№455 22-28-июль, 2011-жыл
Өткөн жылы өлкөбүздөгү саясий окуялардан улам мурдагы жылдарга салыштырмалуу туристтердин агымы кескин азайган. Муну менен туризм тармагы солгундап, Ысык-Көлдөгү баалар да арзандай түшкөн эле. Ал эми быйыл “өлкөбүздө бейпилдик орноп, туристтердин саны көбөйөт” деп чоңдорубуз кеп салышкан болчу. Туристтердин агымы көбөйгөндө баалар да кымбаттап кетери бышык. Эмесе, быйылкы бааларга көз чаптырып көрсөк.
ЖОЛ КИРЕ КАНЧА?
Бишкек-Ысык-Көл каттамы боюнча жол кире баалары (Бишкектеги Батыш автобекетинин тарифтеринин негизинде):
Балыкчыга чейин:
Такси – 200-250 сом (1 адамга)
Кичиавтобус – 150 сом
Автобус – 135 сомЧолпон-Атага чейин:
Такси – 350-500 сом (1 адамга)
Кичиавтобус – 250 сом
Автобус – 183 сом
ДАГЫ ДЕЛЕ КЫМБАТЧЫЛЫК
Эс алуу жайларындагы баалар боюнча маалымат алуу үчүн кабарлашып, быйылкы сезон кандай болуп жатканын сураганыбызда, көпчүлүгү туристтердин агымы өткөн жылга салыштырмалуу көп экендигин билдиришти. Ал эми баалардын бир аз кымбат болуп жаткандыгын алар тамак-аш азыктарынын кымбаттагандыгы менен түшүндүрүштү. Алсак, бир адам күнүнө ижарага 300-400 сомго орундук алса, ага тамагы кошулганда 1000 сомго чейин чыгат экен.
Эс алуу жайларындагы көңүл ачуунун баалары: 
Банан – 1 кишиге 100-200 сом
Скутер – 5 мүнөткө 500-700 сом
Катер – 10 мүнөткө 1000 сом
Парашют – 500-1000 сом (1 жолку учууга)
Катамаран – 250-300 сом (саатына)
Теплоход – 250-500 сом (жээктин аймагын 1 кыдырып келгенге)
Бильярд – 150-300 сом (саатына)
Сауна – 250-500 сом (саатына)
Караоке – 100-750 сом (саатына)
Мангал, казан ижарага алуу – 120-200 сом (мейманканалардан табууга болот)
Стол тенниси – 50-150 сом (саатына)
Дискотека – 200-500 сом
Бассейн жана машыгуу залы – 150-300 сом (саатына)

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Пысы. Комментарий жазаардан мурда оӊ тарабындагы талаптарды окуп алгыла!