АПТАП... БААРЫБЫЗ БАССЕЙНГЕ!

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Мээ кайнаткан ысык баарыбыздын маселебизге айланып турат эмеспи. Бишкектин тургундарынын абалын жакшы түшүнүү менен, бул жолу бассейндер тууралуу макаланы сунуштоону туура таптык.

ТАРЫХЫНАН
Керемет жашоонун маңызын издеген байыркы Римдин тургундары бассейнди биринчилерден болуп ойлоп табышкан. Бирок мындай ырахат ошол доордун эң бай адамдарына гана тиешелүү болуп, алар дайыма сууга роза гүлүнүн желекчелерин таштап коюп түшүшкөн. Кийинчерээк Италияда жашыл чөптөр менен кооздолгон бассейндер пайда боло баштаган. Ал эми көпчүлүккө арналган акы төлөнүүчү бассейндер Германиянын Бремен шаарында алгач пайда болуп, фонтандар менен коштолуп турган.

ПАЙДАСЫ
Бассейнге түшүү, биринчиден, күндүн ысыгынан коргонуунун айласы. Экинчиден, салмактан арылууну каалагандарга да жардам берет. Сууда сүзүү көп кыймыл талап кылгандыктан, энергия сарпталып, арыктоого алып келет, андан тышкары организмде зат алмашуу жакшырат. Ошондой эле психикалык жактан чарчоону заматта калыптандырса, физикалык жактан жараат алгандар болсо, булчуңдардын тез-тез кыймылдап турушу менен жараат бат айыгат.

БАССЕЙНГЕ ЭМНЕЛЕРДИ АЛЫП БАРУУ КЕРЕК?

  • Атайын сууга түшүү үчүн резина баш кийим
  • Купальник
  • Бутка илип алма бут кийимдер
  • Сүлгү, самын, жышынгыч
  • Сууга түшүүгө ылайыкташкан көз айнек
  • Абонемент алган кардарлардан кээ бир бассейндер медициналык аныктама сурашат.

БАССЕЙНГЕ ТҮШҮҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Эң биринчиден, териңизде карттанган же сырты ачык жаракат болбошу керек. Мындай кардарларга кандай гана бассейн болбосун эшигин жабат.
  • Алдын ала душка бир чайканып чыкмайын, бассейндеги сууга түшө салбаңыз (ошол себептен самын менен жышынгыч керек).
  • Бассейнге келерде өтө тоюп албаш керек. Азыраак тамактанып баруу жетиштүү, ачка барууга да болбойт (ачкалыктан сууда эсин жоготуп койгондор болот).

ЖАНА ДА...
Бишкек шаарында эс алып сууга түшүү үчүн бассейндерден тышкары "ГЭС-5", "Комсомол", "Пионер" көлмөлөрү бар.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg


«Супердин» сурак бурчу

БИШКЕКТЕГИ БАССЕЙНДЕР МЕНЕН КӨЛМӨЛӨРДҮН АБАЛЫ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?

Калыбек Базарбаев,
жеке ишкер:

– Көлмөлөргө бир-эки жолу эле баргам. Таза эмес экен. Ошондуктан бассейнге эле бара турган болдум. Баалары абалына жараша болот. Баасы арзан бассейндер санитардык талапка толук жооп бербейт. Ал эми баасы кымбат бассейндердин абалы талаптагыдай.

Аваза Абдрасулова,
үй кожойкеси:
– Жакында көлмөлөрдүн бирине түшүп келели деп барып алып, түшпөй кайра келдик. Себеби мурдагы союз кезиндегидей таза болбой калыптыр. Суунун үстү таштандыларга толуп кетиптир. Тиешелүү тараптар көңүл буруп тазалап турушса жакшы болмок.

Дүйшөн Даулеткулов,
таксист:
– Учурда ал жактарга барганга убакыт жок. Жылына бир жолу Ысык-Көлгө эле барып эс алып келем. Ал эми бул жактагы сууга түшүүчү жайлар санитардык талаптарга жооп бербейт. Бир жолу “ГЭС-5” деген көлмөгө барсак, суусу кир, тегерек-чети булганч экен.

Талгарт Балкыбеков,
милиция кызматкери:
– Көлмөлөр, чындыгында, санитардык талапка жооп бербейт. Ал эми бассейндер көлмөлөргө салыштырмалуу тазараак, бирок баасын арзандатышса жакшы болмок. Бош болуп калган кездерде бассейнге барып эс алып келем.

Нурзада Черикбаева,
экономист:
– Көлмөлөрдө тазалык болбогондуктан, ал жакка түшүүдөн корком. Ар кандай ооруларды жугузуп алышың мүмкүн. Ал эми бассейндердин абалы көлмөлөргө караганда бир топ жакшы. Убакытым болуп калганда бассейнге барып калам.

Азис Курбанов,
айдоочу:
– Канааттандырбайт. Ал жайлар каралбай калды. Тазалык жок. Өзүм “Тез жардам” кызматында айдоочумун. Андыктан аталган жайларга барып, ичеги-карын ооруларына кабылып, ооруп калгандарды ооруканага көп эле ташып калам.

Кубаныч Сыдыков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
18.07.2011. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-кеме жакшы, таза, коркпой тушсо болот!
19.07.2011. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда бассейндер мынча кымбат,баасы РФ дай эле экен да,айлык аз болсо,анча акчаны эл кайдан таап кундого барып жатышат??
19.07.2011. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baari kimbat aylik az bolgon uchun korruptsiya onukkon da.
20.07.2011. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
москвада мындан да арзан ...
20.07.2011. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бассейн дагы курсун которуп алганбы?
21.07.2011. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне мынча кымбат?
22.07.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vaaaai, germaniyada kopchuluk basseinder saatyna ortocho 2-3 evro anan kiinki koshumcha saattarga 1 ele evrodon koshulat Anda Kyrgyztanda ollo kymbat ko aaa
22.07.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bassejndin baasy Kyrgyzstanda potolok turbajby.Chyn ele bizde Germanijada arzan eken da.
23.07.2011. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daaaa, 1000 som, bul baaga Dubaydda Aqua Parkta es aluuga bolot.......
24.07.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очень полезное инфо,для тех кто собирался посетить бассейн,а можно еще номера телефонов???
24.07.2011. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oouuu...emne myn4a kymbat. Koby jazyp ketkendey, chet mamleketterde arzanyraak.
11.01.2013. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малайзияда жума куну саат 16:00го чейин бекер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо