Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айнура Салахидинова: «200 СОМГО ЫРДАГАН УЧУРЛАРЫМ БОЛГОН»

№455 22-28-июль, 2011-жыл

Бул ырчы кыздын репертуарында 20дан ашык ыры бар. Ал эми өзү айткандай, чийки бышып, калп эле акча коротуп жаздырып алып, эл алдында ырдоодон уялып жүргөн ырлары андан көп экен. Бирок муңдуу кайрыктары менен угарман топтой алган Айнура бул жолу биздин маектешибиз.

ЖӨНӨКӨЙ КЫЗ ЖӨНҮНДӨ 
Туулган жылы –
1984-жыл, 2-октябрь
Бою – 170 см
Салмагы – 62 кг
Параметри – 90-75-95
Бут кийиминин өлчөмү – 39
Тамакты ылгабай жейт.
Гүлдүн бардык түрүн жактырат.
Өзүнө жөнөкөйлүгү жагат.

– Куш келипсиң, Айнура. Салт болуп калгандай, ал-жай сурашып, акыркы жаңылык­тарыңдан кеп баштайлы...
– Учурда мен эл катары эле чыгармачылык менен алпурушуп жүрөм. “Сен жокто” деген ырыма клип тарттырып жатам. Карап көрсөм, репертуарымда жалаң эле сүйүү тууралуу ырдай бериптирмин. Анан апама бир белек кылайын деп “Апама” деген ыр жаздырып жатам.
– «Жеке концерт берүүгө даярданып жүрөм» дедиң эле. Убакыт-сааты жакындап калдыбы?
– Үч жыл мурун тушоо кесүү концертимди бергенден кийин жыл сайын эле туулган күнүмө концерт берем деп чамынам. Бирок ошол убакытта шарт болбой калат. Быйыл өзүмө берген убадама бек туруп, октябрь айында концерт берейин деп жатам.
– Көбүнчө чыгармачыл адамдар жеке жашоону экинчи планга калтырышат. Сенде бул жагы кандай?
– Туура айтасың. Чын эле, буга чейин жеке турмушум жөнүндө көп ойлончу эмесмин. Учурда жеке жашоомдо бир аз да болсо өзгөрүү бар. Жүрөгүмдүн ээсин таап, турмуш куруу тууралуу сүйлөшө баштадык. Ары жаш курагым да келип калбадыбы. Жакында улуу эжем эркек балалуу болду. Жээнимди көрүп, мен да эртерээк балалуу болсом деген кыялга жетелендим.
– Анда тойду качан жейбиз?
– «Мактанып жатат» дешет го. Колумду сураган бир нече адам бар. Бирок көңүлүмө жакканы бирөө гана болду. Буюрса, күзүндө, концертимди бергенден кийин турмушка чыксамбы деп пландап жатам.
– Буга чейинки сүйүү фронтуңду актёр Эрнист Бөрүбаев менен байланыштырып жүрүшөт. Бул чынбы?
– Ооба, мени Эрнист байкеге көп жабыштырышат. Чынында, ал клипте гана сүйгөн жигитимдин ролун аткарган. Ал гана эмес, куудул Санжар Бердибековго да жабыштырып жүрүшөт. Санжар байкенин үй-бүлөсү менен жакшы катнашта болсом эле ушундай сөз чыгарып алышкан окшойт.
– Болочок күйөө бала менен “мындан ары ырдатасыңбы же үйдө отургузасыңбы?” деп чечишип алдыңбы?
– Жок, азырынча ал тууралуу сүйлөшө элекпиз. Эгерде ал мени багып кетерине көзүм жетсе, анан ал “ырдабай эле койчу” деп суранса, ырчылыкты таштайм.
– Жеке жашооңдо жакшы жаңылыктар бар экен. Эми сени тапкан ата-энең жана бир туугандарың тууралуу айтып берсең...
– Шаарда төрөлүп-өскөм. Атам Бадир союз учурунда заводдо машинист болуп иштеген. Учурда “Кудайбергенде” машина тетиктерин сатат. Ал эми апам Динара тигүү цехин иштетет. Бош убактымда үтүктөшүп, топчу кадашып жардам берип калам. Сахнага кийген кийимдеримдин баарын апам өзү тигип берет. Гүлнара аттуу эжем жана Рустам, Майрамбек деген инилерим бар.
– Чыгармачылыктан алыс үй-бүлөдө чоңой­гон ырчы кыз кимди тартып калды экен?
– 2-класста окуп жүргөнүмдө кошуна эже келип апама “эки кызыңдын бирөөсүн комузга бербейсиңби, ийрим ачылыптыр” деп калды. Кичинекей иним жаңы эле төрөлгөндүктөн, апам эжемди бала багышат деп мени жиберген. Эсимде, ошол ийримге катышкан кыздардын ичинен эң бою кичинекейи мен болчумун. Отургучта отурганда бутум жерге жетпей салаңдап турчу. Агайым да аябай катаал киши эле. Колум кылдарга жетпей жатса, чоюп, урушуп кирчү. Ал урушкан сайын тырышып “карап тургула, мен Самара Токтакунова болом” дей берчүмүн. Бир жолу 400 комузчу катышкан филармониядагы концертке катышмай болуп, форма тиктирип, даярданып жатканбыз. Эртең концерт деген күнү “боюң кичинекей” деп мени катыштырбай коюшпадыбы! Ошондо көзүмдүн жашын көл кылып ыйлап, комузумду көтөрүп, “экинчи келбейм” деп үйгө кетип калгам. Кийин агайым мага боору оорудубу, “сенден бир талант чыгат” деп үйгө издеп келген. Анысы аз келгенсип, дүкөнгө ээрчитип барып, апакай туфли сатып берип, кайра комузчуларга кошкон.
– Ошентип, комуз ийримине катышып, чыгармачылыкка кызыгып кеткен экенсиң да...
– Ооба, мектепти бүткөндө консерваторияга тапшырсамбы деп калдым. Бирок 7 жыл окуурун окуп алып, Искусство институтуна тапшырдым. Ал жакка атам ээрчитип барган. Сырттан Сагынаалы Субаналиев деген агайга кезигип калдык. Агай кабинетине киргизип комуз черттирип, «ырда» деди. Ырдаганды деле билчү эмесмин, “дежурный” ырлардан ырдап койдум. Агай «сен комуз менен ырдасаң болот. Экзаменге 40 саптан кем эмес 3 дастан жаттап кел» деди. Мектепте 2 сап ыр жаттагандан эринчү жаным «кантип жаттайм?» деп бушайман болгом. Бирок экзаменден өтүп кеттим. Окуп жүргөндө ырчы Мая менен курбу болчумун. Анан ал Бек байке менен иштешип, гастролдорго чыга баштады. Мен ага суктана берчүмүн, «качан мен да чыгам?» деп. Анан бир күнү институттан ырчы кыздарды тандап, гастролго чакырып калды. Биринчи эле Маяга чуркап барып, “мен деле гастролго чыкканы жатам” деп сүйүнчүлөдүм. Ошондо Мая “эй, Айнура, азыр окуп эле ал. Гастролдоп жүрсөң, мага окшоп бүтпөй каласың” деген. Анын сөзүн көңүлүмө түйүп, окуумду жакшы аяктадым.
– «Самара Токтакунова болом» деген кыз кандайча эстрада жаатын тандап калды?
– Бул тууралуу да үйдө көп талаш болгон. Апам менен атам «сен кыргыздын комузу менен ырдаганың жакшы» дешет. Ал эми инилерим «эстрада менен эле ырдачы» дей беришчү. Ошондуктан азыр эстрада ырларына эле комуздун үнүн кошуп ыр жаздырып жүрөм.
– “Айнура 200 сомго деле ырдап берет” деген сөздөрдү угуп калдым. Деги эле «ставкаң» канча?
– Окууну бүтүп жатканда Замирбек агай айтып калды, «Айнура, ырчыларды той-топурга көп чакырышат. Анан алар «мен мынчага ырдап берем» деп бир сумманы айтышат экен. Сен эч качан талантыңды акчага баалаба» деген. Мына ошону принцип кылып алганмынбы, чакыруу болгондо «мен талантымды акча менен чектебейм, өзүңүздүн көңүлүңүздөн чыкканды бериңиз» дейм. Чынында, студент кезде 200 сомго деле ырдачумун. Ал кезде бул акча жакшы эле болчу. Ошол эле студент кезде бир депутаттын үйүнө конокко 500 сомго бааланып баргам. «Кыстырма» деп мен отурган жер төшөктүн астына улам эле 500 сомдуктарды салып жатышкан. Кийин кетерде баягы акчаны жер төшөктүн алдынан алгандан уялып, кетип калгам. Ошондо аябай көп тапкан болушум керек. Ал эми азыр тойлордон тапкан акчам жакшы.
– Учурда кафеде ырдайсыңбы?
– Ой, учурунда “Ош базарынан” баштап, көп эле кафелерде иштедим. Азыр кафеде ырдабайм.
– Көпчүлүк ырчы кыздар “белгилүү бренддерден кийинебиз” деп калышат. А сенчи?
– Мен бул жактан же тиги жактан кийинем деп айта албайм. Жагып калса, базардан деле ала берем. Бир жолу мындай кызык окуя болгон. Шашылыш бир жакка барыш керек болуп калып, курбум менен “Ош базарына” кирип калбаймынбы. Базарда чүпүрөктү тарта салып эле кийип көрө беришет го. Чапташкан шымды кийип жатсам бир кыз келип, “ий, Айнура эже, сиз “Ош базардан” кийинесизби? Ырчылар супермаркеттерден кийинишет го” деп мени карап туруп алса болобу, жооп күтүп. Эмне деп жооп берерди билбей же баягы кийип жаткан шымды чече албай эле алдастап калдым. Анан курбум “ырчылар деле силердей эле” деп жооп берип, мени абалдан чыгарып кеткен. Элчилеп «мынча долларга алдым» деп мактангыдай акчам да, алып бере турган демөөрчүм да жок. Мен өз күчү менен бутуна туруп келе жаткан ырчымын. Машинамды деле той-топурдан, шайлоодо ырдап тапкан акчаларымды чогултуп алгам.
– Маегиңе чоң рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Менин дүйнөм - Айнура Салахидинова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(57)
26.07.2011. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy yrdait eken maga da jakty.
26.07.2011. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унунун мукам, конурдугу жагат. осо бер.
26.07.2011. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай суйом да ушул кызды.кыргыздын нукура жузу ушундай болгон.кыз Сайкалдын озу.
26.07.2011. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунор биринчи ошентип чыкыла,андан кийин бирону сынагыла
26.07.2011. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болдубу эми
26.07.2011. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундосун Айнура!
27.07.2011. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жылдыздуу кыз экен ийгилик
SUPER.KG видео
27.07.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн соонун маек куруп бериптир,ачык-айрым,жакшынакай кыз.Кээбир шоу бизнестеги балдар-кыздарыбыздарга караганда тын,какап чакабай ,кыргызча так суйлогон,ток этээр жерин айткан,эн соонун кыз.Кыргыз кыздары ушундай болсок,сыймыктанып эле отурса болчудай.
27.07.2011. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Glavnyi jonokoy,bashkalarga okshop men svezda debeyt iygilik!!!
27.07.2011. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roliktin bawyndagy,kliptegi balanyn figurasy mownyi eken!!! Kyzda suikumduu eken,iwine iygilik!
28.07.2011. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Talantuna taazim!Konsertindi Ekaterinburgdan kutup kalabuz!
28.07.2011. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз , жакшы тилек кылып жакшы адамга турмушка чыгышынызды каалаймын!
29.07.2011. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"prostata ukrashaet cheloveka" men kyzmyn birok maga adamgerchiligi, jonokoilugu menen ayabai jakty =) ushundai podrujkalarym kop bolso =)
29.07.2011. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OMG, а эмне простата чың элеби украшает человека? O_o о майн гот!!! такое впервые слышу
20.11.2011. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IlyasMasirov, конечно простота украшает человека, а ты что думаешь наглость украшает человека?
03.01.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Love_kg, ну конечно я знаю, что простота украшает человека, но чтобы простата украшала - впервые об этом слышу)))
29.07.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакты сонун кыз экен, комуз билген адамдарды озгочо сыйлаймда.
29.07.2011. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайындар, туура жазгылачы!! Простата эмес, простОта!!! Простата деген адамдын органы! хахаха
06.08.2011. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gujunpo, азаматсын.
08.08.2011. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gujunpo tuura aitasyq, jazsa nukura kyrgyz tilinde ele jazsa!
20.11.2011. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gujunpo, не орган а болезнь!!
30.07.2011. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тек койгулачы ким кандай жазат,мумкун ал простатитти жазган ошону менен простатит болуп ооруйт чыгар.Эн башкысы Айнурага ийгилик каалайым.
31.07.2011. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамгерчиликтуу ырчы! Бир суротунон Женифер Лопезге окшоштурдум эле. Стиль боюнча бир аз иштесе эн сонун лейди болуп калат. Ийгилик!
31.07.2011. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец мага аябай жакты особенно суйлогону так так тушунуктуу.ырчыларыбыздын баары ушундай суйлошсо онтошпой ..........
31.07.2011. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай адамга жагымдуу экен суйлогону кулгону.................
02.08.2011. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче атасы кыргыз эмес окшойт...фамилиясы да кыргызча эмес го...
05.08.2011. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эчтекесин жашырбайт го бул кыз. Мага жакты, бирок, бою менден алда канча эле узун экен.
SUPER.KG видео
09.08.2011. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes!!! süylögönu maga dagy jakty...Çooon ıygılıkter!!!
SUPER.KG видео
09.08.2011. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер Айнура
SUPER.KG видео
14.08.2011. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер супер!!!
07.09.2011. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrlary abdan jagat maga, birok klipterde kiygen giyimderin kichine bashkacharak kilsa jakshi bolmok:), anan dagi makyaji jakpayt. birok yry jana unu jaksy abdan.kiyim menen makyaj onoy ele ondop koyso bolot:)))!
20.09.2011. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнура эже ийгилик сизге КЭУдан Айнура
20.11.2011. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
надо было ей взять те честно заработанные деньги!!!
SUPER.KG видео
27.12.2011. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да аябай жактын азамат только ийгилик и бактылуу бол ылайым
SUPER.KG видео
05.01.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Ainura! Komuzundu kolundan tushurbai, trdap, ushul kalpyndan jazbasan, ozun kutkon jigitke da joolugasyn. Aiabai jakshy kyz ekensin. Seni chonoitkon ata-enene da rahmat.
SUPER.KG видео
15.04.2012. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
stilist menen ishteshse abdan jakshy bolmok ushul eje
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо