Сайкал Садыбакасова: «УНААМ ӨЧҮП КАЛЫП УЯТ БОЛГОМ»

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Апасынын эрке кызы болгон сонун го дейм. Дегеним, ырчы Сайкал Садыбакасова Ошко барса апасынын унаасын зуулдата айдаса, Бишкекке келип туулган күнүнө белекке алган Мерседесинин жанын тындырбай башкарып келет. Машина сүйүүчүлөрдүн катарын толуктаган Сайкалдын маегине көңүл бурсак.

– Сайкал, канча жашыңдан бери унааны башкарып келесиң?
– Унаа башкарганды 9-класста апамдан үйрөнгөм. Анткени апам бул жагынан профессионал десем болот. 1983-жылдан бери рулда. Жанына отуруп калганымда “кызым, муну билип алсаң жакшы. Бул белги мындай болот, ашууларда мындай ылдамдыкта айдайсың” деп көп нерсени үйрөткөн. Жадакалса атайын Ноокаттын ашуусуна алып барып айдатып да көргөн.
– Демек, алгачкы жолу апаңдын машинасынын рулун кармаган турбайсыңбы?
– Жок, баарын үйрөткөндөн кийин «үйрөнгөнгө оңой, бир нерсени сүзүп алсаң да арзан» деп Деу Ланос үлгүсүндөгү кызыл, механикалык унааны сатып берди. Алгач үйдүн тегерегинде айдап жүрдүм. Анан акырындык менен Ош шаарынын бул четинен тиги четине айдай баштадым. Албетте, «ким сүзүп кетет, бирөөнү уруп албасам эле болду» деп коркчумун. Кээде “Сайкал, азамат! Бат өздөштүрүп кеттиң” деп өзүмө дем берчүмүн. Анан да бул унаамды дүйнө эли көргөнүн айтпасам болбойт го. Былтыр Орусиянын Биринчи каналындагы жаңылыктардан Ош окуясы жөнүндө берип жаткан. Көчөдө бир да машина көрүнбөйт, бир эле кызыл машина зуулдап жүрөт. Баарыбыз “ии, мобу эмне кылып жүрөт?” деп калдык. Анан жакшылап карасам, байкуш менин машинам экен. Көрсө, апам өзүнүкүн токтотуп, балдарга меникин айдатып, жумуштарын бүтүрүп жүрүптүр да.
– Бул тулпарыңды ким алып берди?
– 18 жашка чыкканымда апам белек кылган. Ошол күндү такыр унутпайм. Апам экөөбүздүн туулган күнүбүз бир күндө эмеспи. Туулган күнүбүздү, анан апамдын «КРнын Эл артисти» деген наамын жакындарыбызга жууп берүү максатында той өткөрүп жатканбыз. Апама каалоо-тилек айтып, эне жөнүндө жаңы ырымды сюрприз кылдым. Ырдап бүтөрүм менен апам дароо микрофонду алып сөз сүйлөп, ал да мага сюрприз кылып ачкычты тапшырып жатпайбы. Чындыгында, мен үчүн күтүлбөгөн белек болгон.
– “Жол азабы, көр азабы” деп коюшат. Бузулган учурда эмне кыласың?
– Алгачкы унаамды сабакка айдап барганымда аккумулятору отуруп калса болобу! Эптеп курсташтарымды жардамга чакырып, түртүп жүргүзгөн элек. Жолдо кетип бара жатып дүкөнгө токтосом, баягы “оорусу” кайра кармап калды. Дүкөндүн алдында мени сыртымдан тааныган кыздар-балдар турушуптур. Алар “Сайкал качан кетет экен?” деп күтүп турушат. А менин машинам от албайт. Музыка угайын десем, анысы да ырдабай калат тура. Апама чалсам, телефону өчүк. Агаларыма чалсам, «бош эмеспиз» дешет. Ошентип, тиги кыздар-балдар кеткенде гана 2-3 жигитти чакырып, түрттүрүп жүргүзүп, эч жерге токтотпостон үйүмө жеткем.
– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдың беле же...
«Сен эмес, сенин апаң мен да окуп алгам» деген апамдын талабынан кийин 3 ай окуп, сынак тапшырып алдым. Азыр да унаалар тууралуу кызыктуу журналдарды, китептерди, пайдалуу кеңештерди окуп турам.
– Акыркы жолу коомдук унаага түшкөнүң эсиңдеби?
– Ланосту саткандан кийин түшкөм. “Кыз-Бурактын” кыздары бир кечеге бармакпыз, болушунча жасанып-түзөнүп алганбыз. Топтун машинасы бузулуп калып, аргасыздан маршруткага түшкөн элек. Баары бизди карашат десеңиз. Ошондо аябай жаман болгом. Мен деле адаммын да, элге окшоп кээде коомдук унааларга түшкүм келет.
– Ала таяк көтөргөн ага-эже­лериң менен мамилең кандай?
– Негизи, көйнөк кийгенимде бырышып калат деп такыр кур такпайм. Ошол учурда көп кармалам, анан да телефон менен сүйлөшүп баратканымда. Бирок бири-бирибизди бат түшүнүшөбүз, эл үчүн иштеген адамдарбыз деп.
– Бир күндө канча бензин коротосуң?
–20-30 литрдин тегерегинде.
– Айдоочулардын кайсы түрүнө киресиң, жогорку ылдамдыкты сүйүүчүлөргөбү же...
– Жогорку ылдамдыкта айдаган жагат. МАИчилер апама «Сайкалды жай айда дебейсизби» деп көп айтышат экен.
– Машинаңа кандай мамиле жасайсың?
– Унаамды өзүм жууганды жактырам. Ар дайым бата кылып, аластап турам. Оштон келгенимче сагынып кетем. Машина үй-бүлөңдүн бир мүчөсү болуп калат экен. Кадимкидей “жаным, жоргом менин” деп сүйлөшөм. «Мерседес Африкада да Мерседес» деп коюшат го. Андыктан жоргомду алмаштыруу оюмда жок.
– Унааңды башкаларга айдаганга бересиңби?
– Жок, эмнеге бермек элем?! Ал меники да. Бирок бул ичи тардык эмес. Апам Бишкекке келгенде меникин айдап калат да. Ошондо «абайлап айдаңыз» деп көп эскерте берет экенмин. Анткеним өзүмө билинбейт.
– Айдоочу айымдар кошумча бут кийим алып жүрүшөт экен. Сенчи?
– Башында жапыз такалуу бут кийим менен айдачумун. Азыр бийик такалуу бут кийим кийип деле айдап кете берем.
– Ар дайым Дөөтү колдоп, унааңдын дөңгөлөгү чимирилип турсун.

Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(36)
18.07.2011. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"– Бир күндө канча бензин коротосуң?" - десе,
"–20-30 литрдин тегерегинде." - дейт. Бул деген кунуно 200-300 километр деген соз. Менимче САЙКАЛ такси кылат го.
18.07.2011. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
200-300 км. болушу мумкун эмес. Коп дегенде 100-120 км. журот. Е280 мотордун колому чон машина, шаар ичинде бери эле дегенде 20 литр коротот 100 км. Бирок ошого жараша кучтуу, мотордун ресурсу коп, коркпой обгонго чыга аласын.
Азаматсын Сайкал, сага ийгилик! Жонокойлугунду сактаганын, сый-урматты арттырганын деген жакшы тилектери м-н жердешин.
18.07.2011. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun,
Е280 объем 2,8 мотору 13 литр ичет шаар ичинде.
Суроттогу мерс 2000 жылкы эмес, ашып кетсе 1999 ж. андан кийин "миллениумдар" чыгып баштаган.
Базар баасы 9000 доллардын тегереги
18.07.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
– Ала таяк көтөргөн ага-эже­лериң менен мамилең кандай?
– Негизи, көйнөк кийгенимде бырышып калат деп такыр кур такпайм. Ошол учурда көп кармалам, анан да телефон менен сүйлөшүп баратканымда. Бирок бири-бирибизди бат түшүнүшөбүз, эл үчүн иштеген адамдарбыз деп. suroosuna da tushunbodum,joobuna da tushunbodum,silerchi?
19.07.2011. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, ala tayak kotorgon aga-ejeler degen polosatiy tayakchan maichiler. Al emi Saykal maichilerge telefon menen suyloshup baratkanda, je kur tagynbay baratkanda kop karmalat.
18.07.2011. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сайкал экообуздун машиналарыбыз окшош экен. Чын эле ""– Бир күндө канча бензин коротосуң?" - десе,
"–20-30 литрдин тегерегинде." - дейт. Бул деген кунуно 200-300 километр деген соз. Менимче САЙКАЛ такси кылат го." дегени туура го. мен кундо ЗАГСка чыгып зорго ошончо коротом.
18.07.2011. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azyat82,

Хххха-ха-ха-ха-хаааа.. Ушуну жазбай эле койбопсун да, досум. Журсо жургондур 200-300 км. Бироонун чыгашасын ойлобой, озундукун эле эпте. Ага мынчалык кайгырасын бензинин же машинесини тетигин алып берип жаткансып...
18.07.2011. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расса кулкум келтат))Такси кылат деп силердагы жайына койсонор болбойбу жыртыктан тешик издебей!!!
18.07.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku ал деген ГАИ болот
19.07.2011. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Сайкал , мен да эптеп септеп айдап баштадым коркуп атып, дагы жакшы автомат BMV 530 i мен да мактанып койоюн , аман эсен кырсыктан алыс болуп айдайлы !
19.07.2011. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
САйкал коп эле жерде ашыра мактанам деп озуно коп соз ашырып алат да, 20-30 деп ашыра чааптыр чынында,кээде супер инфонун да коркомдоп чыкчуу жайы бар эле. же ошолбу....
Ийгилик боло берсин Сайкалга, только алга!!!!!
19.07.2011. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында мен деле жаны машина алганда, 2 ай кунуно 40 литр куюп, уйдо отурбай, 3-4 саат уктап алып эле, анан шаарды айлана берчумун. Башында, конечно кызык болот, азыр уже 40 литр менен колго барып келем. Анан бир жолу гаи токтотуп, жаныма келип кулот, сиз правиланы бузбай тундо дагы ремень тагып айдайсызго деп. Мен айттым силерден коркконуман эмес. озум учун тагам деп. Так что Сайкал ремень созсуз тагыш керек, канча озуно ишенсен дагы! Аркандай жиндилер болот, сени келип сузуп салышы мумкун!
19.07.2011. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быссымыллда дегенде эле ременьди тагынам,жанымдагыны да ремень тагынып ал деп айтам.Мен дагы МАИ лерден коркконумдан эмес,озумдун коопсуздугум учун.Келесоолор толтура да.
19.07.2011. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул машинесин Бишкекке келгенде айдайт турбайбы. "Кыз-Бурак" бизге эс алганы келбейт да, клип тарттырат, ыр жаздырат, фотоссесия кылат, тойлорго барат дегендей Албетте мындай жумуштар коп чуркатат кетсе кетет да 20-30 литр май. Менимче булардын Бишкекте бир эле машинасы бар болуш керек
19.07.2011. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prostoy,
Эми биз Супердин озу коруп 2000 жыл деп жазганына ишенелиби же токойдон чыга калган сенин 1999 дегенине ишенебизби?
Сайкал, негизи ак жолтой машина болуп, сага жакшылык учун кызмат кылсын !!!
19.07.2011. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Донголокторунон шамал зуулдай берсин, ар дайым жол чырактар жашыл жанып турсун, бензинин тугонбосун, ишине ийгилик!
19.07.2011. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Я тебя ценю и уважаю, но что значит 20-30 литров это уже перебор. У меня у подружки по работе ЛЕКСУС и то мы столько не тратим хотя по вечернему г. Ош катаемся до саммммой зари!!! ашырып жибериптирсин сестренка!!!
19.07.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7777,
У нее под попой НЕМЕЦ рычит и коробка не слабая. А у вас ЯПОНЕЦ - пик динамики и экономии...
27.10.2012. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubik, ))))
19.07.2011. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал азаматсын ийгилик сага!
19.07.2011. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынар эле литрин санап эле чукуп калыпсынар гоо.. кетсе озунун акчасы кетип жатат гооо апеей, мен Датка кызга толугу менен кошулам.. Ийгилик Сайкал, Элге талыкпай кызмат кылып журо бер, талантына таазим..19жашта эле лупарик айдасан, 20 жашында хаммер минишинди каалайм
19.07.2011. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ьукы
20.07.2011. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Разве здоровая критика тут не приветствуется, или на этом сайте нельзя высказать свое мнение другим людям! Сразу затыкать начинают! Я лично с Prostoy очень даже согласна. И пожалуйста умейте уважать чужое мнение!
20.07.2011. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Настя Кучетковага окшошуп калат экен суротто. Машиненди этият кылып айда ,– Жогорку ылдамдыкта айдаган жагат-деп жатасын.Азаматсын.
20.07.2011. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте Сайкалдай карындашыбыз бар экенине сыймыктанабыз!!!! кунуно 100 литр корот. ийгилик сага, бизче айтканда машинандын тагинан шамал ото берсин....
20.07.2011. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20-30 литр......смешно
21.07.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош бишкек жолунда айдаганын luparik Жанындагы жолоочу luparike ууу берет Скоростько алдырба Айдоочуга Коз тиет.
21.07.2011. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Правила дарожного движение...это Закон жизни.
21.07.2011. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыз бурактын жетим жугурук машинасыдыр да.машинаны ары бери иш бутконго аласын да.эмне эле кыйналып жатасынар.
21.07.2011. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сен дагы уятты билесинби
21.07.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой уй туугандар. бироонун чыгашасына ушунча неге талаш-тартыш кылып жатасынар. Ары-бери чапкылап айдай берсе андан коп деле бензин кетет да. Датка кыз туура айтат, артистердин жумушу бир орундан бутпойт да.
21.07.2011. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал азаматсын!Ырларын аябай жагат.Машинанды абайлап айда.чыгармачылык ийгилик!
22.07.2011. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал жонундо жаман жазгандардын баардыгы аны коро албай жазышкан,Сайкал-ты красавица,умница,просто прелесть,я тебя уважаю и ценю,вперед только вперед...
22.07.2011. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ку
22.07.2011. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин машинам зил-130 кунуно 5000000000литр бензин коротом
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо