Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БАГАМ ДЕП КҮЙӨӨМДӨН АЙРЫЛДЫМ»

№454 15-21-июль, 2011-жыл

«Орусиянын ысык-суугуна чыдап иштеп, эки балам менен кошо күйөөмдү ичинтип, кийинттим. Күйөөмө машина да алып бердим. Бирок мен акыркы ирет Орусиядан иштеп келгиче ал башкага үйлөнүп алыптыр. Үй-бүлөм бузулуп, 40ка чыкканда же үйдөн жок, же күйөөдөн жок калдым. Кантип эми жашоомду жаңыдан баштайм?»- деп сөзүн баштады Айша эже.
– Баарын баштан баяндап берейин. Атым Айша. Бир кезде биз да бактылуу үй-бүлөлөрдөн элек. Эгиз балалуу болуп, эл катары жашап жатканбыз. Балдарды чоңойтуп, бутуна тургузуп, окутуп билим берсек деп тилечүбүз. Бирок турмуш түйшүгү бизди өйдө-ылдый калчады. Бара-бара күйөөм арак ичүүнү адатка айлантты. Акырында арактын артынан сая кууп, бир ичкенде 1-2 жума көзүн ачпай ичип калды. Балдарды, үй-жайды карамак турсун, биздин бар экенибизди унутуп коёт. Акыркы жылдары жашоонун кыйынчылыгынан, акчанын тартыштыгынан улам мен Орусияга барып иштеп келүүнү чечтим. Ошентип, балдарымды ата-энеме таштап, айласыздан Орусияга үч ирет барып, иштеп келдим. Ал жактагы көргөн кыйынчылыктарды айтпай эле коёюн. Баарына чыдап иштедим. Тапкан акчама күйөөм ичкенин таштап, алаксыйбы деп машина да алып бердим. Бирок ал оңолбой эле, мен акыркы жолу Орусияга иштөөгө кеткенимде бул жакта ойнош таап, ал тургай ага үйлөнүп алыптыр (өткөн жылдын октябрь айында). Жаңы жыл түнү “мен кетем, мага машинанын ачкычын бергиле. Сен жокто мен башкага үйлөнүп алгам. Ошого кетем” деп ачыгын айтты. Башыма бирөө таяк менен бир койгондой эле нес болуп туруп калдым. Никелешкен аялы, эки баласы туруп, башкага үйлөнүп, аны менен да, мени менен да жашап жүрүптүр.
Көрсө, менден башкасынын баары билет экен, анын башка аялы бар экенин. Кээде кайненем күйөөм ишке кеткенде “жакшы жетип алдыңбы?” деп сурап калчу. Бул кайненемдин “тиги аялыңдыкына аман-эсен жеттиңби?” дегени тура. Күйөөм от жагуучу болуп бир күн иштеп, бир күн эс алчу. Көрсө, ал «ишке кеттим» деп коюп, ишке барбай эле тигинисиникине кетчү экен. “Жумушуңдан жейсиң” деп мен салып берген тамак-ашты ойношу экөө бөлүп жеп, 1 күн эс алып, анан үйгө келип калчу тура. Башка үй-бүлөсү бар экенин билгенден кийин балдарды алып кетейин десем, кайненем мени кетирбей койгонунан, күйөөм үйдөн өзү чыгып кеткен. Ал кеткенден кийин кайненем менен жашай берүү мен үчүн оор болду. «Кетем» десем, “тиги алган жер тилкеге үй салып, балдарың менен ошол жакка бөлүнүп чыгып кет. Сен кетсең, тиги келинди алып келип аламын, төрөйүн деп калды” дейт кайненем. Эми болсо эгиз балдарымды ата-энеме таштап, шаарда иштеп-жашап жатам. Азырынча мага тиешелүү буюм-тайымдардын баары кайненемдикинде. Аларды алып кетсем, коёрго үй-жай деле жок. Үй-бүлөнүн түйшүгүн мойнума алып, акча таап, балдарымды, күйөөмдү да багам деп жүрүп, көчөдө калдым. Кээде туруп Орусияга барбай койсом, үй-бүлөм бузулбайт беле деп да ойлоп кетем.

Айша, Бишкек шаары.

Жыпара Досумбетова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(17)
18.07.2011. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айша башка тушкон тагдырды жене билууго чакырам депрессия га тушпош керек. Куйоонор татыктуу эмес ал учун курошпой деле турганыныз он...
Балдарыныз бар экен...ошолордун багын тилеп жеке аялдык жашоонузду башка толго токой эркек атка татыктуулар бар...чекесинен чертп жашоонузду уланта бериниз. Бакыт каалайм.
18.07.2011. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балдарыныздын бактысы,келечеги учун жашаныз.Аллахтан жардам сураныз,менин башымдан да откон сиздикине окшош тагдыр.аллахым озу жардам берди азыр баары жакшы.балдарыныздын бактысы,келечеги учун жашаныз.Аллахтан жардам сураныз,менин башымдан да откон сиздикине окшош тагдыр.аллахым озу жардам берди азыр баары жакшы.
18.07.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бардык эркектер бир да аларды бир эле ыйман сактап турат
18.07.2011. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерден сиздин куйонуз эле утулат, а сиздин балдарыныз бар, бул озу бакыт, балдарыныз учун жашаныз, куйонуз кийин окунот.
19.07.2011. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыңыздын бактысы, келечеги үчүн жашаңыз. А күйөөңүздү аллах өзү жазалайт.
19.07.2011. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Албетте мыйзам ченемдуу корунуш. Жубай болгон сон бирге уктап, бирге тутун булатып жашабасан, анда эмнен жубай да эмнен уй-було? Эркек деген эркек! Ириктей болуп журо береби? Адамдын табияты ушундай акырындан бузулабыз башыбыз айланып.
Бугу ата-бабалырыбыз, Акаев, Бакиев жана эн башкысы озунуз куноолуусуз.
Россияда сиздин жургонунуздун ак экендигин да сиз жана бир кудай билбесе айтыш кыйын го...
Неси болсо дагы чунчубонуз!!! Бактыныз алдыда!
19.07.2011. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал куйонуздун мээси жоктугу, баладан да аялды биринчи койду, сизге андай адам тен эмес, балдардын ден соолугун тилеп бактылуу болунуз, эркек самандан коп чекеден чертип таап аласыз,эч кайгырбаныз убакыт баарын даарылап койот
19.07.2011. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырдын тубу сары алтын дейт. Ал куйоонуз оз уй-булосунун убалына калды. Баары бир бул дуйнодо да, тигил дуйнодо да жакшылыкка жетпейт. Себеби адилеттуу 1 гана улук зат бар, ал баарын коруп билип турат. Ыйманынызды бекем кармасаныз, албетте сизге даярдалган белегин аласыз. Ийгилик эже !!!
19.07.2011. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоонуздун козу кор турбайбы? сиздей аялдын кадырына жетпеген. Эми откон ишке окуно бербестен жаны жашоо баштаныз балдарыныз учун, а жанагы эриниз эч качан жакшылык корбойт го сиздей аялды, балдарынызды таштап кеткени учун.
20.07.2011. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
abaylash kerek eken... baldardy chonoytup alsaniz ele boldu... alardy uylontup jaylantip, koldorunan chay ichuunu Allah Taala nasip kylsyn... birok ozunuz da jon otura berbey islam dini boyuncha jashaganga araket kylynyz. Bul duynogo emne ucun kegenbiz? Emnege olobuz? Jashoo usunu menen ele chektelebi? Tigi duyno, surak, tozok-beyih degenderdi izildey beriniz... Olum degen kashkaygan chyndyk turgandan kiyin, baary jalgan... Kantip murzogo jakindap kalganinizdi baykabay kalasiz. Sizge iygilik.
20.07.2011. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эркек,,,,,кайсы арына эркек?'эркек болсо аялын балдарынын жанына отургузуп озу иштеп кетпейт беле россияга.кайсы бети менен аялы алып берген машинаны тееп журдукен?эркек болсо машинасын кайтарып берсин ал деген Айша эженин ак эмгеги.колуман келсе ушундай чмооо эркек эместерди чогултуп туруп атмакмын да
21.07.2011. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркектердин жузундо тугу бар. алардын уяты жок болот. не кылса жараша берет аларга. А тиги ойношуп жургон аял соройуно жиним келет. Бироонун коз жашынан бироо бакыт кура албайт, унутпагыла!
22.07.2011. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунча чыдапсыз эми да чыдан аягы жаман болбос! Тагдыр экен да арга жок кайтар дуйно сизге азап бергендерге да кайтаарушунча чыдапсыз эми да чыдан аягы жаман болбос! Тагдыр экен да арга жок кайтар дуйно сизге азап бергендерге да кайтаар
23.07.2011. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол бирдей эмес туугандар, 1 сасык 1 гаарын майды чиритет дегендей эркектердин да жакшысы коп. Эми Айша эжекебизге айта отсом Ошончо чыдып келипсиз балдарынызды озунузду ойлоп келечекти карай белинизди бекем бууп артка кайтпай балдарыныздан умуттонуп жашай бериниз.
24.07.2011. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иии,ушундай эркек менен жашаганча,ажырашып кеткенинизге суйунунуз да. Баары алдыда. Баары жакшы болот! Кудайдан озунузго ден-соолук,балдарынызга ден-соолук,ыйман тилениз. Куйоонуздун ошол аял менен ажырашпай жакшы жашашын тилениз. Болбосо ал аялы менен да бир аз жашап,анан ажырашып кайра сиздин мойнунузга минет,ортодо балдар бар деп балдарын шылтоолоп. Бул кырсык,бирок кырсык да жакшылыкка болот. Билесизби ушуну?
24.07.2011. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baar jok Alladan gana bolot zynakorgo-zynakor ayal berem, kimisi tooba kylsa any ajyratyp bawkaga kowom deyt eken kuranda.
06.02.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еркеке ишенгиче,этегине ишен'дейт ко .Ар бир аял заты озу учун гана жашаш керек.Кайнене бироо ене дейт,баласы тарап та созсуз.аябай жиндендим кайненеси 2келинин келет дегенин.баарына кайнене кунолуу.убагында условия тузуп бербеген,баласыны нормал.й тарбиялабаган!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо