Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Шааркан эже: «КЫЗЫМ УКСУС ИЧИП ЭМЕС, КИШИ КОЛДУУ БОЛУП ӨЛДҮ»

№455 22-28-июль, 2011-жыл

Адилеттик кайда? Бул суроого жооп издеп редакциябызга баш баккандар көп. Алардын бири кызын жоготуп, адилеттик издеп жүргөн Шааркан аттуу эже. Табышмактуу өлүмдүн болгонуна бир жылга жакындаптыр. Бул баянды угуп отуруп, “чыныгы детектив да бул жакта калат” деген ойго аргасыз туштуктум.

ТУРМУШТАН ЖОЛУ БОЛБОЙ...
– Жамиля кичүү кызым эле. Мындан 4 жыл мурун Таласта окуп жүргөн кезинде Көктөм аттуу бала ала качып кеткен. Кыргызчылык кээде туура эмес кадамдарга түртөт экен. Кызыбызды алып кетип калганды намыс көрүп, Жамиля ошол боюнча жаңы журтунда отуруп калды. Башында жакшы эле жашап жүрүштү. Күйөө баламдын мүнөзүн көп деле билбейм, анткени бир-эки эле жолу көргөм. Ошентип, эркек балалуу да болушту. Кийин эле кызымдын жаркылдаган мүнөзү өзгөрүп, көп сүйлөбөй калганына аябай кыжалат болуп жүрдүм.

“Балам, анчалык кыйналбачы, ажырашкандар аз бекен?” деп четин чыгарып көрсөм, “күйөөм жакшы, апа, кайненем эле мени жактырбай койду” деди.

Турмуш менен жакшы эле күрөштү байкуш кызым. Бирок улам эле чатакташа бергенинен улам ажырашып, баласын алып кетип калды. Ажырашкан соң бул жерде деле көп жүргүсү келбеди окшойт, Орусияга кете турган болду. “1 жылдан кийин келип жаңы жашоо баштайм” деп чечти. Ошентип, Орусияда иштеп келди. Ала качып кеткендиктен окуусун да уланта албай калган эле, аны да улантмай болду. Ошол убактарда күйөө бала жанын койбой эле телефон чалып жүрдү. “Албай эле койчу ошонун телефонун, дүйнөдөгү акыркы эркек болсо да тим эле койчу” деп айтсам, кызым унчукпай кутулчу. Анын үстүнө күйөө бала эбак эле үйлөнүп алганын билип, ичимден сызып жүргөм.

“БАЛАМДЫН АТАСЫ ДА...”
– Москвадан келген соң 15 күндөй үйдө жүрүп, окуусун бүтүрүп келгени Талас шаарына жөнөдү. Ошондо көчөдөн күйөөсүнө жолугуп калыптыр. Кандай максат кылганын ким билсин, айтор, ошол жерден Жамиляны алып Бишкекке жөнөптүр. Бир маалда эле мага телефон чалды.
– Кайда жүрөсүң, кызым,- дедим мен дароо эле бир нерсени туйгандай.
– Апа, мен Көктөм менен жолуктум. Ал “экөөбүз баарын кайра баштайлы” деп жатат,- деди ал.
– Койчу, балам, ошону жөн койчу,- дедим.

– Апа, баламды атасыз калтыргым келбейт. Азырынча Бишкекте жашап туралы. Кийин Орусияга кетели деп жатабыз. Ушинтип сүйлөштүк,- деди.

Бир нерсе деп айтайын десем, “апа, сөз бүттү!” деп койду. Ошол боюнча телефонун өчүрүп салды. Андан бир күн мурун бир окуя болуп өткөн эле. Кызым күйөө балам менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатса, кайненеси тартып алып жаман сөздөрдү айткан окшойт. Ошол сүйлөшүүдөн кийин кызымдын кабагы бүркөлө түшкөн. “Апа, кайненем мени катуу тилдеди. Сөзү кулагыма азыркыга чейин угулуп жатат. Түнү менен уктай албай чыктым” деген эле. Ошентип, кызымдын акыркы сөзү “Көктөм менен кетип баратам” болду. Жаркылдаган жарыгымды ошол боюнча көрбөй калдым.
Шааркан эже ыйлап, андан ары сөзүн айта албай койгондуктан, Жамилянын курбусу сөздү улады:
– Жамиля Бишкекке келгенде мен да бул жакта элем. Алгач мага Көктөм менен келгенин айткан эмес. Бирок үйүнө барып жатып келгенде Көктөм жанын койбой чалып жатканына күбө болгом. Жамиля Бишкекке келгенде мага жолугат деп ойлогом. Бирок ал артка кетенчиктеп, такыр эле жолугууга келбей жатты. “Сени эмне, чыгарбай жатышабы?” десем, “жок” деди. Алар Көктөмдүн туугандарынын үйүндө жашап жатышкан экен.

Телефондон сүйлөшүп жатканда мага кайниси менен кайын сиңдиси келип коркутуп жатканын айтты. “Көктөмдүн аялы бар, сен эми аны жайына кой!” деген кептерди айтышкан экен.

Ошол күнү кечинде телефон чалдым. Гудок кетип жатты, бирок эч ким алган жок. Айлам кетип СМС жаздым. Анда да жооп келген жок. Жүрөгүм жамандыкты сезе баштады.

“УКСУС ИЧТИ, ӨМҮРҮН КЫЙДЫ” ДЕШИП...”
Мындан аркы окуянын жүрүшү да кудум кинодогудай. 17-август күнү Жамиляны белгисиз жигит (болжол менен Жамилянын алысыраак кайниси) Чүй райондук ооруканага алпарып таштайт. Ал эми Жамилянын кайненеси алысыраак туугандарына “Жамиля реанимацияда экен. Өлөм деп уксус ичип алыптыр. Барбайсыңарбы, карабайсыңарбы!” деген СМС жөнөтүптүр. Мындай кабар ага кандайча жетти? Дагы табышмак. Баянды кайрадан Жамилянын апасы улады:
– Ошентип, Бишкектеги эжесине кабар жетет. Ал келип дайынын сураса, врачтар “сенден чоңураак эч ким жокпу?” дешиптир. Анткени ал кыздын боюнда бар эле. “Жок, акем бар” деп агасына телефон чалып, эмне болгонун билбей ошол жерде отура берет. Врач колуна бир пакет карматыптыр. Пакетти ачса, кан болгон халат жана жоолуктар, ич кийимдер бар экен. Көрсө, Жамиляга абысынынын кийимдерин кийгизип коюшкан экен. Алар дагы ылай, кан-жин аралашкан экен. Биз өлүк сасып кетпесин деп эч нерсени сураштырбай алып кетип калдык.

Ошентип, сөөктү жууп жатканда гана кызым катуу тепки жеп каза болгонун билдик. Ага чейин “уксус ичип өлүптүр” деген менен эле турганбыз. Жууп жаткан аялдар ушундай мыкаачылыкка таң калышты. Денесинин баары көк ала, башы кан. Колдору бычак менен тилинген, кабыргалары сынган экен.

Ошол жерден кызымды сүрөткө тартып алдык. Экспертизага жиберели деп жатсак, Аламүдүн районунун тергөөчүсү Байдылдаева Махабат деген келин “бизде бардык далилдер бар. Кайра экспертизага бериштин кереги жок. Баары аныкталат” деп койду. Ошону менен токтоп калдык.
Ал эми азыркы колубузда турган сотмедэкспертизаны кийин чыгардык. Ошентип, жаркылдап турган кызымдан айрылып кала бердим. Кызым оңой менен бирөөгө бой берчүлөрдөн эмес болчу. Менин оюмча, кайындары кызымды коркутабыз деген ой менен катуу сабашкан. Анан “баары бир сотко беришет” деп биротоло көзүн тазалаганга аракет кылышса керек.

Жаны такыр чыкпай койгондо оозуна уксус куюп, «өзү ичип өлдүгө чыгаралы» дешсе керек деп ойлоп жатабыз.

КЫЛМЫШ ИШИ АЧЫЛБАЙ...
– Бирок Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Махабат Байдылдаева кылмышты ачуудан баш тартты. Азыр Жамилядан калган неберемди Көктөм талашып, уялбай сотко берип жатат. Кайындары бизге басып да келишкен жок. Көп эшикти каккыладык, бирок эч кандай жыйынтык болбой жатат. Кызымдын өз ыктыяры менен жанын кыйды деген нерсе чындыкка такыр коошпойт. Анткени ал өтө баласаак болчу. Баласынын келечеги үчүн көп пландары да бар эле. Мен эне катары адилеттүүлүктү талап кылып, суранып жүрөм.

Кылмыш ишин ачуудан эмнеге баш тартышкан? Жаңы турмушту баштоону чечкен Жамиля өз жанын кыйышы мүмкүн беле? Көп суроолордун жообу али табылбады. Бул тууралуу Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Махабат Байдылдаевага телефон аркылуу байланышка чыктык. Ал бул тууралуу кылмыш иши козголгонун, учурда изилденип жатканын кабарлады. Ал эми бул ишке байланыштуу маалыматтарды, изилдөөнүн жыйынтыгын кийинки сандарыбызда маалымдайбыз.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(27)
25.07.2011. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdar kachanga deri akchalulardy ele aktap juro berebiz.karapaiym elder emne bolobuz anda
25.07.2011. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корунуп эле турбайбы аябай уруп сабашканы?Жоопко тартыш керек аларды
25.07.2011. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой Кыргызстан качанга чейин карапайым калктын проблемасын артка жылдырып журо бересинер...Ух журогум эпти кылып сабаган турбайбы акмактар..Ылайым кудайым оз жазасын берсин.....
25.07.2011. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай эркектерди кантип кыргыздын эркеги деп айтасын. аялын ошол эле сенин баландын энеси, бироонун кызы, бир тууганы, эжеси, синдиси. ошол куйосунун козунчо энесин, карындашын ушундай кылып корчу эмне кылар экен эшек десе. ээ кыргыздар козунорду ачкылачы
25.07.2011. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят айбай уялдым.. мындай жолго барган эркек, эркек деген атты кантип алып журот..??????????777
25.07.2011. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой эненди гана урайын сенин мыкаачылар турбайбы токмоктогондор.Эч жакшылык корбой калгыла ушунчалык да болобу?
25.07.2011. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шааркан эже сабыр кылыныз.кызыныздын жаткан жери жайлуу болсун. ал эми аны олтургондор табылып жазасын алышса экен. журогум ооруп кетти адам эмес эле айбандар экен го
25.07.2011. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздар эмнеге айланып бара жатсынар тообо кылып кудайга жалынгыла акыр заманда кантип жооп бересинер буга окшогон айбандар оз жазасын алат шааркан эже сиз эч кабатыр болбонуз эми неберениздин бактысын тилениз да озунузго бала кылып алыныз
26.07.2011. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олтургон бир чымчык олтургондой эле болуп калганго.
26.07.2011. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Okyp alip abdan boorymoorydy.Yshyl bisdin calt dep jyryp kanchalagan ylan kisdin tagdirina balta chababis.Caltti da ogdoogo je koldonboi koiyyga bolot ele go(men bisdin baardik caltibis jaman degenden alicmin).Ekinchiden bisdin kain jyrtybys ene atabis jybailardin tyrmyshyna kuiligishpei ele koigony jakshi.Ailanain kain eneler kelindi kordoodon je alarga tin cinyydan myrda oilonyp korgylochy cilerge da kain eneleriger oshondoidy korgosgody bele.Oshol jipti bis asir ysbocok kim ysot.
26.07.2011. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaidan korkso bolo?!Adam bargan saiyn aibandan aiyrmasy jok bolup baratat,tobo!Emnege uwundai joldorgo barabyz bilbeim,tuwunboi ele koidum,any olturdu kargywka kalywty,emi omur boyu korkuu sezimi m/n jawawat,owol aibandar!
26.07.2011. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudaidan korkso bolo?!Adam bargan saiyn aibandan aiyrmasy jok bolup baratat,tobo!Emnege uwundai joldorgo barabyz bilbeim,tuwunboi ele koidum,any olturdu kargywka kalywty,emi omur boyu korkuu sezimi m/n jawawat,owol aibandar!
26.07.2011. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким олтурсо баары бир аркы дуйнодо жазасын алат.адам олтуруу эн чон куноо болот.сиз сабыр кылыныз.сиздин кызынызды олтургондор эки дуйнодо жарыбай калат.
26.07.2011. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ууужас....
27.07.2011. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adilettyylyk, akiykattyk degen bizde jashabai kalgan eken.
Jamilyanyn jatkan jeri jaylyy bolsyn.Artynda kalgan uulunun omyry yzyn bolsyn.
28.07.2011. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lira, Сен коркпо бул убактылуу гана нерсе Мындайлар бул дуйнодо акча менен кутулуп атса тиги дуйнодо болсо оздорунун жазасын алышьат. Топурагы торколуу болсун , Жайы Жаннатан болсун.
27.07.2011. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин да коншубуз оз аялын олтуруп эшигинин алдына коомп койгон кийин билинип калбасын деп атка жуктоп сууга агызып жиберейин дегенде еоруп калышкан аны камашты 3айдан кийин акча берип чыкты азыр Москвада жаш кызга уйлонгон ал жакта 2баласы бечара ал кишини корсон коркосун себеби кан жеген
27.07.2011. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тергоочунун кылмышты ачуудан баш тартканынын себеби бар, азыр баары акча деп калбадыбы.Мумкун уяты жок Коктомдун туугандары пара берип койгондур.Сабыр кылын Шааркан эже бу дунуйодо жазасын албагандар наркы дунуйодо оз жазасын алат.Бирок Коктом зоокур экен оз баласын жетим кылып.Анын жашоосу ылайым омур боюу элдин каргышы менен отсун.Омур боюу жарыба.Дуйнодон аялсыз от,балага зар бол!!!!Зоокур
27.07.2011. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamila eje menin ejemdin kurbusu bolchu,al ekoobu mektepten beri dos ejem daiyma aytat Jamila men uchun birtuuganymdai bolchu dep,kaza boloordon 10 kundoy murun al bizdikine kelgen ejem ekobu 2 jyldan beri korusho elek bolchu,oshondo men Jamila ejeni korup ayabay tan kal-m,al aybay suluu b-p ketiptir,oshol kunu ejem ekoobuz any uyuno jetkirip barganbyz akyrky jolu oshondo kordum,kiyin kaza bolgonun ejeme men uguskam eeh oshol kun men u-n esten ketpeyt Jamila eje men u-n da oz ejemdey bolchu
27.07.2011. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaarkan eje m-n Malikaydar baykege katuu tiydi airykcha atasyna,kysy kasa bolgondo osuno ant bergen eken men baarybir olturgondu tabam dep birok kaancha araket kylyshsa da ech jyiyntyk jok,baarynan da Syrgakka(balasyna)boorum ooruyt baykush naristede emne kunoo ele ozumcho oyloym eger kiyin apasyn atasy olturgonun bilse emne b-t dep,emi uyalbay talashyp j-t Syrgakty,bul ishtin baary Koktomdun apasy m-n inisinin kylgany munu eldin baary bilet,KUDAY jasasyn bersin kim bolso da osu oshondoy b-p
27.07.2011. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
!!!olso eken!!!koktom erkek emes apasynyn kolundagy Marionetka akmak korsom osum olturup salchuday bolo berem.Kuday jalgap kylmyshker tabylyp kalsa eken!!!bashkalar da jardam berip janagy satylyp ketken SOTTU esine keltirip koyso jakshy bolmok,ushul jerdegi okurman SIZ dagy jardam bere alasys bul ishti ulantkanga!!!Kuday ata-enesine,bir tuugan-na,balasyna omur besin,Syrgak akylduu,baktyluu bala b-p chonoyso eken,Jamila ejenin jatkan jeri jayluu b-n!!!
29.07.2011. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шааркан эже сабыр кылыныз,сот жазалабаса кудай жазаласын,соттор акча гана деп калышкан заман.
29.07.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын укук коргоочулары бардыгына ушундай кайдыгерлик менен мамиле кыла берсе Кырзызстан эч качан онолбойт
30.07.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шааркан эже сабыр кылыныз, окуп алып козумо жаш айланып ыйладым, айланып келип озуно тийет ошолордун омуру кыска болсун,
15.08.2011. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужааас.жиндиго куйосу.коралбай ушуну кылса керек чмо
16.08.2011. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adamdan otkon mykaachy jok dep bekerinen aytybasa kerek.Kankor,zookur kuyoosu ech ubakta jakshylyk korboy kalsyn!Ayalyna kylgan mamilesin ozunun uulunan korsun!Anday aybandar mindep sanalat.Oz kozum menen korgom...Jamilya ketken boydon ele kayrylbay koyso bolmok.
18.08.2011. 05:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызддын адилет соту кайда?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо