№455 22-28-июль, 2011-жыл
17-июлда Германияда аялдар арасында футбол боюнча Дүйнөнүн 6-биринчилиги аяктады. Мелдешке 16 өлкө катышып, япониялыктар жеңип чыгышты. Финалга карай чейрек финалда Германияны (1:0 эсебинде), жарым финалда Швецияны (3:1) мелдештен четтеткен Күн Чыгыш өлкөсүнүн кыздарын финалда өткөн жылдын чемпиону АКШ токтото алган жок. Финалда негизги убакытта күчтөр тең чыгып (2:2), пеналтилер сериясында 3:1 эсеби катталды. Ошентип, тарыхында бул секини биринчи ирет багындырган япондор жазгы цунамиден жапа чеккен мекендештеринин духун көтөрүштү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |