№455 22-28-июль, 2011-жыл
Суперстандыктар ар убак активдүүлүгүн көрсөтүшүп, ар кыл акцияларды уюштуруп келишет. Бул ирет биздин Москвадагы активисттерибиз кезектеги жолугушууну уюштурушту.
КОМУЗ КҮҮСҮНҮН КОШТООСУНДА ШИШКЕБЕК ЖЕП...
26-июнга белгиленген бул жолугушуунун демилгечиси болуп Barika (Бааргүл Жаныбек кызы) деген ник менен катталган колдонуучу чыкты. Москвадагы кездешүү жөнүндө теманы москвалыктар күтүп эле турган белем, Бааргүлдүн демилгесин жерге таштабай, колдоп беришти. Ал эми кечеге баруучулардын тизмесине катталуучулар четинен чыга баштады.
Ошентип, белгиленген күнү, белгиленген жайда кездешкен суперстандыктар алгач эртең менен кафеге барышкан. Бул жагын да алдын ала ойлонуштуруп алышса керек, айтор, улуттук колоритте жасалгаланган кафе тандап алышыптыр. Муну менен колдонуучулар мекенге болгон сагынычын дагы бир ирет далилдегилери келген окшойт. Кафеден соң көңүлдүү маанайда бардыгы токойго барып, шишкебек жасап, топ ойноп, жайыл дасторкон үстүндө ыр ырдап, тамашаларды айтып, болушунча чер жазып жыргашты. Ал эми форумда Narynbek деп таанылган Нарынбек Эрматов колуна кармай барган комузун чертип, форумчулардын өз жерине болгон сагынычын бир аз да болсо таркатты деп ойлойбуз. Баш-аягы 14 колдонуучу чогулуп, бири-бири менен таанышып, форумдагы достук мамилесин арттырып, жашоодогу мыкты досторго айланышарына күмөнүбүз жок. Анткени мындай жолугушуулардын максаты – ар дайым колдонуучулар арасындагы ынтымакты жогорулатуу болуп эсептелет эмеспи. Кеченин соңунда шишкебекке тойгон суперстандыктар кино көрүп, андан соң үйлөрүнө бет алышкан.
КАЙРАДАН ЖОЛУГУШУУ
Жогорудагы айтылган жолугушуудан дем-күч алышса керек же баарлашуу баарына жакса керек. Анткени биринчи жолугушуудан 2 апта узап, тактап айтканда, 9-июлда Москвадагы суперстандык активисттер кайрадан жүздөшүп, көңүл ачып кайткандыгы тууралуу кабарыбыз бар.
Эскерте кетсек, өткөн жылы, жайдын аптабында “Супер-Инфо” атайын Москвадагы форумчулары менен кезигип, баарлашуу үчүн барып, жагымдуу эмоциялар менен келген. Мындай жолугушууну суперстандын колдонуучулары өз алдынча уюштуруп, кезигишкени бизди, албетте, кубандырбай койбойт.
Эмне демекчибиз, ынтымагыңар бекемдей берсин. Ушундай жолугушуулар көп болуп, саныңар күндөн күнгө өссүн!
Мирана Мамырбаева
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ушунча адамга копуро болуп берген, сиздерге терен ыраазычылыгыбызды билдиребиз!
Дайыма эми чогулуп жүргүлө!
Ал эми бул жолугушуубуз Супер-Инфонун макаласы болуп чыгат деп "жети уктасам да түшүмө кирген эмес".
Супер инфого рахмат Кыргызстандыктар биздин сүрөттөрүбүздү көрөт эми,мүмкүн туугандарыбыз да көрүп калар!!!
Гезитке чыгыш өзү эле чооң бакыт.(эгер жакшылык жагынан чыксаң)
Барика ты супер,а Супер просто супер!!!нет слов...
Жолугушуу соонун болду,дагы жолуккум келтат достор менен .