Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТАҢ КАЛУУНУ ЖАРАТКАН ЭРКЕКТЕР

№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл

“Көргөнүңдөн көрбөгөнүң көп” дегендей, дүйнө таң каларлык нерселерге бай. Бул саныбызда планетанын ар кайсы булуң-бурчундагы кызыгуу туудурган эркектер тууралуу маалымат бермекчибиз.

КИР ЖУУГУЧ ЭРКЕКТЕР
Индиянын Мумбай шаарында Дхоби-гхат деген район бар. «Дхоби-гхат» – хинди тилинен которгондо «кир жуугучтар айылы» дегенди түшүндүрөт. Бул жакка күн сайын эртең менен бүткүл Мумбай боюнча чогултулган кир кийимдер алынып келинет. Анткени бул район – кир жуугучтардын мекени. Анда ачык асман алдында 10 миң адам эмгектенет. Алардын бардыгы дхоби кастасынын эркек кишилери. Дхоби кастасы кир жуу оор болгондуктан, аялдын жумушу эместигин илгертеден билишет. Ошондой эле бул иш менен 2 миң жылдан ашык убакыттан бери алектенип келишет. Тактап айтканда, кесип атадан балага мураска өтөт.
Кир жуугучтардын аялдарынын көбү үй жумуштарын жасап, балдарын тарбиялап үйдө отурушат. Ошол учурда алардын күйөөлөрү күнүнө 12 саат кир жуу менен алектенишет. Өздөрүнүн кир кийимдерин да жумушунан жууп келишет. Минтип бош убактылары жок экенине карабастан, аймакта балдардын төрөлүүсүнүн саны жогору. Ар бир үй-бүлөдө орточо эсеп менен сегизден бала бар.
Бир эркек бир саатта 70 кир буюмду жууп, кургатууга жетишет. Ар бири айына 300 доллар же андан көбүрөөк акча табат.
Аялдар кол менен кооздолгон кымбат баалуу сарилеринин өңү өчпөсүн деп машина менен жуубай, кир жуугуч эркектерге ишенип тапшырышат.

КАЙСЫ ЭЛДИН ЭРКЕКТЕРИ ЮБКА КИЙИШЕТ?
Юбка кийген эркектер дегенде шыр эле Шотландия эсибизге келет. Чындыгында эле бул өлкөдө ар бир эркектин үйүндө жок дегенде бир килт (эркектердин улуттук юбкасы) бар. «Килт» – байыркы исландия сөзү, «чатыраш» дегенди билдирет. Негизинен, расмий иш-чарада, майрамдарда, тойлордо кийишет. Килттин тигилишине жараша 3-8 метр чатыраш, жүн кездеме кетет. Бүйрүмөлөрү көп (складдары) килттин салмагы 3 килограммга чейин барат.
Бирмалык эркектер да аялдар сымал узун лонжи кийишет. Кызыгы, пахтадан жасалган мындай юбканы аял-эркек дебей кеңселерде да кие беришет. Эркектердики түз формадагы юбка. Аялдардыкы алжапкычты элестетип, этеги кененирээк келет. Аялдардын майрамдык лонжиси «хтабей», эркектердики «пасо» деп аталат. Муну алар үйлөнүү тойлоруна, бүтүрүү кечелерине жана башка ушул сыяктуу өзгөчө күндөрдө кийишет.
Юбка кийген эркектерди Түштүк Азияда (Бангладеш, Камбоджа, Малайзия, Мьянма, Индия, Индонезия, Полинезия) да кездештирсе болот. Алар «саронг» деп аталган юбканы кийишет. Юбка белдемчиге окшош жана пахтадан жасалган кездемеден тигилип, көбүнчө ачык түстө болот. Аны белдерине ороп кийишет. Этеги согончокко чейин тийип турушу керек.
Йеменде эркектер белине оюм-чийимдер менен кооздолгон кездемени ороп алышат. Бул белдемчи сымал юбка «фута» деп аталат. Бул, биринчиден, салт болсо, экинчиден, күн аябай ысыкта шымга караганда юбканын салкын болушунан. Фута тизени жаап турушу шарт.

ЭРКЕКТЕРГЕ ДҮКӨНГӨ ЖАЛГЫЗ КИРҮҮГӨ БОЛБОЙТ
Сауд Арабиясынын борбору – Эр-Рияд шаарында 16 жаштан жогорку курактагы эркек кишилер жанында айымдар болмоюнча шаардын супермаркеттерине кире алышпайт. Ошондой эле аялы дүкөнгө кирип кетип, өзү сыртта кайсы бир иштери менен кармалып калган эркек да дүкөнгө киргизилбейт.
Мындай административдик мыйзам кабыл алынгандан бери эркектер өз апаларына, аялына жана башка айым туугандарына жакын болуп калышты дешет. Бул чектөө өлкөнүн айымдарынын адеп жана моралдык укуктарын сактоо максатын көздөйт. Анткени ислам мыйзамдарында көбүнчө аялдардын укуктары чектелет. Алсак, Сауд Арабияда айымдарга машина айдаганга уруксат жок. Эркек туугандарынын уруксаты менен гана турмушка чыга алышат. Чет жерге да эркектердин коштоосунда гана чыгышат жана башка. Ал эми эркектерге болгон чектөө көп кездешпейт.
Ошондой эле аталган өлкөдө жакшылыкты колдоо жана бузукулуктун алдын алуу боюнча мамлекеттик комиссия жалгыз бой эркектерге көчөдө жана сейил бактарда ит-мышыктарды сейилдетүүгө тыюу салган. Анткени көп эркектер жаныбарларды айымдар менен таанышуу максатында колдонушат экен.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(7)
01.08.2011. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде арабтардай мыйзам кабыл алса, анда аядардын шоруго, анча-мынча жалкоорак эркектерге жакшы шылтоо болот, бар озун барып кел дуконго, мени киргизбейт деп.
10.08.2011. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elya2404, Арабтардай мыйзам кабыл алынса шорубуз болбойт, Ислам дининде аялдар ото жогору бааланат.
02.08.2011. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жакта эркектин баары кир жууса каяктан алып жууй беришет тушунбой калдым жакшы.
03.08.2011. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, кир кийимдер кундо эрте менен буткул Мумбай боюнча чогултулуп, алынып келинет дейко.
02.08.2011. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каяктан алып жууганы кандай... бул дагы бир сервистин бир туру болсо керек албетте ошол жердеги байлардын жана башкаларыны аялдары кир жуубай атайын кир жуугуч эркектерге акы толоп жуудурушат да...
04.08.2011. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы эркекттер үйүндө бала багуу менен айырмаланышат,аялдарын жумушка жөнөтүп коюп!
(баары эмес)
04.08.2011. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
19 zamir 87 ха-ха-ха сонун жооп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо