№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл
“Бул жашоодо катасыз адам бар бекен?! Кетирген каталарыбыз үчүн убагында кечирим сурасак, бармагыбызды тиштеп, ыйлабай каларбыз?.. Ар бирибиз үчүн үй-бүлө – баа жеткис байлык. Аны сактап калуу үчүн кайненемден кечирим сурайын деп келдим”,- дейт Эрмек.
– Адам баласы ачууланганда кандай гана сөздөр чыкпайт. Маанисиз сөздүн айынан үй-бүлөмдүн дубалы урап жаткан кези. Жубайым Мээрим менен эки жыл мурун дүкөндөн таанышкан элек. Төрт айдан кийин бактылуу үй-бүлөлөрдүн иретин толуктадык. Кудайга шүгүр, башыбыздан бакыт балына чыланган күндөр өттү. Актанбайын, анча-мынча урушкан күндөр да болду. Болгон күч-кубатымды жубайымдын бактылуу, жетиштүү турмушта жашоосу үчүн жумшадым. Бир жылдан кийин Мээрим мага аталык бакытты белек кылып, уулдуу болдук. Баары жомоктогудай сонун эле.
Жубайым өтө эле жоош жан. Кайненем жалгыз бой болгондуктан, Мээрим үчүн эненин да, атанын да ролун ойногон. Келинчегим “апам” эле дей берчү. Мен кээде “апаңдын колунан эмне келет, биздин жашообузга кийлигишпесинчи” деп тамаша-чынга салып айтып койчумун. Бирок бул ойлонбой айтылган сөздөрдүн залакасы кайра өзүмө тиет деп ойлобопмун.
Күндөрдүн биринде үйгө келсем, келинчегим жок экен. Көрсө, Мээрим эжеси менен базарга кетип калыптыр. Ал бир жакка барарда мага сөзсүз айтчу эле. Телефон чалып, артынан бардым. Кайнежемдин көзүнчө өзүмдү кармай албай Мээримге кыйкырып койдум. Ошол күндөн баштап жубайым, уулум үйүбүздүн босогосун аттай элек. Мээрим менден алыстап, артынан издеп Нарынга, Кеминге, Көлгө да бардым, акыры Бишкектен таптым. Арадан бир ай өттү. Мээрим мени кечирди, бирок апамдын мага болгон таарынычы жазылбай келет.
Апа, мени кечирип коюңуз, меники туура эмес. Мээрим, сен да менин каталарымды кечире көр. Сенсиз жашоом токтоп калды. Мага кайрылбасаң, жакында аракеч болуп, баарынан кечип кетем. Мен сен үчүн баарын таштайм, ар дайым сени менен болом. Сөз берем, баарын ак барактан баштайлы. Менден кол үзбө, суранам. Уулум Эмирди да аябай сагындым. Апа, биздин кичинекей мамлекетибизди сактап калууга жардам бериңиз...
“Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, ушул күнгө чейин үй-бүлөмдүн баркын билбепмин. Эми жалгыз, жарсыз, баласыз калганда гана жашоонун ачуу даамын татып отурам. Мага мындай жашоонун кереги жок, мага үй-бүлөлүк бакыт керек.
Эркек катары кичүү башымды жерге салып, биринчи кадам таштап кайрылуудамын. Бул кайрылууну окугандан кийин кандай чечим чыгарсаңыздар да баарына кайылмын. А бирок, апа, Мээрим, туура чечим чыгарасыңар деп үмүтүмдү үзбөйм.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
куноокор болбойт. Она виновата в том, что не позвонила. А ты вместо того, чтобы обяснить наорал на нее. И вообще-то "чужая семья - темный лес".