Замир Мырза: «АТАМДЫ ЭКИНЧИ АПАМДАН КЫЗГАНЧУМУН»

№455 22-28-июль, 2011-жыл

Замир Мырза бир кезде “Танец под дождём” деген ыры менен популярдуулуктун туу чокусуна чыгып, кийин дайынсыз болуп кеткен эле. Буга ырчынын мугалимдик кесипти аркалап, андан соң үй-бүлө кургандыгы себеп болдубу?..

ЗАМИР ТУУРАЛУУ

  • Көбүнчө капюшону бар кийимдерди киет.
  • Улак тартышка түшкөнгө кызыгат.
  • Грек-рим күрөшү менен машыгат.
  • Ойногонду билбесе да, достор менен бильярдга көп барат. Тоонун чокусунда жалгыз отуруп эс алганды жактырат.
  • Кошумча бизнеси жок, бирок өзүнө жеткидей байлыгы бар.
  • Акыркы жолу 2009-жылы дискотекага барган. Клубга таптакыр барбайт.
  • Алгачкы жолугушууга 7-классында барган. Сүйгөнүн күтүп жатканда кыздын атасы же агасы чыга калса, арыкка жата калып кутулчу.
  • Карып кетпес үчүн дайыма диетада жүрөт. Кечки 8ден кийин тамак жебейт.
  • Фобиясы – Жол кырсыгы.
  • Биринчи жолу 11-класста “Махабат ыры” деген чыгарма менен чыккан.
  • “Көп суммадагы акча качан кармагансың?” деген суроону көп алат. Буга “дайыма эле кармап жүрөм” деп жооп берет.

«ЧЫГАРМАЧЫЛЫК КРИЗИСКЕ КАБЫЛДЫМ»
– Акыркы убакта жаңы чыгармаларды биринин артынан бирин жаратып, угармандарды таң калтырып жатасың. Ага чейин дайының чыкпай калды эле, себебин билсек болобу?
– Чыгармачылыктагы ордум, стилим тууралуу ойлонуп, анализге салып жүргөн кезимде, чын эле, бул чөйрөдөн алыстай түштүм окшойт. Чыгармачылык кризиске кабылдым десем да болот. Ошондон уламбы, мугалимдик кесипке баш-отум менен ооп кетсемби деген ойдо да жүрдүм, бул бир жагы. Экинчи жагы, эл ырларымды жакшы кабыл албай, өзүмчө сыгылып да кеттим. Популярдуу болуп турган кезимде жайнаган досторумдун саны да азая түштү. Башка ырчыларды чайга чакырып, мени унутуп калгандар да болбой койгон жок. Бирок талант деген нерсе жөн жаткырбайт тура. Кайрадан бул чөйрөгө кайтып келип, жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп, жакшы сын-пикирлерди уга баштадым. Бул мен үчүн стимул болууда.
– Чыгармачылыкка баш-отуң менен киришкени жатыпсың. Эмне, мугалимдик кесибиңди таштайсыңбы?
– Жок, таштабайм. Ал жактан тапкан акчам стабилдүү, берекелүү да. “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, бул кесибимди да чогуу алып кеткенге кудуретим жетет. Бирок чыгармачылыкты биринчи орунга коём.
– “ЖОЖдун мугалимдери сессия, окууга кабыл алуу учурунда бир жылдык кирешесин таап алышат” деп коюшат го. Сенчи?
– Мен пара деген нерседен алысмын. Ал эми көп эле абитуриенттерди окууга өткөздүм. Бирок буга атымдын таанымалдыгы, сөзүмдүн өткөнү эле көмөк болду.

«ЗАМИР МЫРЗА + ЖАҢЫЛ МЫРЗА»
– Өткөн жылы өлкөбүздө өткөөл мезгил болуп жатканда шашыла үйлөндүң...
– Нике кайып ошол күнгө буюруп калыптыр, 10-июнда келинчегим Жаңылды ала качып кеттим.
– Ала качып?..
– Ага чейин бир жылдай сүйлөшүп жүргөнбүз. Экөөбүз үйлөнүү тууралуу пландарыбызды бышырып койгонбуз. Бирок Жаңылдын апасы “коё тургула, дагы бир жыл күткүлө” деп калды. Сүйүүгө эч нерсе жолтоо кыла албайт экен. Экөөбүз сүйлөшүп, ала качуу планын иштеп чыкканбыз.
– Ачуу басарга келгенде кайындарың чыр чыгарган жокпу?
– Албетте, ала качуу салтына жарашкандай эле андай нерселер болду.
– Келинчегиң тууралуу айта кетсең...
– Келинчегим Алайдын сулууларынан. 21 жашта. Бишкекте чоңоюп-өскөн. Эки кыздын улуусу. Анын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгүндөгү аты Жаңыл Мырза экен. Карабайсыздарбы, бул да Кудайдын буйругу окшойт, Замир Мырза + Жаңыл Мырза болуп калдык.
– Жаңылды кантип жактырып калдың?
– Эң биринчи эле чечкиндүүлүгү жакты. Өзүнүн оюн айтуудан тартынбайт. “Мен” деп турганы бар. Мына ушунусун баалайм.
– Кичинекейиңер чоңоюп калдыбы?
– Кызым эки жарым ай болуп калды. Атын коёрдо аябай издендик, мусулман динибизге туура келе турган атты таппай. Акыры Раяна деген ысымга токтолдук. Бул “бейиштин ачкычы” дегенди түшүндүрөт экен. Негизи, көбүнчө мырзалар биринчи уулдуу болууну кыялданышат го. Ал эми мен кыздуу болгум келчү. Негизи эле кыз бала назик, ата-энеге кайрымдуу келет. Келинчегим кош бойлуу кезинде да УЗИден алдын ала билүүдөн баш тарткам. Учурда бактылуу ата болуп, кызымды колумдан түшүрбөйм.
– Кимиңер көбүнчө кызганчааксыңар?
– Эркекте кызганчаактык сапат болуш керек. Мен Жаңылды кызганчудай ал көчөгө деле чыкпайт, бала менен үйдө эле отурат. Ал эми жубайым кызганганын деле билдирбейт. Клиптерде кыздар менен кучакташып деле жүрбөймүнбү. Баарына түшүнүү менен карайт.
– Жакшы. Ал эми үйдө ким кожоюн?
– Албетте, мен. Бүт нерсени өзүм чечем. Учурда борборго көчүп келүүнү пландап жатам. Анткени бул жакта чыгармачылыкты өркүндөтүүгө бардык шарттар бар да. Жер тилкесин алып койгом. Азыр үй салууга чамынып жаткан учурум.

«АТАМДЫ КЫЗГАНЫП, ҮЙДӨН КАЧЫП КЕТКЕМ»
– Экөөбүз маектешерден мурда “жашоомдо жүрөктү өйүгөн нерселер көп болгон” деп сөз баштадың эле. Жан дүйнөң тууралуу сүйлөшпөйлүбү...
– Негизи, Жараткан пендесине ачууну да, таттууну да ыроолойт экен. Мен эки жолу абдан мүңкүрөп кейидим. Бул жашоодо кейигеним, алтын апамдан эрте айрылганым. Жети жашымда апа мээриминен ажырадым. Анан атам башкага үйлөндү. Бул жашоодо апаңдын ордун эч нерсе толуктай албайт экен. Атамды экинчи апамдан кызганып, ыйлап, таарынып үйдөн качып кеткен күндөрүм да болгон. Негизи, каникул болору менен эле чоң атамдыкына, таятамдыкына айылга жөнөчүмүн. Ошол учурда шаар негедир мага суз, жаман көрүнчү. Айылдан таптакыр кетким келчү эмес. Атам алып кеткени келгенде жүгөрүнүн арасында анын кетишин күтүп жашынып жата берчүмүн. Ал аргасыздан “мейли, дагы бир аз кала турсун” деп кетип калчу. Ошентип, сабакты да көп калтырдым. Бирок сабактарды көп калтырганым менен, мектепти алтын медаль менен аяктагам.
Андан соң апа мээримин берген чоң энем кайтыш болгондо мүңкүрөп, бул жашоодон шамым өчүп калгандай эле болгон. Бирок убакыт баарын дарылайт деген туура окшойт. Жашоо өз нугунда өтө берет экен.
– Эмнеден кубат аласың?
– Чыгармаларымды эл баалап, жакшы пикир айтышса.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Замир Мырза

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(42)
SUPER.KG видео
23.07.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу бол Замир!Сага үй-бүлөлүк бакыт.
SUPER.KG видео
24.07.2011. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamir jubaiynyn kadyryna jete albait ko deim jenil oilu bala
SUPER.KG видео
24.07.2011. 06:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baktyluu bolgula.
SUPER.KG видео
24.07.2011. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Baktyluu bolgula.
25.07.2011. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каттуу тийсе кечирип кой бирок ажал деген ажал да.Экинчи апамдан кызганчуумун деп жазбай эле койсон болмок,аттуу баштуу адамга андай соз таптакыр туура келбей турган соз... сен уйлонуп кеттин атан эмне жалгыз калмак беле.
25.07.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zulya2, Жазса жаза берсин. Мени Замир -мырзанын поклонниги эмесми, бирок жашоосунун оор жерлерин болушкусу келсе керек да. Кызганса кызганыптыр да. эмнеси бар ал жерден? 7 жашар бала кызганбай анан эмне кылсын? Сиз азыр тушуносуз, баарын тушунуп калганда, а 7 жашар бала полюбому кызганат. Озунуз андай ситуацияда болбосонуз тушунбойсуз да...
29.07.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zulya2, оз башына келгенде тушуносун, андай учурда эч нерсени ойлобой каласын, баарын коруп тушунуп турсан да тушунгун келбейт!!! так что не умничай!!!
25.07.2011. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы улуу корунот экен ээ? жакшылап карасанар, бирок татынакай экен, Замир Мырзанын прическасы накта меникиндей да, ичи чыгып кетиптир спорт залга барбаганына коп болгон сыягы , ырларынын мааниси жок, мугалимге жарайт
25.07.2011. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай уулу корунбой эле турат.Экинчи апамды кызгандым деп айтканы эч кандай туура эмес иш эмес ал ошол убактагы журогу ойугон нерсени айтты эч убакта оз апасына жетпеси туура.
25.07.2011. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyz yrchylarynan en jakkany maga -Zamir Myrza
25.07.2011. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ОШМУда окуп жургондо Замир ди баары мактайт болчу,эч ким ал жонундо жаман айткан эмес ал жакшы бала
25.07.2011. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адам деп коптордон угам. Озу турмуштан коп сыноо алган адам токтоо, жонокой жакшы адам болот. Замир да копту коруптур.
Ал эми ата-энени кызгануу ар бир эле адамда болот. Карысан деле баарыбир ал сезим бир ойгонбой койбойт. Болгону акылын жетип калганда ал ишти сыртына чыгарбайсын.
25.07.2011. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жубайы экоо бири-бирине жаралгандай жарашып турганын.бактылуу болунуздар.кудай жаман коздордон сактасын.элибизде бактылуу уйбулолор кобойсун.)))))))).
26.07.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экоо сонун боуп жарашып калыптыр.АЛБЕТТЕ МЕН дегени абдан жакты
26.07.2011. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны ырлары деле хит болуп жыргатпады го баардык ырларынын бир нерсеси кем мындайча айтканда тузу жоктой сезилет
SUPER.KG видео
26.07.2011. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылыгына ийгилик!
SUPER.KG видео
26.07.2011. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super Info silerden suranych, bul oknogo Super TV inin knopkasyn (ssylkasyn) koiup koisonor. A to butkondon kijin bashka video koroiun desen, knopka jok. Rahmat
26.07.2011. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Malikadina сен мага акыл уйротпой эле койгунун макулбу мен сага эмес Замирге айткам эгер билсен??? Экинчи апасы менен атасынын балдыры болсо ошолорго оор тиет тушундунбу????
26.07.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларымды жактырышса деп, иий тилегенин, ырларын сопсонун, дайыма ырдап жур, дайыма жаны ырларын болуп турсун!
27.07.2011. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi сага ырлары жакпаса укпайеле койда, эмне озунду кыйнайсын? тузу кооп ырларды угуп журобер :- )))
27.07.2011. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат бала да! Озун алып жургону, суйлогону баары орду-орду менен. Келинчеги да абдан жылдыздуу, татынакай экен, бактылуу болушсун!

А ырларын сонун эле болуп турат Замир, ушундайындан жазба! Жакшы жар, жакшы ата бол! ;)
27.07.2011. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адаш чыгармачылыгыңа ийгилик!
Дагы ырларды жаратып ырдай бер,сахнага кайтып келишиң менен куттуктайм!
Келинчегиң менен бактылуу бол и көп жаша!
Талантыңа таазим...
SUPER.KG видео
27.07.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озубуздон экен го жаш жубайлар :)
27.07.2011. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булолук бакыт жана чыгармачылык ийгилик каалайм.
28.07.2011. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga cagat soonun ırçı ança mınçalarına karaganda
SUPER.KG видео
28.07.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атагын алыска жетсин, бактылуу бол, чыгармачылык иштерине ийлик
28.07.2011. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге ырларынын тузу жок, соонун ырлары бар и соонун ыпдайт, маанилуу особенно апасы жонундогу ыры, ыйлагын келет.Бактылуу болгула. чыгармачыл ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
29.07.2011. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ene tilingdi jakshi suyloy albaysingo ya?
Модератор MiranA түзөттү 29.07.2011 09:14
29.07.2011. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus 84,сен деги болбогон эле бала экенсин Эч сен тараптан жакшы коментарийлерди окубадым.У тебя что зависть ко всем???
SUPER.KG видео
28.08.2011. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
BAKTYYLY BOL
SUPER.KG видео
16.11.2011. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Замир! Сени мынчалык "кыргызча" чонойгон жигит деп ойлогон эмес элем.Эсимде, мен сени алгач 1999-жылы "Заман" тобунда ырдаганында коргонмун. Мен ал топтун поклонницасы болчумун. Абдан татынакай жигиттер сонун ырларды ырдачусунар. Сен ал кезде стилин менен айырмаланчусун. Ал кебетенди коруп, тамекинин же жугорунун арасында ойноп жургон деп эч ким айтпаса керек эле...
SUPER.KG видео
16.11.2011. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыныгы сын коз менен караганда, сенде уникалдуу ун жана келбет бар. Чыгармачылыгындын устундо жакшылап иштесен, абдан чон сахналарды багындырасын, чыгыны Топ Жылдыз болуп кетишине толугу менен козум жетет. Орустар айтмакчы "Голос ничто, продюсер все!" дегендей, мумкун сени жакшылап алып чыга турган колдоочу табылбай жаткандыр. Бирок сен Жылдыздыкка татыктуусун, меп ага ишенем! Бактына келинчегин жана кызын Раяна аман болушсун! Уй-булолук бакыт жана чыгармачылыктагы чон бийиктиктерди каалайм!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо