№453 8-14-июль, 2011-жыл
Ырчы Кайыргүл продюсер, кинорежиссёр Ырыс Окенова менен иштеше баштады. Бул тууралуу продюсер: “Келишим түзүп, алдыбызга толтура пландарды коюп, четинен кирише баштадык. Эл буга чейин Кайыргүлдү батыш стилинде ырдаган ырчы катары тааныса, эми андан улуттук жүздү көрө алышат”,- дейт. Ал эми ырчы: “Ырыс эже экөөбүздүн жан дүйнөбүз аябай окшош экен. Буюрса, көптөгөн ийгиликтерди жаратабыз деген ойдомун",- деп кубанганын жашырбады. Эмне демекчибиз, продюсер менен ырчынын алакасы бекем болсун.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
и) сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сындар комментарий же талкуу иретинде жазы