№454 15-21-июль, 2011-жыл
«Ата Мекен» социалисттик партиясынын Республикалык кеңешинин жыйналышы 9-июлда болуп өттү. Анда партиянын бир жыл аралыгындагы ишмердигине анализ жасалып, баа берилип жана кийинки жылга пландар аныкталды.
Буга чейин айрым басылмалар жазып келген «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү бириндеп, баары партиядан качып жатат» деген өңдүү ушактар ушул жыйналышта өзүнөн-өзү төгүндөлүп калды. Анткени партиянын райондук жетекчилери өз отчётторунда кандидаттык тажрыйбалары толуп, «партияга өтөбүз» деп партиялык билетти талап кылып жаткан жүздөгөн адамдар кезекте турушканын билдиришти. Өткөн парламенттик шайлоодо начар иштеп, партиянын сынына калып, баштапкы уюмдан чыгарылган бирин-серин адамды эске албаганда, партияга анык мүчө болууну каалаган адамдардын саны дале арбын экени ачыкталды.
Партия ичинде Республикалык кеңеш ири күчкө жана ыйгарым укуктарга ээ. Бул жыйналышында Республикалык кеңеш жобо кабыл алды. Жобого ылайык, кеңеш жалпы фракциянын жана ар бир депутаттын ишине баа бере алат, зарыл болгон учурда депутатты фракциядан чыгарып жиберет. Бул ирет айрым депутаттар Республикалык кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн кескин сынына кабылышты. Мисалы, «Фракцияда ынтымакта болгула, партия берген тапшырманы аткаргыла. Партиянын принцип-идеяларынан четтебегиле, оңго-солго басып, саясий «шабашка» кылганды токтоткула. Болбосо, фракциядан, ал тургай партиянын катарынан да чыгарып жиберебиз»,- дешти Республикалык кеңештин мүчөлөрү. Жобону кабылдоо менен Республикалык кеңеш партиянын төрагасына ушундай ыйгарым укуктарды берди. Андан сырткары партия төрагасынын 5 орун басарын жана 15 адамдан турган политбюрону бир добуштан шайлап беришти.
Көптөгөн журналисттер жана партиянын жүздөгөн мүчөлөрү буга күбө болгонуна карабастан, «24 kg» агенттигинин кабарчысы Айзада Кутуева жыйналышка катышпай туруп, башкалардан уккан бурмаланган маалыматты таркаткан. Макалада: «Аймактардан келген делегаттар Текебаевдин таш-талканын чыгара сындашты. Анын кетирген катачылыктарын айтып, аны менен макулдашылбай жасалган билдирүүлөрү боюнча күнөөлөдү. Съезддин ачууланган катышуучулары жыйындын аягын күтпөй, үйлөрүнө таркап кетишти»,- деп жазылган. Мунун өзү «Ата Мекен» партиясын алсыратып, «ынтымагы жок» деген маалыматтарды таратуу жасалма экендигине ушул өңдүү макалалар далил. Анткени делегаттар жыйналыштын аягына чейин гана эмес, кечинде бейформал кечеде да чогуу болушту. Жыйындын эртеси, жекшемби күнү партиянын лидерлери штаб жетекчилери менен жолугушкан. 25-июлга чейин партиянын
10 миң өкүлү участкалык шайлоо комиссияларына жылдыруу боюнча тапшырма, иш кагаздарын жана инструкцияларын алган соң гана таркашты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
илгери ар бир бай-манаптын колунда бирден ырчысы болчу экен.
азыр ар бир саясатчынын бирден журналистти бар.
Мен Сиз айткан партиянын мүчөсү эмес экенимди буга чейин да айтып келгенмин, азыр дагы кайталап айтам. Ал эми Ата-Мекенге байланыштуу далилиңиз болсо редакцияга алып келип бериңиз. Жок болсо, анда жалган маалымат таркатпооңузду өтүнөм. Рахмат.