Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛМУЗДАК КАЧАН ПАЙДА БОЛГОН?

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Кызык экен

Балдар, силер жеп жүргөн балмуздак мындан 5 миң жыл мурда пайда болуптур. Илгери балмуздакты жасаш үчүн муз менен карды колдонушкан. Байыркы кытайлыктар кар менен музга апельсинди, лимонду жана анарды кошуп, аны дасторконго коюшчу экен.
Ал эми Египеттин Каир шаарынын султаны муздак суусундук менен балмуздак жасатып турганын 11-кылымда жашаган персиялык саякатчы Нассири-Хозрау айткан. Ал үчүн тоолордон күнүгө мөңгүлөрдү ташытып келчү экен.
Учурда балмуздакты сүт, май, шекер жана таттуу болсун деп ар кандай жемиштердин ширелерин кошуп даярдашат. Балмуздакты күн ысыкта жеп койсо, көңүлдү көтөрөт. Ал эми дүйнөдө жай мезгилинде ар бир 3 секунд сайын бир балмуздак сатылат экен.


КЫТЫ, КЫТЫ, КҮЛҮП КОЙ

Кир жууп жаткан апасы баласына:
– Уулум, бул көйнөгүңдү күнгө жайып келчи. Баласы:
– Апа, мен күнгө жетпейм да...

ххх

Көчөдө ойноп жүргөн Асандан бир чоң ата:
– Ай, кимдин баласы болосуң?
– Атамдын.
«Атаңдын аты ким?» деп сураган чоң атага Асан:
– Атамдын аты жок, кара эшеги бар,- деп жооп бериптир.


СҮРӨТТҮҮ ОЮН
Төмөнкү сүрөттөрдөгү буюмдардын кайсынысы кайсы буюм менен бирге болушу керек? Бул үчүн калем менен сүрөттө көрсөтүлгөндөй кылып бириктиргиле.


Келгиле, ырдайбыз

ДОСТОРУМ

Обону: Владимир Шаинскийдики
Сөзү: Михаил Таничтики
Кыргызчалаган: Кыялбек Урманбетов

Жалгыз чыксаң жол узун,
Дос менен жол кыска.
Досум барда кол узун,
Дос жокто кол кыска.

Кайырма:
Аптабың мага эмне,
Жамгыр эмне, кар эмне?
Жанымда достор бар кезде.

Бирди жыгат билегиң,
Миңди жык баарылап.
Билбегенди билемин,
Достордон ар убак.

Кайырма:

Аюудан да качпайбыз,
Ишенем доско мен.
Аюу болсо жапжалгыз,
Мен болсом дос менен.

Кайырма:

Кубаныч Сыдыков
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
18.07.2011. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балмуздак да анегдот да абдан жакты, ха ха хи хи :)
19.07.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага абдан жакты себеби балмуздак качан, кандайча чыкканын билип алуу мен учун пайдалуу болду.
19.07.2011. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пульт+телевизор; Чайник + чашка; донголок + машина; ат + ээр; ручка + дептер; кулпу + ачкыч.
20.07.2011. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toktobubu, молодец
21.07.2011. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар бир үч секунд сайын бир балмуздак деген - нереально. Андан бир топ көп. Бирдин артында дагы үч нөл бар болуусу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо