Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Чолпонай: «ТАМЕКИ ТАРТЧУМУН, АЛ ЗАМАН ӨТКӨН»

№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл

Чолпонайды айрымдар «таланттуу, тарбиялуу ырчы кыз» десе, айрымдар «өтө эле бой көтөргөн, улууну улуу, кичүүнү кичүү дебеген ырчы» деп сындашат. Кайсы бири чындык? Калп тапкыч аркылуу байкап көрөлү.

Ырдаганың өзүңө жагабы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Мага өзүмдүн ырдаган стилим жагат. Кээ бирлер “чет элдик ырчыларды туурайт, плагиатты колдонот” деп сын айтып калышканын угуп калам. Мисалы, “Бейби” деген ырымды “Мадоннанын чыгармасынан көчүрүп алган” деп жүрүшөт. Жакшылап угуп көрүшсө, таптакыр башкача. Менде башка ырчыларга окшоп бирөөнүн обонун же ырын уурдап алган учурлар болгон эмес. Балким, аранжировкасы окшошуп калышы мүмкүн.

Сени аябай чыр селки дешет. Ошол чынбы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Ооба, кандай учур болбосун чыр чыгарып жиберишим мүмкүн. Университетте окуп жүргөндө гастролдоп, сабакты көп калтыргам. Анан мугалимдер университеттен чыгарып салабыз дешкенде алар менен айтышып, аябай чыр чыгарганым эсимде. Өтө эле эмоционалдуумун, жаман сөз уксам эле ыйлап жиберем.

Жигитиң барбы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Ал жөнүндө эч нерсе деп айтпай эле коёюнчу.

Жигитиң менен жарандык никеде жашайсыңбы?

Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Жок

Көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон жагабы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Элдин көңүл борборунда болууну жактырбасам, ырчы болмок эмесмин.

Чыгармачылыкта сенден күчтүү, популярдуу ырчыларга ич күйдүлүк кыласыңбы?

Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Биздин шоу-бизнестен эч кимге деле ич күйдүлүк кылбайм. Ирина Дубцованын чыгармаларын угуп, «эмнеге мен ушул ырчынын деңгээлинде эмесмин?» деп кыжырланам.

Тамеки тартасыңбы?

Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Азыр чекпейм. Бирок 10-класста окуп жүргөндө тартып көргөм. Аделя аттуу курбу кызым тамеки чекчү, анан ал “за компанию мени менен чегип турасың” деп мага үйрөткөн. Бирок мага жакпайт экен.

Ичкилик ичесиңби?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай:– Ооба, майрамдарда ичем. Шампан жагат. Бир жолу үйдө Жаңы жылда шампан ичип алып, башым тегеренип мас болгом. Мени апам көрүп алып, “кызым, башка ичпей эле койчу” дегени эсимде.

Сүйүү үчүн ырчылык кесибиңди алмаштырат белең?

Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Жок

Чолпонай: – Кээ бир ырчы кыздар “сүйүп калсам, айылда деле жашамакмын” деп айта беришет. Бирок алар жөн эле айтышат. Мен сүйүү үчүн ырчылыкты таштабайм.

Сени “аябай бой көтөрмө” дешет, ошондойсуңбу?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Сүйлөшкүм келбеген адамга жооп бербей, баш тартып коюшум деле мүмкүн. Бирок мүнөзүмдө бой көтөргөндүк жок.

Ушакташканды жакшы көрөсүңбү?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Ушакташам. Бирок чыр чыгарганга чейин жете элек. Көп кыздардын сырларын билем, бирок аны жайбайм.

Сенин кийинүү стилиң көпчүлүккө жакпайт экен. Өзүңө жагабы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Көбүнчө кыздар менин кийинүү стилиме таң калуу менен сын айтышат. Бир жолу чачылуу сумка көтөрүп келсем, баары шылдыңдап күлүшүп, “саксайтпай кесип салбайсыңбы?” дешкен. Ошондо мен “көрөсүңөр, ушундай сумка мода болот” дегем. Чынында эле ошондой болуп, меникиндей сумканы баары көтөрүштү.

“Чолпонай башка улуттагы жигиттер менен да мамиле түзгөн” дешет, чынбы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай:– Мен улутчул эмесмин.

Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Өткөөл куракта өзүмө өзүм жакпай кыйнала берчүмүн. Анан элдин мага берген баасынан улам көңүлүм жайына түштү.

Кара пиар колдонуп көрдүң беле?

Чолпонай: Жок
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Мага “кел, ушундай кылып пиар жасайбыз” деген сунуштар болгон. Бирок мен макул болгон эмесмин. Мен тууралуу кара пиарлар чыккан учурлар деле бар. Негизи, куру пиар жасоодон корком. Таенем ушундай нерселерди окуп калса эле келип, “мээмди жууп” кетет.

Диета кармайсыңбы?

Чолпонай: Ооба
Калп тапкыч: Ооба

Чолпонай: – Бир жолу кармап көргөм. Бирок чыдамым жетпейт экен. Таттууга жакынмын деп айтып эле жүрөм го. Ушул адатымды таштай албай койдум. Бир килограмм таттуу болсо деле жей берем.

Чолпонай: – Күйөрмандарыма айтып кетет элем. Кээ бирлер чындыкты жашырып, периште боло беришет. Күйөрмандарым менин жоопторумдан улам жаман көрүп калышып, ар кандай сындарды да айтышы мүмкүн. Бирок мен чындыкты айттым. Өтө катуу соттоп жибербегиле.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(30)
01.08.2011. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кыздын характери бир начар экен
01.08.2011. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырчы деген ырчыдай болуш керек маданияттуу дегендей жалган суйлобосо дейм
01.08.2011. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Maga jasalma araket kilgandai sezile beret. Silerge kandai korunot? Kudum ozu emes ele bawka biroodoi sezilet. Uwul jaginda konul bolup koiso degenim.
01.08.2011. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кызды экинчи жолу коруп жатам, биринчи жолу "эрке кыялдар" деген клипте коргом. Азыр таш ыргытсан, ырчынын башына барып тиет. 2000$ табып алып эле, клип тартырып баары ырчы болуп кеткенго.
01.08.2011. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozun maktagandan olgoncho kachysh kerek dep aitkan geniy kyrgyz
01.08.2011. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ozun ayabaii sezet go,bir tepkich tushup alchy oto ele asmandap ketipsin.
01.08.2011. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
4ek4u elem deit dosihpor 4eget tiwi sargaiyp jatpaiby
01.08.2011. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооой кыргыздар ушунунарды качан койосунар, баса калып баарын жамандап? Татынакай эле жакшы кыз, ачык айрым, уну деле жакшы аракет кылып журо берсин.
01.08.2011. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык айтыптыр, бирок баардык нерсени антип айта бербеш керек, элдин сынында болгондон кийин.
01.08.2011. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Bul kyzdyn kyrgyzcha syilogonyn uga elekmin ,, Kyrgyzcha teleberyylordy alyp barsan menimche jakshy bolmok ...Kyrgyzcha yrlardy jakshy atkarat anysyna soz jok
02.08.2011. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolko glaza krasivie, a tak obychnaya, a poet ona ne vajno.
02.08.2011. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ozyn maktagandan dyky-dyk dyky-dyk chuuuuu....
02.08.2011. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага озуно ишенип жооп бергени жакты
02.08.2011. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган суйлобой де..бул жалган дуйнодо жалган суйлобогон эч ким болбосо керек...болгонун болгондой айтыптыр анын эмнеси бар экен...
02.08.2011. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
owol otkool kurakta jakwynakai,keliwimduu kyz elen,kawyndyn formasyn buzup algansyn go,anan ki4ine aryktai tuwupsun!a joop bergenderine e4 nerse aita albaim.bar bol
02.08.2011. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат канседа Чолпонай
03.08.2011. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men bul kuz zhonundo zhanu klibinde gana kordum!Birok oto ele kuyunsungan,adamdu adam oorduna koybogon,adam menen mamile kuluunu bilbegen kuzga okshosh eken!(Surtunan karganda)Birok mamile kulup koro elekmin Cholponay bir az ubakut dieta karmasa zhakshu bolmok eken!
03.08.2011. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men 1 dagı ırın ce klipin körgön emesmin
03.08.2011. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
опко сезилет, эмнеге боюн которот, кыйратып койгосуп
03.08.2011. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз мага аябай жагат. Сулуу десе сулуу,талант десе таланттуу,акылдуу кыз. Жакшы алып баруучу катары тааныйм.Орус-кыргыз тилинде эн мыкты суйлойт,анча-мынча жасалма суйлоп кыйналган кээ бирлерге салыштырмалуу. Муноозу да озуно жарашат,кээ бир жерлерде мындай муноозунду карматпасан тим эле тебелеп кетпейби! Туп-туура кыласын Чолпонай! Ушунундан жазбай дагы коп-коп ийгиликтерге жетише бер.
03.08.2011. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Эх Чолпонай Чолпонай!
Абиири жок кыз!Бул кызды мен 1 курстан бери тааныйм,БГУнун Журналистика фак-тин бутургон.Курбулары озуно да окшош,бой которгон,ушакчы,ойсеке,Кыска,чыпчыйган кийимдерди кийип келишип,окууга эмес коргозмого келгендей,кечке чейин фойеде каткырышып,адамдардын кыжырына тийишчи,ал эми тамеки чеккени,чын!!!
Деги койчу айта берсен соз коп!!!
Андан коро ыймандуу кыздардын катарына кирсен болмок...оз козум менен коргон,билген маалымат!
04.08.2011. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
BaaryBIR, жаш кыз экен, ойноп-кулсун, убагы келгенде токтолот. Тамеки чексе озунун ден-соолугу.
04.08.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонун кунундо бироону жамандабай калгырлар, иий!
04.08.2011. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Начар эле кыз экени корунуп турат
04.08.2011. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ким озу?
04.08.2011. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага вообще жакпайт ушул кыз!
05.08.2011. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ой бирибизге-бирибиз сын тагып эле олтураберсек а...
08.08.2011. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтаарга созум жок!
14.08.2011. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Horoshya devushka i golos u nee prekrasnyi....udachi tebe Cholpon!!!
09.06.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нармелно так держать
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо