Роза Ибраимова: «CТИЛДҮҮ АЛПАРУУЧУ БОЛОМ ДЕП ОЙЛОГОМ»

№454 15-21-июль, 2011-жыл

2010-жылы “Супер алпаруучу” наамына ат салышкан Роза Ибраимова бул аптабыздын каарманы. Анда алпаруучу сүйүүсүн, өмүрүн, карьерасын камтып, окурмандар менен ой бөлүшсүн.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • 1987-жылдын 2-декабрь күнү Кочкор районунун Оро-Башы айылында туулган.
  • Алты бир туугандын улуусу.
  • Учурда Кыргыз улуттук университеттин журналистика факультетинин 5-курсунда сырттан окуйт.
  • Эфирде «албетте» деп көп айтат.
  • Күмүш көп тагынат, алтынга анча кызыкпайт.
  • Үлпөт көйнөгүн 450 долларга заказ кылды.
  • Эң биринчи маянасы 201 сом болгон.
  • 2009-жылы радио репортаж боюнча «Дойче Велле» сертификатына жана КРнын акыйкатчысынын «Мыкты журналист» деген наамына ээ болгон.

“ТАКШАЛА ЭЛЕКСИҢ” ДЕП ЭФИРГЕ ЧЫГАРБАЙ КОЮШКАН”
– Окуучулук кезимде эле майрамдык иш-чараларды алпарып жүрчүмүн. Жакындарым “кийин сен да бул дикторлорго окшоп сыналгыдан чыгып сүйлөйсүңбү?” дешсе, дароо “ооба, сөзсүз” деп жооп берчү экенмин. Бул кыялымды 19 жашымдан баштап ишке ашыра баштадым. Алгач “Миң кыял FM” радиосунун сынагынан өтүп, ди-джейликти аркалап калгам. Өчүк микрофонго сүйлөп, угармандардан “үнүңүз угулбай жатат” деген телефон чалууларды көп уктум. Кийин ди-джейлик менен телеалпаруучулукту чогуу алып кетсем кандай болот деп Ассоль Молдокматованын “Түнкү канал” долбооруна бет алдым. Эсимде, алгач эфирге чыкканымда чачымды тасырайта экиге бөлүп өрүп алган кебетемди элестетсем, азыр күлкүм келет. Эфирге чыкканымдан кийин “такшала элек экенсиң” деп түз эфирге чыгарбай, чакан рубрикалардын алпаруучусу кылып дайындашкан. “Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей, мен иштешип жаткан долбоор жабылып, багыма “Супер ТВ” телеканалы ачылып, режиссёр Канат Култаев менен иштешип калдым. Бир эле мезгилде режиссёрдун “Браво” берүүсүндө да алпаруучулукту аркаладым.

“ЛАГМАН ЧОЁ АЛБАЙМ, КАНТИП КҮЙӨӨГӨ ТИЕМ?”
– Нарындык болгондуктанбы, кара кесек этке, анан сүт азыктарына жакынмын. Ашканада болсо тамактарды даамдуу жасаганга аракеттенем. Бир гана лагман чойгонду жакшы өздөштүрө элекмин. “Кайын журтум лагманды сүйүп жеген адамдар болсо эмне кылам?” деп азыртадан чойгонду үйрөнүп жатам.
Андан сырткары гүлдүн түр­лөрүн өстүргөндү жактырам. Жакында эле апамдын туулган күнүнө атайын идишке гүл өстүрүп, белекке алпарып бердим.

“ЧАЧЫМ ҮЧҮН КУЛТАЕВДЕН УРУШ УККАМ”
– Алпаруучулар гримге көнүп калышат эмеспи. Бирок мен көп боёнбойм. Кирпик да, тырмак да чаптап көргөн эмесмин. Чачымды кыркып, кашымды теришиме апам да каршы болчу. Бирок алпаруучу болуп жаңы киргенде визажисттер кашымды терип салышкан. Көнө албай ыйласам, Ассоль Молдокматова “сен деген эми алпаруучусуң, боёнушуң керек” деп соороткон эле. Кийинчерээк бизди тейлеген сулуулук салону белимден ашкан чачымды кулагымдын түбүнөн кылып кесип салышканда жетекчим Канат Култаев “кыркып жатса деле отура бердиңби?!” деп абдан урушкан эле. Мен да анда “ии, стилдүү болуп калам го” деп отура бериптирмин.

“КҮЙӨРМАНДАР АРАСЫНАН ТҮГӨЙҮМДҮ ТАБА АЛГАН ЖОКМУН”
– Египетте жашаган Султан аттуу күйөрманым бар болчу. Мага Куран китеп алып келип бергенде абдан кубангам. Дагы бир күйөрманым тирүү болбосо да деп кичинекей сувенир кой көтөрүп келип, “бай болуңуз, ушинтип мал багып, кийин айылда жашаңыз” дегенде, аябай таң калгам. Бирок айылга турмушка чыксам деле көнүп кетмекмин. Эми шаарда жашасам деле мал баксамбы деп жатам (күлүп). Арасынан колумду сурагандардын сыртынан сынап көрчүмүн, бирок эч кимисин түгөйүм катары ылайык тапкан жокмун.

“ЖИГИТИМ АЛДАП ҮЙҮНӨ АЛПАРЫП...”
– Сүйүктүүмдү таптым! Бактымды кечиктирбей жолуктурганыма кубанып турган чагым. Сүйүктүүм Аман менен сегиз ай мурун теледен таанышкам. Телеге таанышы менен келген экен, биз менен бир дасторкондо отуруп калган. Кесиби программист экен. Алгач телефон номеримди алып, күндө СМС-билдирүү жазып турду. Бирок мен анча деле маани бербей, кээде СМСине жооп берип гана жүргөм. Кийинки күндөрү тамакка чакырып, айтор, бат-бат жолугушчу болдук. Көрсө, ал мага акырындык менен тор жайып жүргөн тура. Бир ирет “шишкебек жеп келели” дегенинен жолугушууга барсам, башка жакка эле баратабыз, “кайда?” десем “үйгө” деп жылмайып койду. Көрсө, ата-энеси менен тааныштырууну көздөгөн экен. Алдын ала айтсам көнбөй коёт деп алдаган экен да. Бирок мен үчүн болочок кайнене-кайнатам менен таанышуу абдан жакты. Кичүү уулу болгондуктан, буюрса, алар менен чогуу жашайбыз. Турмушка чыгуума менин ата-энем деле каршы болушкан жок. Анткени 24 жашка чыктым, демек, үй-бүлө күтүүгө убакыт келди деп эсептейм. Учурда эки тарап сүйлөшүп, үйлөнүү тоюбузду 23-июль күнгө белгилешти. Улуу жолго аттанарда толкунданып турам, бирок баары жакшы болот деген ниеттемин.

РОЗА ЖАКШЫ БИЛЕТ...

  • Кантип сулуулукту сакташты...
    Көбүнчө бетимдин терисине көп көңүл бурам. Жумуртка, айран жана бал аралашмасынан аптасына бир жолу маска жасайм. Келбетимди сактоо үчүн майлуу тамактарды такыр жебейм.
  • Сүйүктүүсүнө майрам тартуулашты...
    Майрам тартуулоонун эң башкысы, позитивдүү маанай, ошондой эле жакшы сөз деп билем. Сүйүктүүмө жылуу сүйлөп, ар түрдүү темада пикир алмашып, майрамдарда белек берип көңүлүн алып турам.
  • Өзүнө көңүл бурдурушту...
    “Көзүң менен адамды тартып аласың” деп көп айтышат. Кашымды серпсем да, жылдыздуу көздөрүм менен тартып алганды жакшы билем.
  • Кантип көп акча табышты...
    Керектүү каражат табуу үчүн тынбай эмгектенүү керек. Уйкудан калсам да, бир мезгилде 2-3 жумушта иштегем.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg


Менин дүйнөм - Роза Ибраимова: "Жакында турмушка чыгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(31)
SUPER.KG видео
15.07.2011. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз..........Ар бир суйлогон созу ордунда экен..Азаматсыз кыргыз кыздары сиздей болсо..Ийгилик и семейного счастья вам желаю..
SUPER.KG видео
16.07.2011. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол!!! ойлогон тилегине жет и аял затына тиешелуу баардык бакыттарды каалайм!!!
SUPER.KG видео
16.07.2011. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол кармашкан колунар узулбосун кыргыздын кыздарына улгу бол сендей кыздар коп болсун кыргызда!!!
SUPER.KG видео
17.07.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, РОЗА эже! Бактылуу болунуз! Кармашкан колунуздар эч узулбой, турмуштун дангыр жолунда журунуздор!
SUPER.KG видео
18.07.2011. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эки дуйно бактылуу болунуз! Аллам Сизден жакшылыгын аябасын
18.07.2011. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза,бактылуу уй-булоолу болушуна тилектешмин!абдан жакшы,жонокой кыздай корунот.
SUPER.KG видео
18.07.2011. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы болуптур, журналистикалык задумка аябай жакшы экен,элге жагымдуу , жакшы маанай тартууладынар . Розаны толугу менен ачып бере алдынар . Башкаларын дагы ушундай кылып жасасанар ,озгочолонуптур.
SUPER.KG видео
18.07.2011. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз. Озбекче ыр койгонунар жакпады канча жакшы Кыргызча ырлар бар ошол жагына конул буруп койсонор
18.07.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uluu saparga kadam tawtap jatyptyrsyz... ALLAH sizderdi eki duinodo baktyluu kylsyn!Ar daiym den soolukta bolup, aldydagy kozdogon maksattarga jetiwinizge tilektewmin! Daiyma efirdegidei juzununuzdon jagymduu jylmaiuunuz ketpesin! Siz u4un men abdan kubany4tamyn!
SUPER.KG видео
18.07.2011. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uluu saparga kadam tawtap jatyptyrsyz... ALLAH sizderdi eki duinodo baktyluu kylsyn!Ar daiym den soolukta bolup, aldydagy kozdogon maksattarga jetiwinizge tilektewmin! Daiyma efirdegidei juzununuzdon jagymduu jylmaiuunuz ketpesin! Siz u4un men abdan kubany4tamyn!
18.07.2011. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй булоодон болгула.
SUPER.KG видео
18.07.2011. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча эле ырды койсонор болмок
18.07.2011. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза куттуктайм!!! ,бактылуу болгула!!!!!сенин мага алпарганын жагат!!!!! дайыма эле жадырап жайнап журобер!!!!!!
19.07.2011. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза,Сизди чын журоктон куттуктайм. Кудай Таалам экоонорду тен эки дуйнодо тен бактылуу кылсын. Азыр сиздин турмушунузда ото бир маанилуу учур. Бир убакта уй-булону жана чыгармачылыкты алып кетуу бир кыйла татаалыраак. Ошондуктан сизге бекем кайрат жана талыкпас эмгек менен бирдикте ар дайым жузунуздон узулбогон кубанычты каалайм. Бар болунуздар жана бактылуу болунуздар. Мен сиз менен сыймыктанам. Каап, Сизди мен алсам эмнээ?
19.07.2011. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгулула! жашооңуз жакшылыктар менен жалгана берсин, ар бир минутуңузду ийгиликтер коштосун.

СуперТВ эмне үчүн Зыядонун ырын видео монтажга коштоп койдуңар экен, Кыргыздын соонун ырлары деле жетишет элего. ушунчалык жерден болсо да Улут сүйөр болгулачы.
19.07.2011. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болугула!!
19.07.2011. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
19.07.2011. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экоо тен жакшы кыздар
19.07.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон турмушка аттанган ак жолун ачык болсун, кармашканын менен бактылуу болгула, эфирден эч качан кетпе!
19.07.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым бактылуу болунуз, омурлук тугойунуз сизди тушунгон жан болсун!
19.07.2011. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйгонун менен бактылуу бол.
20.07.2011. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
TolonturCNге кошулам
21.07.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызча ыр коштосо мындан мыкты болмок экен.
25.07.2011. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол
26.07.2011. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо бул кыз копту коргон кыйын кыз.Намаз окуйм дейт деп уккам.Ошонтип айтпай эле койсон болот эле.Кылган кылыгын тим эле укмуш...
20.11.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alberto, кылгындарын ты откуда знаешь, обязательно хотя бы один плохой коммент надо оставить да?
30.07.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналисть кьочькор дейт гоо
Медиа-портал
15.08.2011. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Маекти жакшы уютурупсуздар. Бир гана фонмузыканы озбекче кылганына жаккан жок. кыргыздын белгилуу адамдарын суйлотуп анан башка улуттун музыкаларын жаныртпагылачы...отунуч.
SUPER.KG видео
16.10.2011. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yry ozbekche deleemes go , bul degen jon gana muzika da
SUPER.KG видео
05.08.2012. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келечегин алдыда Алла колдосун,Баардык тилегин орундалсын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо