6 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП ӨЛТҮРГӨН АЙБАН КАРМАЛДЫ

№453 8-14-июль, 2011-жыл

Өткөн аптада Ош шаарында уккандын жүрөгүнүн үшүн алган кылмыш катталган. Бир наадан 6 жаштагы наристе кызды зордуктап, муунтуп, башына катуу нерсе менен ургулап өлтүргөндүгү тууралуу кабар тараган. Бул иштин чоо-жайын билүү максатында атайын Ошко бардык. Секелек кызды өлтүргөн адам кармалганы менен, кыздын жакындары “тергөө туура эмес жүрүп жатат” деп нааразычылыгын билдиришти.

БУЛ БИРИНЧИСИ ЭМЕС
Эске салсак, 27-июнда болжол менен түнкү саат экилерде Ош шаарынын Завод көчөсүндөгү №3-үйдүн жер төлөсүнөн 2005-жылы туулган Абдилазиз кызы Гүлдананын денеси табылган. Текшерүүдө анын адегенде зордукталып, андан соң мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү аныкталды. Милиция кызматкерлери оперативдүү маалыматтардын негизинде аталган кылмышка шектүү деп 1984-жылы туулган Маматахунов Равшан Эркинович аттуу Ош шаарынын тургунун кармашкан.
Равшан алгачкы тергөөдө эле мурда да ушундай кылмыштарга барып жүргөндүгүн мойнуна алган. Кийинчерээк такталгандай, бул адам түспөлүндөгү айбан 2004-жылы да ушундай эле кылмышы үчүн 16 жылга эркинен ажыратылган экен. Бирок эмнегедир 2010-жылдын март айында абактан бошонуп чыккан.
Ооба, 6 жашар кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөндү эмне деп атоо керек? Мындай жорукту айбандар да жасабайт болуш керек. Эгер кармалбай жүрө бергенде дагы канча наристенин убалына калмак? Учурда ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 129-берене (зордуктоо) жана 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

“КЫЗЫБЫЗДЫН ЖАНЫНА ЖОЛОТПОЙ КОЮШТУ”
Учурда Айдаровдордун үй-бүлөсү кандай оор күндөрдү башынан өткөрүп жаткандыгы айтпасак да белгилүү. Кайгыга баткан Гүлдананын атасы Абдилазиз Айдаров төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Келинчегим экөөбүз автоунаа сатылуучу базарда ашкана иштетебиз. Ошол каргашалуу күнү базардан келип, келинчегим экөөбүз мончого түшүп келмей болдук. Караңгы кирип калган убак болчу. Гүлдана короодо ойноп жүрүптүр. Аны “үйгө кир” деп коюп мончого кеттик. Бир сааттан кийин келсек, Гүлдана үйдө жок экен. Үйдө досум менен аяшым бар эле, алардан сурасам, аяшым “силер кеткенден кийин 10 мүнөттөн кийин короого чыгып Гүлдананы таппай калдык. Аны силер менен мончого кетип калса керек деп ойлоп калганбыз” деп айтты. Анан кызымды издеп баштадык. Оюн аянтчасындагы жылгаяк тебүүчү жайды, тегерек-четти бүт карап таппай, коңшубуз Мавлюданын кыздары менен да ойноп калчу эле деп анын үйү жайгашкан короого жөнөдүм.
Мавлюданын үйү 3-кабатта эле. 3-кабатка чыгып баратсам, Мавлюда кичине кызын жетелеп түшүп келатыптыр. Жанында бир бала бар болчу, көрсө, ошол Равшан деген акмак экен. Подъезд караңгы болгондуктан, кол чырак (фонарик) менен жарык кылып жүзүн көрсөм да, аны тааныбагандыктан, маани деле берген эмесмин. Мавлюдадан чоң кызынын кайда экенин сурасам, балкондо уктап жатканын айтты. Үйүнө кирип, андан “Гүлдананы көрдүңбү?” деп сурайын деп, бирок ойгото албай койдум. Кайра сыртка чыгып элден сураштырып таппай, акыры милицияга кабарладык. Ал ортодо коңшу-колоңдор да чыгып, эл көбөйүп кетти.
Ошол күнү Мавлюда “кызымды 2000 долларга сат деди эле, сатпай койдум” деп бирөөлөргө айткан экен. Гүлдананы сатып жибердиби деп ойлоп, андан ким сат дегенин сурап, дареги каякта экенин такып кирдим. “Тоголок Молдо көчөсүндөгү Акмат деген киши кызыңды сат” деген деп айтып берди. Анан Мавлюданы автоунаага салып алып Акматтын үйүн издеп жүрүп араң таптык. Ал Мавлюда кызын жетелеп күндүз жардам сурап келгенин, анан кыздарына кийим-кечек бергенин айтты.
Бир жолу милиция бөлүмүнө барып сурайлы деп аны да салып алып милиция бөлүмүнө жөнөдүк. Баратсак, коңшум телефон чалып, “Гүлдананы таптык. “Тез жардам” чакырып, тез келип кал” деди. Коңшулар кызымды жер төлөдөн таап алышыптыр. Алар келинчегим экөөбүздү кызыбыздын жанына жолотпой коюшту. “Тез жардам” келип, кызымдын денесин өлүкканага алып баргандан кийин гана ошол жактан көрдүк.
Бир топ убакыт өткөндөн кийин кичине өзүмө келип Мавлюданын жанында жүргөн бала эсиме түштү. Андан “жаныңда жүргөн жанагы бала ким эле, азыр ал каякта?” деп сурасам, “аа, ал Сергейдин кайниси болчу, азыр ошонун үйүндө” деди. Ошол күнү Сергей, Мавлюда, Мавлюданын күйөөсү Насыр жана Равшан болуп арак ичип, ит бышырып жешкен экен. Милиция кызматкерлерине айтсам, алар Равшанды Сергейдин үйүнөн таап чыгышты.
Бул жерде Мавлюданын да түздөн-түз күнөөсү бар экендиги көрүнүп жатпайбы, кызымды тигиге ушул эле салып берген. Бирок аны эки күн суракка алып, коё беришти эле, эми азыр кайда экендиги белгисиз.

“АПАСЫ ТАТАР БОЛСО, ТАТАР БОЛУП КАЛМАК БЕЛЕ?”
Гүлдананын таенеси Дилбар Көчкөнова да ыйлап-сыктап буларга токтолду:
– Былтыркы Июнь окуясында жалгыз уулумду башын кесип өлтүрүп коюшкан. Анын азабы эми унутула баштаганда бул окуя болуп кетти. Неберем Гүлдананы кошунасы Мавлюда зордуктаган адамга салып берген. Аны көргөндөр да бар экен. Гүлдананын колуна балмуздак берип үйүнөн алып чыгып кетиптир.
Биз кылмышка катыштыгы болгон Мавлюданын эки күндөн кийин бошонуп чыкканына күйүп жатабыз. Зордуктаган адамга неберемди колунан жетелеп барып салып бергенди эмне үчүн чыгарып жиберишет? Маматахунов мойнуна алыптыр, а эмнеге эч нерсе айтпай жаап-жашырып жатышат? Анан дагы айрым массалык маалымат каражаттары “өлтүргөн баланын улуту татар экен” деп жатышканына нааразыбыз. Маматахуновдун улуту өзбек экен. Жакында эле бир тууган эжесине жолуксак, ал атасы өзбек, апасы татар экенин айтты. Эмне, апасы татар болсо эле татар болуп калмак беле?
Мавлюданы чыгарып жибергенден кийин шаардын прокурору Латиф Жумабаевичке “эмнеге Мавлюданы чыгарасыңар? Биздин да жаныбыз ачышып калды, ал да өз жазасын алсын. Аны коё берген тергөөчү Наргиза Абдрахманованы башка тергөөчүгө алмаштырып бергиле. Биз да мыйзамды сыйлайбыз, силер да мыйзамды сыйлап, кызыбызды мыкаачынын жанына ээрчитип келген адамды каматып бергиле” деп бардык. Ал биздин сөздү уккусу келбей, “колуңардан келгенин кылып алгыла” деп кубалап чыкты. Мен тынч отура албай калдым, былтыр баламдын күйүтүн тартып келсем, эми минтип неберемден ажырап отурам.

ТЕРГӨӨ ЭМНЕГЕ ЖАШЫРУУН ЖҮРҮҮДӨ?
Ош шаардык ИИБине барып, бул ишти тергеп жаткан тергөөчү Акыл Алишевге жолукканымда ал жетекчилик тарабынан уруксаты жок эч кандай маалымат бере албастыгын билдирди. Ал эми аталган башкармалыктын жетекчисинин орун басары Асилбек Батыров “кылмышка шектүү кармалып, күнөөсүн мойнуна алды. Азырынча башка маалымат бере албайбыз” деп комментарий берүүдөн баш тартты.
Биз Ош шаарына 2-июль күнү барып маалымат топтоп кеткен элек. Макаланы даярдап жатканда Гүлдананын апасы Жаркынай Жолдошовага телефон чалсак, Мавлюда Машрапова кармалып, азыркы учурда соттун санкциясы аркылуу абакта отургандыгын билдирди. Биз бул оор кылмышка түз да, кыйыр да тийиштиги барлар өз жазасын алат деп ишене туралы. Оор кылмышы үчүн 16 жылга кесилген Маматахуновду 6 жылдан кийин коё бергендердин бети бир чымырап койду бекен?

P.S. Шектүүнүн сүрөтүн табууда жардам берген Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыковго ыраазычылык билдиребиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(93)
15.07.2011. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Кыргыздар качан онолобуз?Наристе кыздан башка аял заты куруп калыптырбы?Таш баран кылып чон кочого асып коюш керек ысыкка кактап.ММКлар эмне жашырат озбек экенин.Июнь окуясында канча наристелер кордук менен олтурулгон экен.Эми да болуп жатса.Озбектерде деги адамдык касиет калбаган окшойт.
16.07.2011. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай эки буттуу айбандарды камабаш керек андан тыянак чыкпайт, андан коро туз эле атууга кетируу керек башкаларга да сабак болсун!
Ал эми кыздын жакындарына айтайын дегеним кайрат кылгыла! Аллах таалам сиздерге мындан ары жакшылыкты гана берсин!
16.07.2011. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сартарды олум жарыяалаш керек элди дагы кучуп кетпесин деп аны дагы татар деп койуптур азыр бийликтегилер силердин кызынарды ошонтип корсунчу эмне кыласынар жэ акча алып кала бересинерби!!!
17.07.2011. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул окуяны мен бир таанышымдан укан элем бирок турк зордуктаптыр деген эле. зордуктаган айбан озбек экенда олум жазасын мыйзамга киргизиш керек ушундай айбандарды олум жазасын бериш керек озбек кыргыздын наристесин зордуктады бул окуя жон жеринен болбогондой эмес менимче.
18.07.2011. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмакмактар соту деле башкасы деле баарын олтуруш керек .Оздору балдарын кандай корот бироону да озундой ойлосун
19.07.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kisindi sat,6 jashtagi kisdi sordyktap oltyryy jana itt bishirip jeshiptir.Yshyndai da boloby.Adam emec go.Adamdik sapattan kettip kalgan aibandar.kisdi cattip alam degen adamdi ynytyshpaca eken.
21.07.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай качан онолобуз.качан адам болобуз
23.07.2011. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай зоокурду кудай озу жазаласа экен...
25.07.2011. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshol 'erkekmin' dep jurgon aybandyn 'janagysyn' kesip salysh kerek,akmaktyn
25.07.2011. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смерть всем узбекам!!!
13.09.2011. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
solnyshko, я согласно с тобой на 100%
30.07.2011. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда мыйзам иштебейт. Соттор ошол сарттын акчасына дагы бир машина алып минишет. Ошон учун Туркмениядагындай аксакалдар соту болуш керек. Соттон бошонуп кеткендерди аксакалдар м-н эл жазалаш керек деп ойлоймун.
31.07.2011. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак эмей эмне.Мындайлар адам эмес.Адам баласы мындайга колу барбайт.Кыргыздар бири бирибизге куйумдуу бололучу!Колдон такыр жардам келбесе жок дегенде жакшы созубузду аябайлы! Улуттук ан-сезимди ойготоор мезгил келди!!! сарт болобу башкасы болобу биздин жерде жашагандан кийин кысып жашоосу керек! Башын котортпогуло ит-сарттардын! Жакшылары деле бар го дечи арасында, бирок оздоруно оздору кылды!!!!
02.08.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
САРТТАР ОЛсун
02.08.2011. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Педафил булардын арасынан чыныгы муслимдер бардыр бирок кобунчосу мусулмандык парздарды сарттар в корыстных целях колдонушат
07.08.2011. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан десе. Ал эшекти олтуруш керек.
17.08.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуз аны атууга жонотушкерек. Себеби мындай адамдарды кайра тарбиялоого болбойт!
19.08.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самосуд кылыш керек.сарттар адам болбойт. узбек это не нация-узбек это профессия
26.08.2011. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тварь
01.09.2011. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак, мындай зоокурлорду арабыздан кырыш керек. Кудай жазасын албетте берет! Мотурайган кыздын убалы тийёт ко. Ата-энесине кайгы-мунумду айтам, жаткан жери жайлуу болсун.
05.10.2011. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sottko ishenich kalbadi ozbekterdi chekkeden it atkandai kilip olturush kerek
06.10.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аны СИЗОдо эле кашын кырып ,юбка кийгизип коюшат....Зектерге эрмек болот омур бою...
12.10.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай мыкаачыларды ташбаранга алып олтуруш керек. Болбосо ошол наристени кантип зордуктаса, бул айбанды жанагы аялды кошуп зордукташ керек.
16.10.2011. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айбанды кыргыздын ушуга окшогон айбан абак кызматкерлери эрте абактан бошотуп жиберишкен,негизи 2004 жылы дал ушул сыяктуу кылмышты жасап 16 жылга кесилген экен.(2004-2020) Шилекейи куйулган ит абак кызматкерлери,убагынан эрте бошотуп бей куно чырактай кыздын башын жеп шилекейин арчып отуруп калышты. Куноолу Иттер биздин эле кыргыз абак кызматкерлер.Арам акча алып эрте бошотуп жиберишкен да.
19.10.2011. 03:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul itti da, mavl`udany da, koe bergen sottu da darga asyp salyw kerek. kim bilet myndai aibandar dagy 1-2 jyldan kiyin azattykka 4ygyp ketiwteri mumkun.
27.10.2011. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Enenerdi uraiyn Sarttar silerdi 4ekeden kyram KG ga baraiyn,olturup kelip TOPUSUN uigo ile berem.
30.10.2011. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акмактар сарттарга жакшылык жок озу КУДАЙ озу жазаалайт аны
30.10.2011. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулдананын ата-энесине кайрат кылыныздар демекчимин
31.10.2011. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андайларды тируулой орттош керек
23.02.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
info, бул окуя кайсыл жылы болгон аныктап бериниздерчи?!2006 жылы жай айында кайсыл бир чыгарылган санынан окудум эле супер-инфо гезитинен..а бул жерде 2011 жыл деп журотко?!же экинчи жолу гезитке чыгып жатышыбы?!мен тушунбой калдым толук маалымат берип коюнуздарчы?!
23.02.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidar__aliev, окуя, маалымат так жазылган, урматтуу колдонуучу. "БУЛ БИРИНЧИСИ ЭМЕС" деген бөлүктү кайрадан кайталап окуп чыксаңыз, түшүнсөңүз керек.
12.10.2012. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тварь
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо