Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗ ТИЛИН КАНЧАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛЕСИЗ?

№192 7-13-июль, 2006-ж.

САМАНДАР:
– Мени орусча ырдаганымдан уламбы, көптөр кыргызча билбейт деп ойлошот экен. Бирок, менин каным кыргыз. Андыктан, кыргыз тилин суудай эле билем. Башкаларчылап тилимде акцентим да жок. Болгону кичине кезимден бери орусча ой жүгүртүп көн­гөнгө тилим да орусчага бурулуп калган. Азыр кыргызча сүйлөгөн жерде кыргызча, орусча сүйлөш керек болгон жерде орусча сүйлөй берем.

АЙЯ САДЫРОВА:
– Мен орус чөйрөдө өскөнүмө байланыштуу кыргызча эркин сүйлөй албайм. Бирок, күнүмдүк колдонулган сөз­дөрдү түшүнөм. Үйдө көбүнчө казакча жана орус­ча сүйлөшөбүз. Ал эми Урмат Усенов менен кыргызча дуэт ырдап чыкканда ырдын ар бир сөзүн бирме-бир жаттап чыгып, тилимдеги акцентимди билдирбеш үчүн чоң эмгек кылдым. Мага кыргызча ырдаган абдан жакты. Эми кыргызча ырдап чыкканга аракет жасайм.

АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВ:
– Мен кыргыз тилин 90 пайыз түшүнөм. Ошондой эле күнүмдүк колдонулуучу сөздөр менен өзүм да сүйлөй алам. Бирок, менде күчтүү акцент болгондуктан, сүйлөөдөн уялам. Ошентсе да кээде концерттерде анча-мынча кыргызча сөздөрдү колдонуп калганымды байкагандар болсо керек. Менин максатым – жакын арада бир концертти жалаң кыргыз тилинде алпаруу. Кыргызстанда жашаган соң, кыргыз тилин үйрөнүүнү милдетим деп эсептейм.

«ДЕЛЬМАР» тобу
Азат: – Мен кичине кезимден бери орусча чөйрөдө өс­көм. Ошондуктан, орус тилдүү болуп чоңоюп калгам. Ошентсе да ата-энем менен үйдө кыргызча сүйлөшөм. Кыргыз тилиндеги айрым гана сөздөрдү түшүнбөй калбасам, дээрлик баарын эле билем.
Сардар: – Мен кыргыз тилин эң жакшы билем. Кыргызча сүйлөп эле тим болбой, ырларды да жазам. Мени «киргиз» дегендер жаңылышат. Мен чыныгы кыргызмын.
Ролан: – Кыргыз тилин 80 пайыз түшүнөм деп айта алам. Бирок, тилимде чоң акцент болгондуктан, кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылбайм. Келечекте толук үйрөнсөм деген тилегим бар.

Даярдаган Жаркынай Нусубалиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо