Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зарина Хасанова: «ЭРКЕКТЕРДЕН ТАЖАДЫМ»

№453 8-14-июль, 2011-жыл

Зарина башкалардан ачык-айрымдыгы менен айырмаланат. Сахнада анда-санда бир көрүнсө да, ырчы деген статуска ээ болуп жүрөт. Мунун да себеби бар. Анткени ырчы кыз «башка кесипке да ээ болсом» деп көксөп жүрүптүр.

– Кандайсың, Зарина? Студент эмессиңби, жайкы сессияңды тапшырып алдыңбы?
– Ооба, баарын ийгиликтүү тапшырдым. Буга чейин журналистика тармагы боюнча кесипке ээ болгом. Андан соң дагы бир кесипке ээ болууну самап, Кыргыз-Орус Славян университетиндеги экономика факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам.
– Демек, ырчылыктан башка тармакка өтөйүн деп жаткансың го...
– Жок, чыгармачылыгымды өз нугу менен алып кетем. Мен майрамдан майрамга жете тургандай стабилдүү каражат табышым керек. Көпчүлүк артисттерге “микрофон кармап, фонограмма менен ырдагандан башка эч нерсе билишпейт” деген сыяктуу сындарды айтышат. Ушул сынга жооп катары мен акыл-эсим, аң-сезимим менен башка тармактарды да багындырсам дейм. Ошол себептен учурда өзүмө ылайыктуу жумуш издеп жүргөн чагым.
– Сени менен маектешип отуруп, ачык-айрым, болгонун болгондой айткан кыз экениңди байкадым. Сыр катканды биле­сиңби?
– Көпкө чейин ката албайм. Буга чейин катып жүргөн бир сырым бар. Муну ата-энем да билбейт. Эми муну укса, мени дарылатабыз деп чыкпаса эле болду. Мен бир нерсеге катуу капа болгондо кадимки эки киши маектешкендей болуп, өзүм менен өзүм сүйлөшмөй адатым бар. Жол чырактан токтогондо катарлаш турган унаалардын ээлери “бул кыз акылынан ажырап калган го” деп таң кала карап калышат. Ушул адатымдан арыла албай келем. Бирок мен муну психологиялык жактан жабыркоо деп эсептебейм.
– Зарина, кел, кыздардын сүйүк­түү темасы болгон махабат, мырзалар тууралуу сүйлөшөлү?
– Ай, кайдагы махабат?! Жакында эле жигитимди өз жолуна салдым. Быйыл 24кө чыктым. Эми мага тоок сүйүүнүн, сүйүү гүлдөрүн терип жүргөндүн кереги жок. Турмушка чыгууну ойлонушум керек. Жигитиме үйлөнүү тууралуу кеп баштап, анын турмушка даяр эмес экенин байкадым. Туңгуюк, белгисиз нерсени күтүү мен үчүн жат көрүнүш. Чынын айтсам, мындай мамиледен, мындай эркектерден тажадым. Ошондуктан өзүмө “мага үйлөнө турган чыныгы мырза менен гана мамиле түзөм” деп шарт койдум.
– “Эркектерден тажадым” де­ге­ниңе караганда көп мырзалар ме­нен мамиле түзгөнсүң го дейм. Алардын канчасы менен олуттуу мамиледе болгонсуң?
– Буга чейин “сүйүү фронтумда” үч мырза болгон. Үчөө менен тең олуттуу мамиледе болуп, ыйык сезимимди арнагам. “Өткөнү жок келечек болбойт” деп коюшат го, бул эми өткөн нерсе. Өткөндүн баары мага сүйүү жаатында зор тажрыйба болду. Бирок ишенем, алдыда мени ак боз атчан мырза күтүп турганына.
– “Алгачкы өбү­шүү эң таттуу” деп коюшат. Мын­дай жыргалдын даамын канча жа­шың­да таттың эле?
– Мен кеч жетилдим окшойт деп ойлойм. Анткен себебим кээ бирөө­лөрдүн «бала бакчадан эле өбүшкөм» дегенин угуп, таң калам. 18 жашымда болсо керек эле, мени бир жигит күч колдонуп кучактап, күтүүсүздөн өөп алган. Ошентсе да мага жагымдуу болгон.
– Сүйүү темасы демекчи, кыздар менен кыздардын, жигиттер менен жигиттердин ортосундагы сүйүүгө кандай карайсың?
– Мындай сүйүүлөрдү көп эле кездештирүүгө болот. Мен деле кабылгам. Бир жолу туулган күнүмдө бир айым кучактап, сылап эле жаткан. Анан бир убакта көзүн сүзүп, тийишип баштаса болобу. Ошондо ага табияттан берилген мамилени гана колдой турганымды билдирүүгө туура келген. Бул нерсе ар бир адамдын жеке жашоосу. Ага кийлигише албайбыз. Мисалы, менин үч досум бар, жигиттер менен мамиле кылган. Алар менен жакшынакай эле сүйлөшөм.
– Эми маектин нугун сени тарбиялап өстүргөн ата-энеңе бурсак...
– Мен үйдө жалгыз кызмын. Атам Марат компьютерлер тармагында иштейт. Ал эми апам Неля М.Абдраев атындагы музыкалык мектепте фортепианодон сабак берет.
– Жалгыз кыз болсоң, аларга жакшы эле эркелесең керек.
– Эркелик жагынан эч кимди алдыма салдырбасам керек (күлүп). Уялбай эле айта берейинчи, көңүлүм келгенде гана ашканага кирип бир нерсе жасабасам, башка учурда кирбейм. Ашкана апамдыкы. Кир жууган машинаны иштетүүнү да билбейм. Кирлерим чогулганда апама өткөзүп берем. Ал эми менин бөлмөмө кирген адам абайлабаса, чачылган буюмдарыма чалынып кетиши мүмкүн. Мына ушундай “хаосту” башкарганга көнүп калгам, издегенимди бат эле табам. Бирок турмушка чыкканда бул кемчиликтеримдин баарын жоём.
– Анда эмне демекчибиз, тезирээк өзүңдүн теңиңди тап.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Зарина Хасанова: "Эркектерден тажадым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(33)
11.07.2011. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men dagy temasyn okup ele kyzdar menen mamile kurup atkan go dep kyzygyp acha kalypokusam.......
11.07.2011. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Согдиананы туурайт го дейм...
11.07.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ун деген вообще жок бул ырчыда...
SUPER.KG видео
11.07.2011. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Syper.
12.07.2011. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй вообще жакпайт ушул кыз
12.07.2011. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге ийгилик! Талантыныз оркундой берсин! Сизге ийгилик! Талантыныз оркундой берсин!
SUPER.KG видео
12.07.2011. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кызды корсом эле кыжырым келе берет. Озун мыкты ырчы сезип алгандай, же эл мунун бир ырын эсине сактап ырдап журсочу...
12.07.2011. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да жакпайт Зарина калп эле койкондой берет
12.07.2011. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eclat-атамын заманындагы атырго :-)!Мен ушул ырчыларды тушунбойм,элдин баарын оздорундой жинди ойлоп,калпты ышкыртышат,билбей калчудай! Ушул кыз бир жолу Тимати ВАСАRDIге келгенде эптеп-септеп автограф алып анан,биз дос болуп калдык деп интервью бериптир!Дагы бир жерден окудум,биздин бир ырчыны Фабрика звездун продюсерлери чакырган экен бирге иштешкени отказ кылыптыр!Бироосу жазыптыр,мамам чет мамлекетте кызматта деп,уй жумушчу болуп иштеп жургону менен иши жок!Алды-артынарды карап мактангылачы!
12.07.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогон манерасы жасалма, харизма деген нерсе жок, быдылдап эле суйлоп койду, андан тышкары кыргызча суйлой албайт экен бир ырыны уктум кыргызча ушунчалык акцент менен эптеп эле ырдай коюптур. Слух бар ооба, ун да бар, бирок биздин эстрадада бул кызга жер жок, кечиресин !
12.07.2011. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Симпотичная. Умеет внятно высказать свою мысль. Может где-то найдет что-то настоящее свое,но она -не певица.
13.07.2011. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жыргады го 5:25 минуталарды карасанар, я рассталась со своим парнем деп, кутула албай эле жургон го ия? Дааааа Заринка мен да думаю что ты меняешь свою сексуальную традицию!!!!
13.07.2011. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biz kirgizbiz da, koro albastik jaktan 1 orunda turabiz, bir jeri kuygondor owente beret. zarina molodes alga
14.07.2011. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404 , сиздин комментинизге кошулам. Туптуура айткансыз, боорум эзилип калды.
14.07.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а я ее в первый раз вижу,кто она?
14.07.2011. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erkekter voobwe karabay koygongo owol u4un tajasa kerek,,
14.07.2011. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
терпеть её не могу
14.07.2011. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hasimonoka, да у тебя поранойя, иди лечись! И умей уважать чужое мнение! Причем здесь короалбастык? Вроде завидовать то тут нечему!
14.07.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда жашагандар кыргызча суйлой алышбайбы? Тобо ...
14.07.2011. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кыз не деген ой менен ырчы болду экен дейм да? Ун дегенден эч нерсе жок!!! Жасансам эле элге жага берет дешейт окшойт.
15.07.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кайдан чыккан ырчы?бир эки ырдаса эле жылдыз боло беришет азыркылар озунон озу.Эркектерден тажадым дейт,наоборот мындай (эрке)немеден любой эркек тажаса керек,даже атасы.Оюна келгенин эркелеп айта берсе эркек эмес эшек да тажайт да...
17.07.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куноону озуно койсо брлмок жакшы журсо ким тажатсын так что аракет кыл кызым жакшы адам болушка
SUPER.KG видео
18.07.2011. 04:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кызды билбейт экенмин улуту тажик экенго
SUPER.KG видео
11.08.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
takaya otkritaya, uverennaya,4estnaya odnim slovam molodets!!!ana mne nravitsya SALMAN poderjivayu tya ......
17.08.2011. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da esli chestno ni odin ih pesnei ya ne znau no mne ponravilos ee otkrevennost no kak pevisa ona ta ne ochen mne nravitsuya
14.09.2011. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге эми кир жубайм тамак жасабайм анын баарын апам жасайт дейт? тушунбойлеби апасын озун уят кылганын? Корея музыкага озунун версиясын клибин тартканычы извращенный ата энесинен уялбайбы такыр? там она чуть ли порно не устроила извтните за выражение...
SUPER.KG видео
06.10.2011. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
a menja 4estno skazat vedushàja besit, ona ne umeet razgovarivat` na russkom!!!!
SUPER.KG видео
05.11.2011. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne uchun alyp baruuchu oruscha suilogondu bilishi kerek kiziksin, naoborot Zarina kyrgyzcha suiloshu kerek bolchu, kyrgyzstanda jashap jatkandan kyiyn....
SUPER.KG видео
12.11.2011. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga jakty, mmma
18.12.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstan- uwaktardyn, koro albastyktyn nak 4okusy da. Ozunor jonundo uwintip aytyp jatsa emne kylat elener? Ozunordu bir jolu kyzgydon jakwylap karap tyryp anan jazbaisynarby??? oozum bar dep ele suiloi berbei!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо