№453 8-14-июль, 2011-жыл
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров кызматынан кетүү жөнүндө арызын жазды. Бул тууралуу: “Биздин өткөөл мезгилге карата белгиленген тарыхый миссиябыз бүттү. Аягына чейин туруп бердик. Президенттик шайлоо күнү да аныкталды. Учурда бардык мамлекеттик органдар иштеп жатат”,- деп жооп берди. “Сиздин тарыхый миссияңыз жаңы президент келгенге чейин эмес беле же Роза Отунбаева менен пикир келишпестиктер болдубу?” деген сурообузга: “Жок, эч кандай тил табышпай калуу болгон жок. Биз дагы жаңы саясий доордо өз ордубузду табышыбыз керек. Кантсе да али жашпыз, парламенттик мамлекеттин мындан ары түптөлүшүнө салым кошо беребиз”,- деп жооп берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бекназаров өзүнүн ордун таппагандыктан жогору жактан,секин куйрукту кысып чуу коймокчу!Элден алыстап алды,эми дыйканчылыгын уланта берсе болот.