Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭҢ КЫМБАТ МОДЕЛДЕР

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Америкалык “Форбс” журналы 2010-жылы эң көп акча төлөнгөн 10 мыкты моделдин тизмесин аныктаган. Сымбаттуулугу үчүн миллиондогон акчалар төлөнүп, эркектердин кыялына айланган модель айымдар назарыңыздарда.

ЖИЗЕЛЬ БУНДХЕН
Жылдык кирешеси – 45 миллион доллар
Жашы – 31де
Бою – 180 см
Салмагы – 52 кг
Параметри – 90-60-89

Учурдун эң популярдуу модели бразилиялык Жизель Бундхен 5 жыл катары менен каражат жагынан биринчиликти бербей келет. Анын мындай ийгилигине атаандаштары гана эмес, профессионал экономисттер да таңдана башташты. “Жизелдин сыры – бизнести да мыкты өздөштүргөнүндө” деп айтышат.
Ал Бразилиянын түштүгүндөгү Оризонтина шаарында 1980-жылы 20-июлда жарыкка келген. Атактуу моделдин беш эжеси бар. Ал эми Жизель – эгиздин түгөйү. Эжеси Патрициядан 5 мүнөт кеч төрөлгөн. Моделдик карьерасын 14 жашынан баштаган. Атактуу “Versace”, “Dior”, “Victoria's Secret” мода үйлөрү менен көп убакыттан бери иштешип келет. Мындан тышкары өзү айымдардын бут кийимин чыгарат. Бай жана атактуу моделдин жеке жашоосу да өтө кызык. Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо менен 5 жыл кыз-жигит болуп жүрүп, сүйүшкөндөр 2005-жылы кол үзүшкөн.
Учурда жолдошу – америкалык футболчу Том Брэди экөөнүн ортосунда Бенжамен аттуу уулу бар. Жизель күйөөсүнүн башка никеден туулган эркек баласын да тарбиялайт. Моделдик иштен сырткары өзүн “Нью-Йорктук такси” жана “ Прадо кийген азезил” тасмаларында сынап көргөн.

ХАЙДИ КЛУМ
Жылдык кирешеси – 20 миллион доллар
Жашы – 38де
Бою – 177 см
Салмагы – 54 кг
Параметри – 91-65-94

Экинчи позицияны немис улутундагы модель Хайди Клум туруктуу ээлеп келет. Ал 1973-жылы 1-июнда Германиянын Бергиш-Гладбах шаарында төрөлгөн. Моделдик карьерасын 18 жашында баштаган. Хайдинин башка моделдерден өзгөчөлүгү – подиумга көп чыкпаганында. “Victoria's Secret”, “Diet Coke”, “Volkswagen” бренддеринин продукцияларын жарнамалап келет. Ал модель гана эмес, алып баруучу жана актриса катары таанымал (33 тасмада роль жараткан).
Чырдуу модель буттарын өзгөчө баалайт окшобойбу, мындан бир нече жыл мурун буттарын 8 миллион долларга камсыздандырган. Жолдошу – африкалык Сил экөөнүн ортосунда 4 бала бар. Акыркы жылдары анын дарегине “Хайди келбетин жоготуп баратат” деген сындар тынбай жаап келсе да, өз ишин ийгиликтүү улантып келүүдө.

КЕЙТ МОСС
Жылдык кирешеси – 13 миллион доллар
Жашы – 37де
Бою – 172 см
Салмагы – 48 кг
Параметри – 86-59-89

Үчүнчү сапта англиялык супер модель Кейт Мосс турат. 1974-жылы 16-январда Лондондун Кройдон аймагында төрөлгөн. Моделдик бизнести 14 жашынан баштаган. Алгачкы жолу “Fase” журна­лы­нын биринчи бетине чыгып, атактуулукту “Calvin Klein” мода үйү менен келишим түзгөндөн кийин алган. Ал интервьюларында “жашоомдогу улуу махабат – Жонни Депп” деп ай­тып келет. Экөөнүн ортосундагы махабат өчүп, Депп “Кейт мени түз жолго салганга аракет кылган эмес. Кайра кудукка түрткөнгө бардык кү­чүн жумшаган” деп комментарий бер­ген.
Моделдин кокаин жыттаган сү­рөттөрү интернет булактарында көп чыгып, сенсация жараткан. Анын Жек Николсондон бир кызы бар. Учурда Жейми Хинс аттуу музыкант менен баш кошуп, жубайлык милдетин аткарып жаткан кези.

АДРИАНА ЛИМА
Жылдык кирешеси – 8 миллион доллар
Жашы – 30да
Бою – 178 см
Салмагы – 50 кг
Параметри – 86-58-90

Төртүнчү орунду мода дүйнөсүндөгү дагы бир пери Адриана Лима ээлейт. 1981-жылы 12-июнда Бразилиянын Салвадор шаарында жарыкка келген. Адриана учурдун эң сулуу жана бай моделдеринин катарына кирет. 15 жашында Бразилиядагы моделдердин сынагында жеңүүчү болгон. Тукумунда индиялыктардын, швейцариялыктардын жана африкалыктардын каны бар. Португал, испан, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. 1998-жылы “Elite” агенттиги менен келишим түзүп, Нью-Йоркко көчүп келет.
Адриана учурда Мадридде жашайт. Сербиялык баскетболчу Марко Яричке 2009-жылы турмушка чыгып, экөөнүн Валентина деген кызы бар. Бразилиядан тышкары Сербиянын да жараны.

АЛЕССАНДРА АМБРОССИО
Жылдык кирешеси – 5 миллион доллар
Жашы – 30да
Бою – 178 см
Салмагы – 52 кг
Параметри – 86-61-86

Бразилиялык модель Алессандра Амброссио 1981-жылы 11-апрелде Бразилиянын түштүгүндөгү Эрешин шаарында туулган. Моделдик бизнеске 12 жашында келген. “Rolex”, “Giorgio Armani”, “Calvin Klein”, “Ralph Lauren” бренддери менен иштешкен.
2006-жылы “Рояль казиносу” тасмасында эпизоддук роль аткарганын да айта кетпесек болбостур. Алессандра деңиз жээгинде эс алып, бразилия музыкасын укканды сүйөт. Дагы бир кызыктуу жагдай, Нью-Йоркко жаңы келгенде эки апта Жизель Бундхендин батиринде жашап, андан үлгү алган экен. Алессандрага англис тилин да Жизель үйрөткөн. Жолдошу – калифорниялык бизнесмен Жейм Масур экөөнүн Аня Луиза Амбросио Масур аттуу кызы бар.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
6) Украиналык Дарья Вербованын жылдык кирешеси 4,5 миллион долларды түзөт.
7) Голландиялык Лара Стоун да жылына 4,5 миллион доллар табат.
8) Флоридалык Кэролин Мэрфи 4,3 миллион доллар тапкан.
9) Орусиялык Наталья Водянова 4 миллион доллар кирешеге ээ болгон.
10) Түштүк африкалык Кэндис Свейнпол 2 миллион доллар киреше таап, ондукка кирген.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Эң кымбат моделдер канча табышат?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
18.07.2011. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас, Хайди Клум как истинная немка - страшная как Бага-Яга!
19.07.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Если Хайди Баба-Яга, IlyasMasirov - ты Кто ?
думать надо прежде чем писать
20.07.2011. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AIZAJANKA, сага эмне болду .кыргызбызго
19.07.2011. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наоми каякта?
21.07.2011. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karamel, Наоми Кэмпбелл вышла замуж за российского бизнесмена! Адашпасам Владислав Дорин деген миллиардерге.
23.07.2011. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya ugadala kto ilyas masirov
23.07.2011. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ne dorin a doronin i oni eshe ne jenaty
SUPER.KG видео
05.08.2011. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
топ модель по американски деги кыздан го кобу эле)
SUPER.KG видео
25.04.2013. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тайрылдын кыздарыго жей мануел журотко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо