Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Динара Акулова: «МАЛИКА САХНАДАН ОРДУН ТАПСА, МЕН САХНАДАН КЕТЕМ»

№454 15-21-июль, 2011-жыл

Бул айым гезитибизге берген бир маегинде “үйгө кирип аялдын, сыртка чыгып эркектин жумушун кылам” деп айткан эле. Дал ошол күчтүү айым, эстрадабыздын чолпон жылдызы Динара Акулова түз байланышка чыгып, окурмандардын жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары калтырган суроолорго жооп берди.

Мээрим, 16 жашта, Ош шаары:
– Саламатсызбы, Динара эже? Сизге суроом: Жакында өлкөбүздө дагы бир чоң саясий өзгөрүү болгону турат. Президенттикке ким татыктуу деп эсептейсиз?
Динара Акулова:
– Мм-мм... Мен саясатка анча кызыга бербейм. Эл өзү тандаган адам болсо жакшы болор эле.

Майрам, 32 жашта, Балыкчы шаары:
– Тойлордогу “ставкаңыз” канча?
– Сүйлөшкөнүбүзгө жараша болот. Кээде жакшы санаалаштардын тойлоруна бекер ырдап деле берем.
– Ырчылар мамлекетке салык төлөшөбү? Эгер төлөшсө, канча өлчөмдө?
– Концерт бергенде сөзсүз төлөйбүз. Ал эми суммасы концерттин өтүшүнө карата болот. Мисалы, концерттин канча убакыт созулганынан тартып, канча эл келгенине чейин каралып, ошого жараша төлөнөт.

Айдана, 11 жашта, Токтогул району:
– Үч сөз менен өзүңүздү мактап бериңизчи?
Динара Акулова:
– Сүйүктүү элимдин ырчысымын.

Кубаныч, 25 жашта, Бишкек шаары:
– Сизди казинолорго көп барат деп уккам. Мунун канчалык чындыгы бар?
Динара Акулова:
– Менби?! Казиного барат бекенмин? Ал жакка өмүрүмдө бир эле жолу баргам, Ош тарапта шайлоо менен жүргөнүмдө. Анда да сахналаштарым, Бек өңдүү бир топ таланттар чогуу киргенбиз. Бирок кирип, кайра эле чыккандай болгом. Негизи, мен казино дегенге таптакыр кызыкпайм.

Гүлниза, 40 жашта, Бишкек шаары:
– Динара эже, спирт ичимдиктерин ичүүгө кандай карайсыз? Сизди ичкиликке жакын деп уккам. Бирок мен буга анча ишене бербейм.
– Эгер мен ичкилик ичсем, күнү-түнү машина айдап жүрбөйт элем да. Мурда “Динара” тобумда жалаң жаш балдар иштечү эмес беле. Ошондо бизде “сухой” деген мыйзам иштечү. Негизи, көп ичкен адамдарды жактыра бербейм.

Нургүл, 27 жашта, Кара-Балта шаары:
– “Динара Акулова жаш жигиттерге тийише берет” деген кептерди байма-бай угуп келем. Чын эле ошондойсузбу?
– Кыргызда жакшы сөз бар “жалгыз бой адамга чөп да, ит да жабышат” деген. Мен жаш жигиттер менен иштешем. Азыр продюсерлер, композиторлордун баары жаш муундан. Кыскасы, жумушум жаш балдар менен байланыштуу. Эми алар канча жашта, мен канчадамын? Керек болсо менин ошол балдар менен тең күйөө балам бар. Жогоруда айтылган сөздөр көрө албастардын чыгарганы деп 100 пайыз ишенсеңиздер болот.
– Жеке стилистиңиз барбы?
– Албетте, бар. Мисалы, Барапбаева Ольга, Стогова Ольга, Мадина аттуу айымдар менен иштешип келем.
– Өзүңүздү жаш курагыңызга ылайыктуу кийинем деп эсептейсизби?
– Биз, сахна адамдары кандай кийинсек да жараша берет.

Айдай, 20 жашта, Бишкек шаары:
– Канча өлкөнү кыдырып чыктыңыз?
Динара Акулова:
– Чынында, санабаптырмын. Көп эле өлкөлөргө баргам. Акыркы жолу АКШнын штаттарын кыдырдым.
– Малика кайсы бир телеканалга түз эфирге чыкканда кыргызча сүйлөй албай уят болду. Чын эле кыргызча сүйлөгөндү билбейби?
– Сиз айтып жаткан түз эфирге чыкканда абдан шашып жаткан болчу, бул бир чети. Экинчиден, кызым орус тилдүү бала бакчага барган, анан мектептен да орусча окугандыктан кыйналып, кичине катачылыктарды кетирди окшойт.

Жандос, 19 жашта, Бишкек шаары:
– Акыркы учурда эмнеге көрүнбөй кеттиңиз? Качан концерт бересиз?
– Ооба, көптөн бери чоң концерт бере элекмин. Ошондуктанбы, “көрүнбөй кеттиң” деген сөздү көп угуудамын. Быйыл күз айларында концерт берсемби деп пландап жаткам. Бирок шайлоо болуп калат экен. Буюрса, шайлоодон кийин берем.

Айка, 16 жашта, Бишкек шаары:
– Бул жашоодо жетишкендигим деп эмнени айта аласыз?
Динара Акулова:
– Эне болдум. Чыгармачылыгым менен элге таанылдым.

Бактыгүл, 43 жашта, Каракол шаары:
– Эгер эркек балалуу болсоңуз, кайсы кесипке окутат элеңиз?
Динара Акулова:
– Эркек балалуу болсом кана?!

Чолпон, 21 жашта, Бишкек шаары:
– «Жеңишбек Мамбеталиев деген киши менен мамилеси ысык» деп уктум. Чын элеби?
Динара Акулова:
– Сиз айткан адам менен чыгармачылык чөйрөдө гана байланышым бар.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Атактуулар Супер-Форумда - Динара Акулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(66)
SUPER.KG видео
19.07.2011. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара эжени абдан ынгайсыз абалга калтырыпсынар...
SUPER.KG видео
19.07.2011. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорум ооруп кетти...
19.07.2011. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jany sany 4ykkan kyny Omar kuioo balasy boloby,degendel okudum elee((((ganaaa owool? interv'yda jok go



20.07.2011. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамда +- жактар болот. Таптаза торолгон адам жоктур бул дуйнодо. Динара эже ырчыбы ? Демек аябай таланттуу, уну сонун экени талашсыз. Шерматов- ал озунчо бир соз. Ал деле таланттуу инсан. Анын деле эмгектери убагында жакшы эле бааланган эл тарабынан. Анткени Динара менен Абдумалик бири-бирине сонун эле жарашып, жанащып эле элди суктантып Кош жылдызды ырдап, кош жылдыз болуп журушподу беле. Мен айрыкча Динара эженин ошол кездеги ырдаган ырларын аябай жакшы кором.
20.07.2011. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мисалы: Кош жылдыз, Зирегим, Тоонун кечи, Ак Куу белен Айперим, уш сыяктуу ырлары сонун го. Ошол ырларын коп дисктерден жана интернетттен да изде таппай келем. Болсо бул адреске жонотуп койгулачы сураныч: nurasel2007@gmail.com же интернетте болсо шилтеме берип койгула. Аябай ыраазы болом !!! ЧЫН !!!
SUPER.KG видео
20.07.2011. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Telefondyn tynymsyz 4yryldagany konyldy byra beret eken...
20.07.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур. Бирок, видеосунда Динара эже өтө тажаалданып ийген өңдүү. Жини чукул окшойт да.
SUPER.KG видео
20.07.2011. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин комментарийлерим жоголуп калып атат, супер инфо, бул туура эмес та!!!
20.07.2011. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика керилген сулуу кыз болуптур. Кызык, чын эле ал кыздын таланты бар болду бекен же энесинин этегине жармашып чыгып келе жатабы?..Бизде ата-энеси ырчы болсо баласынын талантына карабай туруп эле көрүнгөн жакка "тыга" беришет го...)))
20.07.2011. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы небереси бул?малика тороп койуптурбу
SUPER.KG видео
21.07.2011. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
адамдар силер озунордун кыргыз элин ырчысын кыргыз кызын ушунчалык ушактасанар анда калганына соз жок
Медиа-портал
21.07.2011. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай суроолорду акылы жетишпеген адамдар берген озунорду коюп коргулочу Динара эженин ордуна ордуна
21.07.2011. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара Акулованын атына жагымсыз создорду суйлогондорго:ошол аялдай биринер да боло албайсынар,ушунтип жетишкен адамдарды критикалаганынарды токтотсонор боло!!!
SUPER.KG видео
21.07.2011. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боорум ачып кетти кыйналып суйлоптурго
21.07.2011. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikoledi Альдина улуу кызынын кызы.
21.07.2011. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иии Динара эже деле карып баштаптыр
22.07.2011. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidanek:karyp bashtabai ele karyp kalyptyr
22.07.2011. 07:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спирт ичимдиктерине жакшы эле карайт болуш керек сигарет дагы чексе керек
22.07.2011. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да уккам ичкиликке жакын деп
22.07.2011. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика кечээ эле кичинекееей кыз болчу.Ырчылар негедир тез чонойот же мага ушундай сезилеби,билбейм.Канча жаш жаш болуп калды экен Маликага?
22.07.2011. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samarakan, 15
29.07.2011. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кербен кете берет ит уро берет деген макал бар. Бул адам кыргыз элинин мыкты ырчылырынын бири. Ичинер куйсо унчукпай эле отургулачы. биз озубуздукулорду ушинтип эле жерип жешип отурсак анан качан которулобуз? Ийгилик сизге!!!
29.07.2011. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZHASALMA!!! natura ele syilösönyz bolmok ejeke
05.08.2011. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динара Акулова Абдималик Шерматовдон оолак болгону туура чечим. А.Ш. азыр аферист-молдо... Кырт жалганчы, Акуловага татыксыз жигит сорой
SUPER.KG видео
26.09.2011. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бар болунуз
SUPER.KG видео
14.10.2011. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
murdun wyrp ekwni jakwy eken)))))
SUPER.KG видео
11.01.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээээ чындап тажаттынар начар суроолорунар менен ишинер эмне десе болмок
SUPER.KG видео
21.10.2012. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dinara eje molodec!!!!!!!!! Abdan sabirduu ayal eken!!!!!
SUPER.KG видео
22.01.2013. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рапввакча рппвмапшенкена
SUPER.KG видео
25.05.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
динара эжеге мин мертебе алла талам ыразы болсо керек.себеи жолдошу жок балдарын чонойткон .атанын ордуна ата болгон эненин ордуна эне болгон.мен динара эжени сыйлай и урматтаймын сизге кудайым омур бакыт берсин.деп назгул деген куйорманыныз болом
Медиа-портал
20.04.2015. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне мынча ичи тар болуп баратабыз, эмне мынча коро албастык. Динара эженин ишине албан ийгилик каалайм жана мындай создорго маани бербейт деп ишенем. Ит уро берет, акербен болсо журо берет.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо