ТАГДЫР ОЮНУ

№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл

(Башы өткөн сандарыбызда)

Сот залы. Бул күндү Азаматтын туугандары, ата-энеси жүрөксүп күтүп жатышкан. Айларга созулуп кеткен сот жыйынтыкталып, бул акыркы сааттар эле. Акыркы сотко жетпей калуу коркунучу да бар болчу. Анткени Азаматтын оорулуу жүрөгү камакка алынгандан кийин начарлап кеткен. Атасы тааныштарынын, акчасынын көптүгүнө салып жатып да анын абалын жеңилдете алган жок. Анткени кадимки Аскар Токтосуновичтин уулунун өлүмүнө күнөөкөр деп эсептелинген адамга жеңилдик берүү анын өзүнө каршы чыгуу менен барабар эле. Башта айткандай, кримчөйрөдө да, саясий чөйрөдө да чоң фигура болгон Аскар Токтосуновичке катылчулар жок болчу.
Азаматтын жүрөгү эрксизден дүкүлдөп алды. Мына, бардыгы азыр чечилет. Алдыңкы катарда отурган достору Нурбек, Алмаз, Бегимайды көзү чалды. Кечээ эле бейкапар ушулардын катарында эле го. Кулагы чуулдап, сот эмне деп жатканын деле көп байкабады.
– Күнөөкөр Азамат Нурбаев, ордуңдан тур,- дегенде гана ордунан араң турду.
– Кыргыз Республикасынын...
Чаңкылдаган судьянын үнү кулагын жарып баратты. Ушунча сөздүн ичинен Азаматка “7 жылга эркинен ажыратылды” деген сөз гана кулагына илине түштү. Апасынын чаңырган үнү, атасынын купкуу жүзү көз алдында калкып турду. “Жети жыл! Жети жыл!” деп жатты мээсинде коңгуроо кагылгандай. Акыркы жолу өзүнө аянычтуу тигилип туруп, күнөөлүүдөй жүзүн буруп кеткен Бегимайдын элеси болду.
Ушундай болду. Аскаттын өлүмү үчүн Азамат темир тор аркасына кете берди. Эч ким бул ишти аягына чейин териштирип, өтөсүнө чыгалы деген жок.
Ошентип, көз ачып-жумгуча арадан бир жыл өтүп кетти. Шаар четиндеги көрүстөнгө таң атпай келип гүл койгон бийкеч оор улутуна отуруп калды. Ооруп айыккан кишидей болуп абалкы ажарынан эч нерсе жок. Көздөрү алайып кеткен. Чындыгында, Бегимай Аскаттын никелүү аялындай эле аза күттү. Бардык нерсенин аягы боло тургандай эле анын оор жоготуусунун да акыры болушу керек эле.
Оор улутунган Бегимай шаарды көздөй машинасын катуу айдап келе жатты. Машинаны демейде жай айдачу. Бул жолу болгон ылдамдыкта терезелерин ачып коюп келе жатты. Өзүнөн, өзүн кыйнаган ойлордон, элестерден качкысы келген үчүн ошондой кылды.
Университетке жакындай бергенде токтоп, курбусу Алинага телефон чалды.
– Салам!
– Бема, сенсиңби?
– Алина, сен бошсуңбу?
– Парада отургам. Бирок кааласаң, ушул пара бүтөрү менен чыгам.
– Давай, сыртта күтүп турам.
Алина чын эле сабак бүтөрү менен сыртка атып чыкты. Кичинесинен эле экөө жакын курбу болчу. Бирок Аскаттын өлүмүнөн кийин Бегимай катуу өзгөрүп, эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калган. Ортодогу өткөн бир жылда көп болсо эки жолу жолугушкан. Курбусун көрөрү менен Алина мойнуна асылды.
– Уф-ф, сен да сыртка чыгат экенсиң, ээ? Үйүңдө эле камалып отурчу элең.
– Бүгүн негедир чыккым келди. Жүрү, кафеге отурабыз.
Чакан кафеде кыздар сырдашып отурушту.
– Баса, жеке фронт кандай?- деди Бегимай курбусуна тигиле.
– Эй, жигит көп, бирок менин форматыма жооп бергендер аз.
– Байка, “тандаган тазга жолугат” деген бар.
– Жок, мен таз эмес эле, ак боз атчан ханзаадага жолугам.
Алина кыткылыктап күлүп алды да, андан ары тамашасын улады.
– Менин мүнөзүмдү өзүң билесиң го. Жерге-сууга токтой албайм. Же мен жигитти тажатып жиберем, же мени алар тажатышат. Сендей болсом го...
– А мен кандай экенмин?
– Сен акылдуусуң, би-ир деп тур, таланттуусуң, эки деп тур. Тарткан сүрөттөрүңдү элге көрсөтсөң, эбак “заслуженныйды” алмаксың.
– Дагы...
– Дагыбы, үчүнчүдөн, банкирдин жалгыз кызысың, төртүнчүдөн, укмуш сулуусуң! А мени кара, боюм кичине, бетим сепкил... Баса, Аскат экөөңдү көрүп алып, өтө таң калчумун. Ушунчалык бири-бирине дал келген адамдар болобу деп...
Бегимай Аскаттын атын угары менен жаркылдап турган кабагы бүркөлө, көзүнөн жаш айлана түштү. Алина туура эмес айтып алганын сезип, эмне кыларын билбей чебелектеп кетти. Көпкө унчукпай отуруп калышты.
– Кечирип кой,- деди Алина акырын.
– Эч нерсе эмес, сен эстетпесең деле ал менин эсимден бир мүнөт да чыкпайт. Билесиңби, жакында бир сөз уктум. Жакшы адамдын да, жакшы нерсенин да убактысы ченелүү болот деп. Ошол чын го. Алар бизден да жогору жакка керек окшойт. Уф, унута албай койдум аны. Атам менен апам уруша берип жадап бүтүштү. Бөлмөмө Аскаттын бардык сүрөттөрүн чаптап алгам. Аскат алып берген оюнчуктар, сувенирлер, шакек, сөйкөлөр... Апамдын жини келип, мен жокто баарын алып туруп катып салыптыр. Аларды да түшүнсө болот. Аскаттын айынан атамдар акчасын төлөп койгон окууга барбай койдум. Атүгүл көп айлар сыртка да чыкпай жашадым. Жүрөктөрү түшүп, психолог да чакыртышыптыр. Баланыкындай жорук, ээ? Эми тажаганда жайыма коюшту.
– Бемчик, Аскаттай адам жок. Андай жигиттер чанда жаралат. Баарыбыз бирден сүйүп чыкканбыз аны. Бирок жашаш керек да. Жаңы жашоону башта... Өзүңдү кыйнай бербечи.
– Аны сезип эле турам. Бирок кантип?
– Бема, кечирип кой оор тийсе, сен эмне, эми арбак менен жашайын деп чечтиңби? Аскат жок эми. Келбейт ал, кайрылбайт. Анын үстүнө өлгөн адамды кечке эстей берсе, ал жакта да кыйналат деп уккам.
– Эмне кыл дейсиң анан?
– Билесиңби, бүгүн экөөбүз дискотекага барабыз. Жыргап бийлеп келебиз. Макулбу?
– Билбейм, мен Аскат менен гана барчумун да андай жерге...
– Эй, кайра баштадыңбы?
– Макул,- деди Бегимай оозу бош.
Алина алдында турган коктейлди ичип, курбусуна шоктоно көз кысып койду.

ххх

Адатта жаштар эс ала турган айтылуу диско-клубдардын бири. Алыстан эле күйүп-жанып, жаштарды “кел берилеп” чакырып тургансыйт. Машинасынан түшүп, кадам таштабай туруп калган Бегимайды чыканактан алган Алина жетелей берди.
– Эмне туруп калдың?
– Хм, билбейм.
– Бас, жүрү...
Экөө диско-клубдун босогосун аттай беришти. Шаңдуу кече башталып, бийлеп жаткан жаштарды тиктеген Бегимай да шаңдуу музыкага кошулду. Көптөн бери сыртка чыгып эс албагангабы, Бегимайдын көңүлү көтөрүлө баштады. Анын үстүнө кичинесинен бийге катышып жүргөн неме бийлегенди да сагынып калган экен. Алинага күлүп, бир нерселерди айтып жаткан Бегимай өзүн тиктеп турган көз карашты сезди. Бирок башын буруп караган жок. Ары басса да, бери басса да табышмактуу көз өзүн ээрчип жатканын байкап турду. Эс алуу үчүн столго карай басып бара жатып, шампан ичимдиги жана букет гүл коюлуп калганын байкады.
– Бул кимге?- деди ал тейлеп жаткан официант жигитке.
– Сизге берип жиберишти.
Акырын келип букеттин ичинен кичине баракчаны тапты. “Аза бүттүбү? Сыртка чыгышың менен куттуктайм!” деген жазууну окуп, өңү кубара түштү. Бурулуп, айланасын жакшылап тиктеп алды. Жок, имаратта өңү тааныш адам көрүнбөдү. Ким бул? Баракчаны колуна мыкчый кармаган ал сумкасын ала коюп, сыртка атылды. Бийлеп жаткан Алинага жетип барды.
– Бул жерден тезирээк кетишибиз керек,- деди ал шыбырай.
– Бема, жаңы эле башталды го. Бир аз бийлеп...
– Суранам, Алиша. Кеттик...
Күч менен билегинен булка тарткан курбусунун өңүн байкап, Алина да сыртка чыкты. Машинасына отурары менен Бегимай зуулдатып айдап жөнөдү. “Акырын айдачы!” деген курбусунун сөзүн да уккан жок. Бир топто гана өзүнө келип, машинасын токтотуп, телмирип отуруп калды.
– Сенин ушундай да жиндилигиң бар беле? Мен жашмын али, жашагым келет. Бир нерсе болсо, эмне болмок? Шайтан кууп бараткандай айдадың го?- деп курбусу урушуп кирди.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ТАГДЫР ОЮНУ 451-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 452-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 453-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 454-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 455-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 457-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 458-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 459-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 460-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 461-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 462-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 463-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 464-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 465-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 466-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 467-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 468-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 469-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 470-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 471-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 472-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 473-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 474-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 475-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 476-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 477-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 478-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 479-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 480-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 481-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 482-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 483-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 484-сан
ТАГДЫР ОЮНУ 485-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 486-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 487-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 488-сан
ТАГДЫР ОЮНУ (сандан санга) 489-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (жаңы сериал) 508-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 509-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 510-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 511-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 512-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 513-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 (сандан санга) 514-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 515-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 516-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 517-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 518-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 519-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 520-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 521-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 522-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 523-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 524-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 525-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 526-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 527-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 528-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 529-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-2 530-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 (жаңы сериал) 557-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 558-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 559-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 560-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 561-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 562-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 563-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 564-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 565-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 566-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 567-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 568-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 569-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 570-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 571-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 572-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 573-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 574-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 575-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 576-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 577-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 578-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 579-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 580-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 581-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 582-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 583-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 584-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 585-сан
ТАГДЫР ОЮНУ-3 586-сан
Комментарийлер(15)
01.08.2011. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото эле табышмактуу болуп баратабы?Ото эле табышмактуу болуп баратабы?
01.08.2011. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бооой...Тиги гул берген жигит ким болду экен...эми аны ойлонуп мен деле кыйналып бутомго
01.08.2011. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi akyryna jetki4e olom go
01.08.2011. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырына жеткиче картайып кетет окшойм;)Акырына жеткиче картайып кетет окшойм;)
01.08.2011. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмки санын кутуп, не болоор экен деп кала бердим, китеби барбы?
01.08.2011. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызуу менен окуп бара жатып тугоп калды го,эмки санын чыдамсыздык менен кутом эми чк-иииий.
01.08.2011. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериалдын ичине кирип кетейин деп эле калдым окшоцт ..:)))
01.08.2011. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журокту эзмей болдуго бул сериал достор
01.08.2011. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаны саны чыкканча журогум токтоп калбаса эле болду .дааааагггггыыы кутобузбу ....барын эле жазып койгулачыыыы.
02.08.2011. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mne tak nravitsa ,kak Vy komenty piwete...:)
04.08.2011. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал Аскат болушу мумкун себеби Аскат олсо чыгарма бутуп калышы мумкун.
04.08.2011. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх Бема,Бема!Сен коп азап тартпасан экен эми!
04.08.2011. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу чыгарма экен.
05.08.2011. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да абдан жакты, бирок мен башкы санынан баштап кантип окусам болот?
08.08.2011. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menim4e al Askatty oltyrgon kiwi...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо