Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бекчоро: «САЛЫП ЖАТКАН ҮЙҮМ ТАЛАШКА ТҮШТҮ»

№453 8-14-июль, 2011-жыл

Бекчоро деген ырчыбызды акыркы учурда сахнадан көп көрбөй калдык. “Сахнадан таптакыр кетем” деп жүрдү эле, балким, ошол кебинин убакыт-сааты жеттиби же бала жытына магдырап эле жатабы?

– Бекчоро, маекти акыркы жаңылыктарыңдан баштасак...
– 15 күндөй болуп калды, сахналаш досторум менен чогуу кичи мекениме концерт коюп келдим. Анан да жердеш агаларым “туулган жер жөнүндө ыр жаздырбайсыңбы. Кеткен каражатты биз көтөрөлү, клип да тарттырып беребиз” деп жакшы сунуш айтышты. Учурда бул тууралуу ойлонуп жатам. Ошондой эле “Эне жүрөгү” деген ырыма да клип тарттырсамбы деп үч айдан бери пландап жүрөм. Каражат жагы бир аз тартыш болуп, токтоп турат.
– Бирок сени чыгармачылык ордосунан көп көрбөй калдык...
– Чынында, акыркы учурда чыгармачылыкка жакшы аралаша албай жатам. Көңүлүм чаппай жатабы же жалкоолугум кармадыбы, айтор, өзүңөр байкагандай, чыгармачылыгым “уктап” турат. Негедир мурункудай алдыга талпынуу өчүп калды. Кээде “бул динге болгон көз карашым кеңейип баратканынанбы” деп да ойлоп кетем.
– Буга чейин бир эмес, көп эле жолу “сахнаны таштайм” деп айттың эле. Балким, ошол чекке жакындап бараткандырсың.
– Балким.
– Бир нерсеге чекит коюу бул – экинчи нерсенин босогосун аттоо. Анда сени кайсы тармактан жолуктуруп калабыз?
– Негизи, ишкердүүлүк жагына оосомбу деген тилегим бар. Бир жылдан ашып калды, үй-бүлөлүк чакан бизнес баштап алгам. Ошону жолго салып, кеңейтүүнүн үстүндө алпурушуп жүрөм.
– Көз айнекти чечпей ырдоо – сенин стилиң. Таанылгыс болуп өзгөрүлөйүн деген ой жарала элекпи?
– Стилимди өзгөртөйүн деген пландар бар. Бирок көз айнегим ошол бойдон калат го. Азыр кыргыздын оюм-чийимдери түшүрүлгөн бир нече көз айнек жасаттырып жатам.
– Акыркы учурда шоу-бизнесте, саясатта кара пиар деген нерсе пайда болду. Бул жагынан сен деле кыя өтпөсөң керек...
– Чынында, кара пиарды көп колдонбойм. Бир жолу болгон, анымды жашырбайм. Алгач сахнага чыга баштаганда продюсерим мага эч нерсе айтпастан, кайсы бир маалымат булагына “Бекчоро клубда стриптиз бийлейт” деген маалымат берип салыптыр. “Мындан башка пиар таппай калдыңбы?!” деп аны менен урушканга чейин баргам. Ал “шоу-бизнесте кара пиар да керек” деп кутулган. Ошондо бир жума уктай албай кыжалат болуп жүргөм. Ал күн деле өтүп кетти, бирок эстеген сайын жиним келет. Анткени мен табиятымдан эле эркектердин стриптиз бийлегенин уксам, кызга окшогон балдарды көрсөм, кыжырым келет. Анан карабайсыңбы, эң жаман көргөн нерсем кайрылып келип менин башыма түшүп жатканын.
– Голливуддан ушундай роль сунуштап калсачы...
– “Эки бөлмөңдү долларга толтуруп берем” десе да барбайт болчумун.
– Азыр ырчылардын ырларынын маанисине көп сын айтылып келет. Өзүңдүн репер­туарыңдагы ырларды сындап бере аласыңбы?
– Убагында болгон. Негизи, мен эптеп-септеп 10 ыр жаздыргандан көрө бир жылда бир ырды аябай ойлонуп, жаргылчактан өткөрүп туруп жаздырганга аракет кылам. Аябай эле “мобул ырым начар болуп калды” деп кейип көрө элекмин.
– Ушул жашка чейин бир эсте каларлык эрдик жасап көргөнсүңбү?
– Андайлар көп эле болгон. Кайсы бирин эстей албай турам. Бирок досторум жана жакын адамдарым үчүн жанымды аябаймын. Досторумду бирөө келип чаап кетсе эле, жулунуп биринчи мен жөнөп калмайым бар. Мурун уруш болгон жерден калчу эмесмин, намаз окугандан баштап андай нерселерден алысмын.
– Биздин шоу-бизнеске кандай баа бере аласың?
– Биздин шоу-бизнес “слабый”. Ойлонуп келгенде эле акчага келип такалат экенбиз. Анын үстүнө бизде калк аз. Ырчыга акча алып келген эл да. Канча мекендешибиз чет жакада жүрүшпөйбү. Элибиз көп болуп, жашообуз оңолгондо гана шоу-бизнес да оңолот.
– Ата статусуна ээ болгонсуң. Үй-бүлөң тууралуу айта кет­пейсиңби?
– Ата болуу сезими башкача экен. Буга чейин деле кичинекей балдарды жакшы көрчүмүн. Бирок өзүмдүн кызымды бир башкача көрөм. Кээде болот, аябай бир нерсеге капа болуп же абдан чарчап үйгө кирсең эле “гу-гу” деп сени карап талпынып койсо, кучагыңа кысып жыттап алсаң, бардык нерсени унутуп, дүйнөң бейкапар боло түшөт. Азыр кызым Ясмин 7 айга толду. Тим эле күндөн күнгө өнөрү чыгып баратат.
– Памперс алмаштырганды үйрөнүп калсаң керек.
– “Памперсти алмаштыр” деп Назгүл азырынча айта элек. Бирок жуунтканда суу куюп, үй жыйнап жатканда эшикке сейилдетип келүү менин милдетим. Кыскасы, камкор ата болуп жатат окшойм. Кызым ары жоош.
– Канча баланын атасы болсом деп кыялданасың?
– Назгүл “5-6” десе, мен “мага көп бала керек” деп айта берем.
– Казан-аяк катуу кагыша элекпи?
– Динден түшүнүк болуп, ичпесе, чекпесе, бейчеки баспаса эле жаңжал чыкпайт. Келинчегим кабагын түйүп калса, жылмайып кутулуп кетем.
– Сенин таасириң менен келинчегиң да намаз окуган жокпу?
– Азырынча жок, бирок ниети бар.
– Келинчегиң Назгүлдү кызганчаак деп айтып калчу элең. Бул нерсе балалуу болгондон кийин өзгөрдүбү?
– Бойдок кезде телефонумдун жаагы тынчу эмес. Азыр андай деле болбой калды. Назгүл күйөрмандардын телефон чалууларына көнүп деле калды окшойт.
– Мурдагы берген ин­тервью­ларыңда “Көк-Жар айылына үй салып жатам” деп айттың эле. Там той бергениңди уккан жокпуз...
– Ой, бул жагы чатак болуп жатпайбы. Мен ошол үй салып жаткан жер тилкесин жакшы санаалаш эле байкеден 2 жыл мурун сатып алгам. Анан ал жакка бир эмес, эки үйдү баштап салгам. Жер тилкеси бардыгы болуп 10 сотых болчу. Көрсө, ал мага картадан чыгарып туруп 3 сотых жерди ашыкча сатып жибериптир. Эми менин баштап алган үйүмдүн жарымы картадан чыгып кетип жатпайбы. Мына ошол талаш-тартыштан улам үйүмдүн курулуш иштери токтоп турат. Эми, билбейм, кандай болуп чечилет. Мен үйдү сала баштаганда жерди саткан байке көргөн, ошондо ал мага “ай, арыраактан башта” деп айтып деле койсо болмок да. Анан карабайсыңбы, мен да так ошол чыр жагына үй баштап алганымды. Эми мага буюрган үй болсо бүтүп калар.
– Быйыл кайда эс аласың?
– Тааныштар “Американын 10 штатын кыдырып кел, биротоло эс алып келесиң” деп да айтышкан. Бирок мен баш тартып койдум. Үй-бүлөм менен Нарынга, анан Көлгө барып эс алып келели деп турабыз. Бир ай болду, сасык тумоо деген нерсе менден кетпей койду. Кичине ден соолукту чыңдабасак болбой калды.
– Спорт менен машык­пайсыңбы?
– Күнүгө эртең менен чуркайм. Анан күрөшкө барып жүрөм.
– Анда сага ден соолук каалоо менен маегибизди соңуна чыгалы.

БЕКЧОРО ҮЙЛӨНГӨНДӨН КИЙИН

  • “Үй-бүлөлүү болгондон кийин оор басырыктуу, жоопкерчиликтүү боло түштүм”.
  • “Аялым менен базарга барганды жаман көрөм. Бир нерсе сатып аларда сөзсүз бир досумду ээрчитем”.
  • “Үйлөнгөндөн кийин салмак жагынан да өсүш бар. Акыркы жолу таразага түшкөндө 73 килограмм болуптурмун”.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Бекчоро

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
09.07.2011. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын,ырларын айабай жагат мага .
ишине ийгиликтер калайм.
SUPER.KG видео
09.07.2011. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым ак жолундан адаштырбасын досум, бар бол !!!
SUPER.KG видео
10.07.2011. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БЕКЧОРО такыр эле мага жакпайт.
11.07.2011. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иииий кызы сладкая экен, келинчеги да татынакай экен. Бекчоро бактылуу болгула...
19.07.2011. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
periii, Ушу сладкаябы?
11.07.2011. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызга окшогон балдарды көрсөм, кыжырым келет. uwul jerlerine urmattaim!
12.07.2011. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allah bakyt bersin ui bulono
12.07.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Bekchoro yimanyny kurchuta ber,tigi duinodo jakshy kylgan amaldaryn uchun joop beresin,a yrchylyk jonundo emes,al nerselerin kaira jamandyktaryna koshumcha bolot.
19.07.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызы жаккан жок
SUPER.KG видео
10.08.2011. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ahii seni yrlardy jakshy jagyna koldonso bolot dep aytkan ilimduu Musulmandar saga jumshak kylyp tushundurgon(hikmat) eger Bekchoro yrdash bul negizinen haram degende sen baaribir yryndy tashtabayt elen! oshol sebeptuu saga alar jakshy jagyna koldono ber dep aytyshkan! Bekchoro biz bir gana Kuran jana Hadis menen alyp ketishibiz kerek oshondo gana adashpaybiz Inshaallah!
12.08.2011. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар кимдики озуно ай корунот козуно деген жакшы соз бар эмесби карга баласын аппагым дейт да силерге жакпаса озуно жагат созсуз эле бардыгына жаксын деген жокко
12.09.2011. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишине ийгилик каалаймын "Бекчоро" Ишине ийгилик каалаймын "Бекчоро"
SUPER.KG видео
24.12.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо Бекчоро менен Кундуздун жаны жыл деген ырын жуктоп койсонуздар сураныч
SUPER.KG видео
08.07.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
досум онорун оркундой берсин ыйманын ого бетер кучосун уй булоон менен бактылуу бол
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо