Ай-Данэк Текебаева: «АТАМ КҮЛКҮЛҮҮ АНЕКДОТТОРУ МЕНЕН БООРДУ ЭЗЕТ»

№455 22-28-июль, 2011-жыл

Саясатчылар үй-бүлөсүн коомчулуктан оолак тутушат. Анын үстүнө элдин алдында алардын өзүн кандай алып жүргөнүн билгенибиз менен, өз үйүндө кандай киши экендигинен кабарыбыз жок. Каарманыбыз Ай-Данэктин оозунан атасы жөнүндө көптөгөн кызыктуу сөз уктук.

Рокту жактырган Дани
Ай-Данэк, Өмүрбек Текебаевдин улуу кызы.
1996-жылы 29-июнда төрөлгөн.
Амантур, Эсентур деген инилери жана 3 жаштагы Айсара аттуу сиңдиси бар.
Үйдөгүлөр аны «Дани» деп чакырышат.
Апасы кызынын табитин, ал тургай кандай кийим жагарын жатка билет.
Рок, хип-хоп, поп багытындагы музыканы угууну жактырат.
Селена Гомес менен Жастин Бибердин ашынган күйөрманы.

Адатта, өспүрүмдөр оор мүнөздүү келишет. Кантсе да өткөөл курак демекчи, алардын өзүн алып жүрүшү, тандоосу, керек болсо сөзү да заматта кубулуп турат. Бирок менин алдымда жоош, уялчаак жана тарбиялуу кыз отурду. Кабинетке кирерим менен ордунан тура калып, башын ийкеп учурашканын жылуу кабыл алдым. Бардык эле өспүрүмдөр сыяктуу уюлдук телефонунан музыка жаңырып, көк көйнөк кийген Ай-Данэк менен болгон маегибиз эркин баарлашуудан башталды.

– Алгач таанышып алсак, кандай дейсиң?
– Албетте. Бул менин биринчи интервьюм болуп жатат. Атым – Ай-Данэк. Быйыл 10-класска көчүп жатам, жашым 15те.
– Азыр эс алуу. Сен эмне менен алек болуп жатасың?
– Атам менен апам жумушта. Инилерим Жалал-Абадга, чоң энемдикине кетишкен. Мен дагы Жалал-Абадга барганды жакшы көрөм. Чоң энем бизге жумуш деле жасатпайт. Бирок мен короодогу гүлдөрдү сугарып берем. Азыр болсо Айсараны карап үйдө отурам. Аны менен сейил бактарды кыдырып, кээде курбуларым менен киного барам.
– Өзүң эмнеге кызыгасың? Кандай хоббилериң бар?
– Мен жашоомду музыкасыз элестете албайм. Башка адамдар “сенин үнүң жок” деп айтышса деле, ырдаганды аябай жакшы көрөм. Ашканада тамак жасасам да, үйдү жыйнаштырып жүрсөм да, бардык жерде ырдап жүрө берем.
Мурда бийге катышчумун. Анан Ассоль Молдокматованын кыздар үчүн арналган мектебине бардым. Ал жерден өзүн алып жүрүү боюнча тарбиялык кеңештерди уктум.
– Өспүрүм кыздар сериалдарды да жакшы көрүшөт. Сенчи?
– Мен көбүнчө ошол сериалдардын китебин окуганды жакшы көрөм. Азыр популярдуу болуп жаткан “Вампирдин күндөлүгүн” окуп жатам. Тасмага салыштырмалуу китеп көбүрөөк эргүү берет. “Күүгүмдүн” беш китебин кууп жүрүп окуп чыктым. Жакында Сидни Шелдондун “Сен караңгыдан коркосуңбу?” деген чыгармасын окуп бүтүп, ага аябай таасирленип калдым. Режиссёрлор бул китепти байкабай жатышкан чыгар, анткени эгерде аны тасма кылып тартышса, эң кызыктуу болуп чыкмак.
Негизи детектив жанрындагы чыгармалар кызыктырат. Эмнегедир мурун курбу кыздарым корей сериалдарын айтып калышса, жактырчу эмесмин. Бирок “Сен кереметсиң” деген сериалды көрүп калып, мен дагы бул сериалдарды жактыра баштадым. “Мыкты жигиттерди” көргүм келбейт, анткени кыздарга окшоп “Гу Чжун Пё” же “менин Ким Бомум” деп ооруп калуудан корком.
– Үйдүн эң улуусу болсоң, апаңа кандай жардам бересиң?
– Өткөндө апам бир туугандарым менен бир жакка кетти. Алар келгиче үйдө атам экөөбүз калдык. Күндүз атамдын жумушуна келип, айрым кагаздарын жайгаштырууга жардам берип жүрдүм. Кечинде кесме жана куурдак бышырдым. Кичине эле кемчиликтерин айтпаса, кыскасы, атама жакты.
– Атаң силерге жетиш­түү убакыт бөлө алабы?
– Жумушуна байланыштуу анын убактысы аздай сезилиши мүмкүн. Бирок ал бизге сөзсүз өзүнчө убакыт табат. Күндүз жумушта болгонуна карабастан, билип туруу үчүн үйгө чалат. Кечинде жумуштан келгенде алтообуз тең отуруп алып чогуу тамактанабыз, анан кино көрөбүз.
Сабактарыңа көп көңүл бурса керек...
– Албетте. Атам физика мугалими болуп иштеген. Ошондуктан алгебра жана физика сабагынан түшүнбөй калган жеримди көп сурайм. Өзүм англис тил сабагын жакшы көрөм.
– Саясатчы кишилер сыртынан сүрдүү көрүнүшөт го. Атаңа кандай мүнөздөмө бере аласың?
– Ак көңүл, боорукер, адилеттүү, сөзүнө туруктуу, мм... дагы аябай күлкүлүү. Сырттагы адамдарга байкалбаса керек, бирок үйдө бизге анекдот айтып берип, баарыбыздын боорубузду эзип салат.
– Кайсы анекдотту көп айтып берет?
– Айтып берейинби? Чукча аялын урушуп жатат. Столду катуу-катуу койгулап: “Сенин мээң жок!”- дейт. Анда аялы: “Ой, эшикти бирөө каккылап жатат окшойт”,- деп калат. Күйөөсү болсо: “Отур, мен өзүм ачып келем”,- деген экен.
Муну атам укмуштай актёрдук менен берилип аткарып берет. Канча уксак да тажабайбыз, тескерисинче, барган сайын күлкүлүү угулат.
– Атаңа кайсы жакта­рың окшош?
– Экөөбүз тең аябай өжөрбүз, айткан сөзүбүздү бербейбиз. Сабырдуу эмеспиз. Аз болсо да, пессимисттик жагыбыз бар. Дагы атам экөөбүздүн көп буюмдарыбыз окшош. Мисалы, iPad (планшет түрүндөгү компьютер). Анан палоо менен мантыны жакшы көрөт, мен дагы.
– Ким болгуң келет?
– Ата-энем “андай бол, мындай бол” деп кеңеш айтат, анан мен дагы түрдүү кесиптин башын ойлоном. Бирок бирөөнө да токтоло элекмин. Атам бир жолу “асем буюмдарынын дизайнери бол” деп калды. Мен ойлонуп жатам, эки-үч жылдын ичинде пландар дагы далай өзгөрсө керек.
– Саясат сени кызыктырабы?
– Ооба, саясатка кызыгам. Бирок кесибим бул тармакка тиешелүү болбойт го. Кайсы тармакты тандабайын, максатыма атамдын арты менен эмес, өзүмдүн аракетим менен жетсем дейм. Анткени атама катуу сөз тийгизгим келбейт. Ошентсе да бардык саясий жаңылыктардан артта эмесмин.
– Мисалы, соңку жаңы­лык­тар боюнча эмнеден кабарың бар?
– Атамдын шайлоого катышып калуу мүмкүндүгүн билем.

Эльвира Караева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(34)
25.07.2011. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй-булоосу тынч аман болсун. Балдарын чын эле жакшы тарбиялагандай.
25.07.2011. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
максаттарын осуп-онуго берсин кыргыздын кызы. аттанды тартсан жакшы кыз болот болушун керек. эгер азыр атан айткан создоруно турса
25.07.2011. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атан президент болуп калса, мурдакы президенттердин уул, кыздарындай болуп атана зыянынды тийгизе корбо сулуу кыз
25.07.2011. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акылдуу кыз экен, суйлогону 15 жаштагы кыздай эмес 20 дан откон кыздай суйлойт экен, молодец ойлогон тилегине жет Ай-Данек
25.07.2011. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мынча жакшынакай кыз!!! Атасы кыргыз, апасы казак, анан акылдуу болот да! Сулуулугу апасын тарткан го.
26.07.2011. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prokuror, Апасы менин жердешим, Ысык Колдун ак куусу, каяктагы казакты ойлоп таптын?
27.07.2011. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Prokuror, апасы кыргыз!
25.07.2011. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасына абдан окшош экен ....... максатына жет!!!
26.07.2011. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле татынакай экен, акылдуу кыз бол! Атама соз тийгизгим келбет дегени жакты.
26.07.2011. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анегдоту зор экен боорум эзилип калды дани сулуу кыз экен и акылдуу
26.07.2011. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чон корунот экен же мага ушундай корунуп жатабы.суйлогону озунун жашындагыдай.акылдуу кыз экен
26.07.2011. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taazim :)
26.07.2011. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай-Данэк озунун билимин, тарбиясын жогорку денгээлде коргозуптур, азаматсын!
26.07.2011. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кыз экен.Текебаевди сыйлап калдым.
26.07.2011. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай-Данек атына затын жарашкан акылдуу кыз окшойсун рахмат ата-энене.
26.07.2011. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай-Данек мончоктой кыз болупсун тилегине жет молодец!
26.07.2011. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынын аттары кытайлык кыргыздардыкындай экен.
26.07.2011. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшынакай кыргыздын кызы!!!
Бирок менин билишимче аты Ай-данек эмес,жөн эле Айданек болчу.Заманбап кылып атын өзгөртүү азыр жаштардын бирден-бир идеялы.
Айданек музыкага кызыксаң и үнүң жок болсо тансовщица болгонуң жакшы!!!
Кыргыздын жакшы кыздарынан болушка аракет кыл жана ойлогон максатыңа жет!!!Жакшынакай кыргыздын кызы!!!
Бирок менин билишимче аты Ай-данек эмес,жөн эле Айданек болчу.Заманбап
26.07.2011. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы анигдот сонун экен Ай-данек омурун узун бщлсун Бекмаматов Акман
26.07.2011. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче шайлоого болгон дагы бир даярдалган кадам болуптур. Текебаевтин аракети куч болуп жаткан го, азаматсыз! Ийгилик сизге!
27.07.2011. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молтурогон кыз болгон тура! Айданек, ыймандуу жаштардан болуп чоной, калган нерсенин баарын кудай берген сага! Ата-энендин татыктуу кызы бол! Атан жакшы киши, сен мен менен сыймыктанган кыз бол!

Таежелерин тарткан экен жузу...
27.07.2011. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хахах акылдуу кыз екен деп жазыпсынар.Кыргызстанды кантип тоноп жешти билген акылдуу адамдын кызыда.
29.07.2011. 06:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dominik, Бул не дегенин, Кыргызстанды качаан эле башкалар жеп бутушкон го, дагы нени жеп атыптыр.......
28.07.2011. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dominik tuura aitasyn birok men tekebaevge ancha ishenbeim
28.07.2011. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylduu,suluu kyz ekensin birok bilesinbi eger menin atam senikindey kolunda bailyk da biylik da bar adam bolso men anda uiu,ata-enesi jok jetim balga jardam bermekmin bul menin jeke oyum,kelechegin ken b-n Ay-Danek baktyluu kyz b-p chonoyo ber ata-enen bir tuugandaryn aman b-n!!!
28.07.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Никогда столько не лгут как во время войны, после охоты и до выборов (СЛ. Отто Фон Бисмарк)
Кызы акылдуу экен.
28.07.2011. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айданек азамат кыз экен, омурун узун болсун, ойлогон максаттарына жет.
29.07.2011. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ахахаха Bopone Кыргызстанда жашайсынбы?Текебаевтер менимче 1991-жылдан бери бийликте.ага чейин...
19.08.2011. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акылду токто кыз екен кыргыздын кыздары ушундай болот
19.08.2011. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызына соз жок, акылдуу чырайлуу экен. Бактылуу бол! Акылынан сенин.
05.09.2011. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ойбой жаман суллу кыз го.кызы учун текебаевди сыйлайм кандай ката ишерди жасаса да кыргыз учун.
11.09.2011. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызы кандай суйлогонун биз билбейбиз да ,жазарда ондоп тузоп анан жазды да. бирок кыз татынакай экен.
06.12.2011. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Лично мага текебаев жакпайт!(кечиргиле кеч комментик жазганыма.мен замандан артта калгам)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо