Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ӨЧ АЛУУ ҮЧҮН НАРИСТЕНИ УУРДАП...

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Жакында бирөөнүн баласын уурдап, тилемчилик кылып жүргөн аял тууралуу кабар Кыргызстанды дүң дедирди. Бул окуя боюнча маалымат чогултуп жүрүп үрөйдү учурган нерселерге туш болдук. Айгүл аттуу аял бирөөнүн бир жарым жашар баласын уурдап, ага буюмдай мамиле жасап, жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган. Бир айдын ичинде бөбөктү жуунтуп да койгон эмес. Натыйжада бала арыктап, оорукчан болуп калган. Анда кеп башынан болсун.

БИР КАРАГАНДА КАТАРДАГЫ ЭЛЕ ТОНООЧУЛУК, БИРО-ОК...
Май айынын баш чендеринде Кемин РИИБинин кызматкерлери түшкөн арыздын негизинде тоноого шектүү деп 33 жаштагы Айгүл аттуу айымды кармашкан. Бир караганда катардагы эле тоноочулук. Айыпталуучу 5-май күнү кокусунан таанышып калган бир аял менен арак ичип, аны мас кылып уктатып коюп, кулагындагы алтын сөйкөсүн уурдап кеткен. Анан зер буюмду соода күркөлөрүнүн бирине арзыбаган акчага өткөрүп жиберген. Бирок “шоунун” баары иликтөөдө башталат.
Анын буга чейин да тоноочулук жана уурулук боюнча сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болот. Аз гана убакыт мурун абактан бошонуп чыккан экен. Ошол учурда туруктуу жумушу жана жашаган жери болгон эмес. Баарынан кызыгы Айгүлдүн билдирүүсү болгон. Ал милиция кызматкерлерине: “Силердин мени кармоого укугуңар жок, анткени менин кичинекей балам бар”,- дейт. Анан чынында эле тоноочунун баласы бар экендиги тастыкталат. Мыйзам деген мыйзам, Айгүл темир тор артына кетиши мүмкүн болгондуктан, укук коргоочулар баланы Кеминдеги Балдарды убактылуу кароочу борборго өткөрүп берүүгө аргасыз болушат.

МЫНА САГА “КОНЦЕРТ”!
Мындан аркысы өзүнчө эле мексикалык сериал. Баланы дарыгерлер текшергенде анын денесиндеги көптөгөн тактарды, эки тараптуу пневмониясын (өпкөнүн сезгениши) көрүп чочуп кетишкен. Мындан сырткары бала биттеп да кетиптир. Анткени баланы бери эле дегенде бир ай жуунтушкан эмес. Аябай арыктап кеткени начар тамактануудан экендиги айтылат. Айтор, балага жаман мамиле жасалгандыктан, ал ушунчалык начар абалда калган.
Баланын ден соолугун калыбына келтирүү максатында дарылануу үчүн Бишкектеги балдар ооруканасына жиберилет. Ошол борбордогу ооруканада жатканда гана баланын чыныгы ата-энеси пайда болгон. Ал эми "энесимин" деген Айгүлдүн балага эч кандай жакындыгы жок болуп чыгат.

ЭНЕСИН МАС КЫЛЫП КОЮП, БАЛАСЫН УУРДАП КЕТКЕН
Тергөө учурунда белгилүү болгондой, Айгүл апрелде боштондукка чыгып, жаңы жашоону баштайт. Жумуш издеп жүрүп Нурлан деген адам менен таанышып калат. Токмокто жүргөн Нурлан Айгүлдү Бишкектин Дордой жаңы конушундагы үйүнө чакырат. Ошол күнү үйдө келинчеги жана балдары жок болгондуктан, Айгүл анын үйүнө түнөп калат. Экөө түндү чогуу өткөрүшөт. Эртеси Айгүл Нурланга “эми сен мага үйлөнүшүң керек” деп чыгат. Мындайды күтпөгөн Нурлан үйлөнгөнүн, аялы жана 4 баласы бар экенин түшүндүрүп, үйүнөн сылык узатып коёт. Айгүл Нурландын мындай мамилесине таарынып, кек сактап калат. Анан өч алууну көздөп, Нурландын үйүнө кайра барат. Ал күнү үйдө Нурландын аялы Назгүл жана кичүү уулу Баястан бар болгон, калган балдары туугандарыныкында эле.
Назгүлгө өзүн “Нурландын сүйлөшкөн кызы болом” деп тааныштырат. Башка аял болгондо, балким, уялбастан “ойношумун” деп келгенине чыдабай ызы-чуу кылып, чачынан сүйрөп кууп чыкмактыр. Бирок Назгүл Айгүлдү үйүнөн кууп чыгуунун ордуна аны менен арак ичүүгө макул болот. Экөө эки бөтөлкө арак ичишет. Назгүл мас болуп уктап калганда Айгүл Баястанды алып, келген жолуна түшөт. Үйгө келген Нурлан окуянын чоо-жайын угуп, укук коргоо кызматкерлерине кайрылат.

БАЛА МЕНЕН ТИЛЕМЧИЛИК КЫЛГАН
Бул убакыт ичинде “баланы көрсө, элдин боору ооруп көбүрөөк акча берет” дедиби, Айгүл Баястанды көтөрүп алып Токмок жана Кеминде тилемчилик кылып жүргөн. Бала Айгүл менен кошо көрүнгөн жерде жатып, ал эмне жесе (көбүнчө нан, суу) ошону менен тамактанган. Айгүл акыркы жолку “аңчылыкка” чыгар алдында аны бир аялдын үйүнө таштап койгон. Баланы ошол жерден милиция кызматкерлери алып кетишкен.

“АТАСЫ БАЛЫКЧЫДА ИШТЕЙТ” ДЕП, БИРОК ДАРЕГИН АЙТПАЙ КОЙГОН”
Кемин РИИБинин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн ага инспектору Элмира Шамшиева мындай дейт:
– 7-май күнү РИИБден “Кемин шаарчасынын Абдыбачаев көчөсүндөгү №2-үйгө кичинекей бала ташталды. Анын энеси талап-тоноо боюнча кармалып, биздин убактылуу кармоочу жайда отурат” деген билдирүү түштү. Ал даректе жашаган Коновалов дегендердин үй-бүлөсү бизде каттоодо турат. Күйөөсү да, аялы да дайыма арак ичип мас болуп эле жүрүшөт. Аны угуп, Орловка айылындагы “Нурмээайса” деген балдарды убактылуу кароочу борбордун директору Гүлнара Киребаеваны чакырдым. Экөөбүз аталган дарекке барсак, орус үй-бүлөдө кыргыз бала бар экен. Аны текшерсек, денеси, бети тытылып, көк ала болуп, котур да болуп кетиптир.
Убактылуу кармоочу жайга келип кармалган аялга жолугуп, “эмне үчүн бул үйгө таштадың, башка үйгө таштасаң болбойт беле?” десем, “үч күн шабашкага чыктым эле, караганга киши жок болгондуктан, ошол жакка таштадым” деп койду. “Балаңдын денесинин баары жара экен. Сен бул жакта отурасың, атасынын дарегин айт, ошого жөнөтөлү” десем, Кочкор районундагы бир айылды айтты. Ал айткан айылдан биздин бир кесиптешибиз бар эле, ал андай адам жок экенин айтты. Кайра келип, ал айткан айылда андай адам жок экенин, эмнеге алдап жатканын сурасам, “баламдын атасы Балыкчыда иштейт” деп, бирок дарегин айтпай койду. Анан Балыкчыдан издештире баштадым.
Дагы бир жолу кирсем, оозу-башын боёгон, тим эле кычырап алыптыр. “Эже, ден соолугуңуз кандай?” деп коёт. “Менин ден соолугумду эмне кыласың, балаңдыкын сурабайсыңбы? Ооруканада жатат” десем, ойлонуп да койгон жок. Ошондо таң калып, шекшип койгом. Баланын атын Арген деп айткан, ал эми таштаган үйдөгүлөр “өз аты Темирлан болсо керек” деп айтышты. Кийин белгилүү болгондой, баланын аты Баястан экен.

“БИР ЖАРЫМ АЙ МУРУН ЖОГОЛГОН БАЛАМДЫ ИЗДЕЙМ”
– 26-май күнү Киребаева телефон чалып калды, “эже, бизге бир аял келиптир, жанагы бала жөнүндө айтып жатат окшойт” деп. “Анда РИИБге келе калгыла” десем, экөө ээрчишип келип калышты. "Баланын энесимин" деген айым Дордой жаңы конушунда жашаган 28 жаштагы Назгүл Мансурова экен. “Баламды бир жарым ай мурун жоготуп, издеп жүрөм. Бул боюнча Свердлов РИИБине жоголгондугу тууралуу арыз жазганбыз. Ушул жакта менин балама окшош бала бар экен деп угуп келдим”,- деп айтып калды. Свердлов РИИБинин тергөөчүсү менен байланышсам, ал тастыктап берди. Ошол маалда бала Бишкек шаарынын Жал кичирайонундагы ооруканага жатып калган эле. Айгүл Мамытова экөөнү жолуктурсак, экөө бири-бирин тааныйт экен. Менимче, Айгүл тиги бала аркылуу өч алайын деген окшойт.

МЭЭРИМСИЗ АЯЛЗАТЫ ЖАЗАСЫН АЛДЫ
Бишкек шаардык Свердлов РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Солтоев буларды маалымдады:
– Бизге Нурлан Кызалаков деген адамдан баласын уурдап кеткени тууралуу арыз түшкөн. Айгүл Мамытова 23-апрелде Нурландын үйүнө келип, анын Баястан аттуу уулун алып кеткен. Нурлан бизге ал аялдын атын, анын жакында эле абактан чыккандыгын айтып берди. Биз аялдар колониясына барып, ал жөнүндө так маалыматтарды, сүрөтүн алып, издөө жүргүзө баштадык. Айгүл Мамытова мурун да үч жолу уурулук жана эки жолу тоноочулук боюнча соттолуп чыккан. Анын үстүнөн 123-берене (адам уурдоо) жана 167-берене (тоноо) боюнча иш козголгон.

Бул иш боюнча сот процесси 24-июнда аяктады. Кемин райондук соту Айгүл Мамытованы 8 жылга эркинен ажыратты. Аял болуп туруп бөбөктү кордогон Айгүл өз жазасын алды. Наристеден кабар алуу үчүн Дордой конушуна барганыбызда коңшулары алардын Нарынга көчүп кетишкенин айтышты.
Ата-эне үчүн баладан кымбат эмне бар? Арабызда "наристе жытын жыттасам" деп балага жетпей жүргөндөр канча. “Бирөөгө зар, бирөөгө кор” дегендей, бирөөлөр балага жетпей жүрүшсө, бирөөлөр мас болуп, баласын уурдатып жүрүшөт. Бул окуя көптөгөн жаш ата-энелерге ар тараптан сабак болот деп ишенебиз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(39)
18.07.2011. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прокурор туура айтат, эмне бар көчөдө калган аялды уйунө алып келип, нормально мужик ушинтеби, дурак
18.07.2011. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде нурлан куноолу акмак десе. бомжду уйуно алып келип.
18.07.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EI erkekter kozunordu chon achkylachy tigi Nurlanga soz jok emi kochodo kalgan katyndy uiun bulgap uiuno alip kelip jatkany shermende
18.07.2011. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироого зар бироого кор ошо балага зар адамдарга берип койсо баланы кыйнабай
18.07.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде учоо тен куноолуу,аялынын тошогун тебелетип эмнеге Нурлан кочодогу аялды алып келди,тиги акмак аял дагы келесоо-бироонун уй-булосун бузуп эмне барды?!Анан, баланын энеси,куйоондун сйлошкон кызымын десе эле киргизип арак ичкени да туура эмес,как-никак кичинекей баласы болгондуктан,ичип алып уктап калганы эмнеси,"ответсвенность"деген болуш керек да,эмнеси болсо дагы учоонун жыргалы учун байкуш бала эле кыйналыптыр,ушул эми ата-энесине омур бою сабак болсо экен.
18.07.2011. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мексика сериалы жолдо калыптырго арак ичкендеричи еех.Мексика сериалы жолдо калыптырго арак ичкендеричи еех.
18.07.2011. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой болотта эркектер!Ошол учун мин мертебе ойлонгула."Эркек жаман журсо убалы аялы менен баласына тийет,аял жаман журсо убалы куйосуно тийет."
21.07.2011. 08:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mirgul, эркектер баардык эркектерди айтпастан айрым эркектер деп айтсаныз туура болот.
18.07.2011. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баладан айлангыр айбан.
19.07.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учоотен келоосо экен , ата энесинин куноосу чон экен, энеси озу алкашка го дейм, бала мурун эле котур болуп анан ал кучоп кетсе керек. Бала эле жаман болуптур. Ии байкуш бала десе
19.07.2011. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи эле калктын жакыр жашаган катмарында мындай окуялар конумуш эле окуядай болсо керек.Аялы торкунуно кетсе,куйоосу кочоодогу эле тааныбаган аялды(бомж экенине карабай)жийиркенип койбой,уйун тебелетип-тепсетип,эртеси ал кармаган оокатты бала-чакасы кармаарын,ал жаткан шейшепке аялы жатаарын ойлоп да коюшпайт.Менимче бобок уурдалганга чейин эле котур болсо керек.Ахывалдары айтып турбайбы.Ошол уй-булоону текшерип,жоопко тартыш керек эле.Оной качып кутулушкан.Окуя 2-жолу кайталанбаса эле болду.
19.07.2011. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай бечараларды коруп, боорум ооруйт. Кудай дагы карабай эле ушундай эркектерге кантип бала бере берет, а канча колунда бар, аялынын козун карап, жаман жолго барбаган эркектер балага жетпей журушот!
19.07.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, Ой айтпа.
19.07.2011. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары бири-бирине окшошкондор окшойт. Ушундайдан сактасын
19.07.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол Нурландын "алигисин" башын балка м-н жара чабыш керек. Журсун 1 жыл даарыланып, катынына да жолой албай, ошондо жетет ошонун кадырына...!
21.07.2011. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubik, балка менен жара чапса такыр иштен чыгып калышы да мумкун
21.07.2011. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asiraasira,

Ремонттоп койсо болот, узагыраак убакыт керек болот да просто...:-)
19.07.2011. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасы озун башкара албай никеси,мончоктой 4 баласы бар туруп ошол аял мн тун откоруп...менин оюмча кудайдын жазасы,балдарынын баркына жете албаган атага
19.07.2011. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учоо тен келесоо экен. Кайран гана бала ушундай ата энеге кор болгон. Аялы кайра тиги менен арак ичип аткандан кийин келесоо эмей эмне!!!
19.07.2011. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baarynan da balanin apasy Nazgyl kelesoo tyrbaiby?Taanybagan eshe syiloshkon kizimin degen ayaldi menen chogy arak ichkeni shymdygyn kyrgyr.Enesinde saattin baari.Balasinin ybalina kalip...Men bolsom meesin jarip tyryp kyyp chykmakmyn gyioom ekoony koshyp tyryp.Aitor kelesoo jandar okshoit tyshynboi ele ali da man bolup oltyram Yshynday kantip bolsun
21.07.2011. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaz, Айтпа кандай эне. Жашоо турмушуна карап деле баланы пландашпайбы. Төрөп төрөп алып же аларга татыктуу тарбия бере албай же 1.5 жашар баланын жоопкерчилигине карабайбы, бети жок.
20.07.2011. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balanyn chynygy apasina jinim kelet, emnege janagy katyn menen choguu arak ichet desen?! Negizi ele emnege adamdar, ayrykcha ayaldar arak ichishet? Araktan arilmayincha shorubuz arilbayt tuugandar...
20.07.2011. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jumanji,

Туптуура айтасын !!! Кыргыз арактан олот деген эмнеси? Арак, арак жагынтпайт элге да, жон жаткырбайт корго да...
20.07.2011. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок
21.07.2011. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kowmar soz jok kantip bolsun uwundai
21.07.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкен эне, еч качан ЭНЕ боло албайт
21.07.2011. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кабарларды окуганда өзгөчө жаш ымыркай наристе аралашкан болсо жүрөк сыздайт.
1.Бул үй-бүлөдө Кудайдан коркуу сезими жок экени көрүнүп турат.
2. Аялы үйдө жоктугунан пайдаланып бомж менен бирге болгон эмне деген акмак.Өзү бомж болсо бир жөн. 4 баланын "атасы". Ата деп айтууга да оозум барбай жатат.
3. Кайсыл акмак аял 1,5 баласын ойлобой арак ичет. Той болсо бир ж
21.07.2011. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнүксүз эле окуя болуп калыптыр.Алкаш үй-бүлөө окшойт.Тааныбаган аялды киргизип,жаш баласына карабай арак ичип,анан оңой эле баласын уурдатып жибериптир.Өзүлөрүндө күнөөнүн баары,өзүлөрүн жазалаш керек!!!
21.07.2011. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрөттөрдөн эле көрүнүп турбайбы тигил эргулдун кейпи. Бомждон айырмасы жок, демек өзү ошондой жашоодо жашайт да эгер бомж менен бирге болуу деңгээлине түшүп калса. Андан төмөн эмне бар! Уялбайбы!!!Акмак. Энесине сөз жок.
22.07.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз ушуга жеттикпи? Кундо мындай окуялар кобун санайм,кун чыккан жакты бир бурулуп мундуу карайм.сурагын берип жаткан бироолордун,ордуна ооруп аткан журокту айайм.тенелбей ооздон чыккан тукуруко,о кыргыз журок м тушунгуло.ушинтип журсок кайдан жол табабы3,башкалардай башкача онугууго?эркеке тенелбей эн жакшы аял болсок жарашпайбы туугандар?биз ушуга жеттикпи? Кундо мындай окуялар кобун санайм,кун чыккан жакты бир бурулуп мундуу карайм.сурагын берип жаткан бироолордун,ордуна ооруп аткан журокту а
24.07.2011. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч чон башы жок жиндилердин айынан бир кичинекей бала азап тартыптыр. :-(нан бир кичинекей бала азап тартыптыр. :-(
24.07.2011. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч чон башы жок жиндилердин айынан бир кичинекей бала азап тартыптыр. азап тартыптыр.
27.07.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы баланын пешенеси бар экен ач калып ток калып байкушум бир нече ай бою!!!Бир нерсе болсо эмне болмок!!!Баш манка атасында илээштирген бир нерсени...
26.08.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасы атасы акмак экен тиги Айгул го адам деле эмес ал жырткыч айбан.
28.10.2011. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа эмне деген шумдук.
08.06.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай не деген шумдук?суйлошкон кызымын десе кошулуп апасы арак ичкен кууп салса болмок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо