кырсыктан кийин автоунаанын ичинде жок болуп чыккан. Учурда куткаруу кызматынын кызматкерлери наристенин денесин издешүүдө.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
12.07.2011. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын Бензин куйуп орттогучо ажырашып кетпейби десен
12.07.2011. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи машинага баланы салганда атайын баланы отургузган кресло болот ко ошону колдонуш керек, кырсык болгондо баланы аман калышына чон жардамы тиет.
12.07.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай эле сактасын баарыбызды.
Адамдарга алла озу ыйман берген болсун.
12.07.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара айдоочу, аялы менен 9 айлык баласынан айрылып кандай азап чегип жатса керек.Эмне себеп болуп түшүп кетти экен же өзү каттуу ылдамдыкта бара жатканбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо