Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ОРОЗОҢУЗ КАБЫЛ БОЛСУН!

№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл

Жай саратанга туш келген быйылкы жылдын Рамазан айы жалпы мусулмандар үчүн чоң сыноо. “Канчалык кыйынчылык менен орозо тутсаң, ошончолук чоң сооп табасың” деген кеп бар эмеспи. Мусулман баласынын беш парзынын бири болгон – орозо кармоону ниет кылгандар үчүн кеңири маалымат төмөнкү макалада.

ОРОЗОНУ КАНЧА ЖАШТАН КАРМАЙТ?
Орозо – акыл-эси толуп жана балакатка келген (орточо 15 жаш) бардык мусулмандарга парз болуп эсептелет. Бир гана оорулууларга жана жолоочуларга орозо тутпоо уруксаты бар.
Айыз (этек кир) жана нифас (тө­рөттөн кийин келген кан) абалындагы аялдар орозо тутушпайт. Аялдар бул абалдары бүткөн соң тутулбай калган күндөрүн каза кылып тутушат.

ОРОЗО ТУТПООГО УРУКСАТ БЕРИЛГЕН АБАЛДАР
Исламда себепсиз орозо тутпоо – чоң күнөө. Башталган орозону себепсиз бузуу айыбы катары (каффарат) 1 күн үчүн 60 күн орозо тутуу талап кылынат. Төмөндө белгиленген абалдарда орозону тутпоого же башталгандан кийин бузууга уруксат.

  1. Алыскы жолго чыгууда. Шарият боюнча, жолоочу катары жолго чыккан адам орозо тутпаса болот. Бирок орозону баштап койгондон кийин сапарга чыга турган болсо, анда орозосун каза кылып тутууга туура келет.
  2. Ооруп калганда. Орозо тутууга тоскоолдук кылган кандайдыр бир сыркоосу болсо же орозо маалда сыркоосу күчөсө, анда ал адамга ооз бекитпей коюуга уруксат берилет. Өтө катуу ачка болгондон же суусагандан ден соолук начарласа, анда да орозо токтотулат.
  3. Карылыкта.
  4. Кош бойлуу кезде, бала эмизүүдө.
  5. Согуштагы аскерлерге.
  6. Кыйноо же коркутууга дуушар болгондо оозун ачса болот.

ОРОЗОНУН КАЗА БОЛУШУ

  1. Күндүз атайылап тамак ичүү.
  2. Ооз жабык учурда жыныстык катнашта болуу.
  3. Атайылап кусуу.
  4. Ичеги-карынды тазалоо максатында клизма жасоо, венага кан куюу.
  5. Айыздын келиши.
  6. Дарылоо максатында организмден кан алуу.
  7. Саарлык убакыттын өтүп кеткенине (таң атып калганына ) карабастан, өтө элек деп ойлоп тамак ичүү.
  8. Күн бата электе оозду ачуу.

ОРОЗОНУ ЭМНЕЛЕР БУЗБАЙТ?

  1. Билбестен жеп-ичүү жана жыныстык катнашта болуу.
  2. Айласыздан кан алдыруу.
  3. Тиш пастасын этияттык менен колдонуу, бирок суу кекиртектен ары өтпөшү керек.
  4. Көзгө дары тамызуу, сурма коюу.
  5. Тиш жулдуруу орозого кедерги туудурбайт. Бирок канын жутуп албаңыз.
  6. Сергүү үчүн жуунуу, сууда сүзүү. Сууда сүзгөндө суу жутуп албоо зарыл.
  7. Ушак, жалган сүйлөө сыяктуу арам иштер орозону бузбайт. Бирок буларды жасаган адам күнөөгө батат.
  8. Эрксиз кусуу ооз толтура болсо да орозону бузбайт.
  9. Түкүрүк жутуудан орозо бузулбайт.
  10. Кулакка суу кирсе.
  11. Тиштер арасында калган тамак калдыгы буурчактан кичине болсо жана ал жутулса, орозону бузбайт.

ДАРЫ-ДАРМЕКТЕР ТУУРАЛУУ
Орозо маалында көзгө тамызылган суюктуктар орозону бузбайт. Ийне сайдырып же дары-дармек ичсеңиз, орозо каза болот. Мындай абал казаны талап кылат (бир күндүк каза бир күндүк орозо менен жуулат). Мажбур болмоюнча дары же ийне колдонбоо керек. Мүмкүн болушунча ооз ачкандан кийин колдонуу абзел.

ОРОЗОНУН ПАЙДАСЫ

  1. Жүрөк таза, эс-тутум күчтүү болот.
  2. Орозо кармаган кезде адамдын көңүлү жумшарып, кичипейил болуп өзгөрөт.
  3. Кедейлер жана карды ачтар эске келет.
  4. Напсилик көз артуулар ооздукталат.
  5. Дене сергек жана жеңил болот.
  6. Ден соолук чың болот. Токтукта дене чарчап, адам көп ооруга чалдыгат.

Кыргызстандын аймактарындагы убакыттын Бишкектен айырмачылыгы

Каракол – 10 мүнөт эрте
Балыкчы – 5 мүнөт эрте
Нарын – 6 мүнөт эрте
Талас – 8 мүнөт кийин
Ош – 12 мүнөт кийин
Чоң Алай – 17 мүнөт кийин
Токтогул – 10 мүнөт кийин
Жалал-Абад – 15 мүнөт кийин
Кадамжай – 20 мүнөт кийин
Чаткал – 25 мүнөт кийин
Баткен – 25 мүнөт кийин
Исфана – 30 мүнөт кийин
Чүй облусу Бишкек шаарынын убактысы менен

26сынан 27-августка караган түнү Кадыр түн
31-август Орозо айт
7-ноябрь Курман айт
Эскертүү: Айдын чыгышына карап орозонун башталышы, Айт күндөрү, Кадыр түн бир күнгө алдыга же артка жылышы мүмкүн.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
Навайту ан асуума савма шахри рамадаана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таъала Аллаху акбар.
Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым. Аллоху акбар.

ИҢИРДЕ ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
Аллохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва аълайка таваккалту, ва аъла рызкика афтарту, фагфирлии маа коддамту ва маа аххарту.
Мааниси:
Алла Таалам, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
01.08.2011. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат, календарын жазып койгонунарга.
01.08.2011. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун.Мусулман бир туугандар
01.08.2011. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орозонор кабыл болсун жылнаама жазганынарга рахмат Россияда таппай каламбы деп коркуп жаттым эле
01.08.2011. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Titi, бирок Орусияда убакыт башкача да..
01.08.2011. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун
01.08.2011. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбызды Жараткан мээримине бөлөп, Райан дарбазасынан Бейишине киргизсин!
01.08.2011. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым орозобузду кабыл кылсын
01.08.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы момун Мусулмандарды кирип келген Ыйык Рамазан Айы менен куттуктайм!
АЛЛАХЫМ орозо туткан Инсандардын орозосун кабыл кылсын. Баарыбыздын куноолорубузду кечирип, журогубузго ыйман салсын. Ар дайым ден-соолукта болуп, коздогон жакшы тилектерибиздин Жараткан АЛЛАХЫМ насип кылсын.
06.08.2011. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ROZI, рахмат чон сага.озун орозосунбу.
01.08.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozonuzdar kabyl bolsun!!!
01.08.2011. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dayardagan 4olpon Suiunbaevaga 4oon yrahmat, 4ooon jardamy tiydi bizge! Orozonuzdar kabyl bolsun!
01.08.2011. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун урматтуу Мусулман бир туугандар. Жараткан Аллах Кыргыз элиме ыйман берсин.
01.08.2011. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozonusdar kabyl bolsun urmattu kyrgyz tuugandarym!
01.08.2011. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baardygynyzdarga rahmat, sizderdin da Orozonuzdardy Allah kabyl kylsyn
02.08.2011. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамазан айы менен чын журоктон сиздерди куттутайм! Илайим кармаган орозонор кабыл кылсын Аалла талам.
03.08.2011. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун мусулман бир туугандар!!!!!!!!!!
03.08.2011. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
россиянын сааты м-н саат 2 оозду бекитемби?билгендер айтып койгулачы
03.08.2011. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aichurok1, мага дагы билгендер айтып койгулачы сураныч
03.08.2011. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Orozonuzdar kabil bolsun !!! jaratkan allah talaam baardigibizga iyman bersin..
03.08.2011. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозоңуз кабыл болсун!!!
04.08.2011. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орозонуздар кабыл болсун!
04.08.2011. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БИЛБЕСТЕН ЖЫНЫСТЫН КАТНАШТА БОЛУУ орозону бузбайт дегениңер атайын жазылгандай тариз калтырат. Кантип эле билбей калсын?! А орозо маалында күндүз катнаш кылуу - жеңил-желпи күнөө эмес. А түнкүсүн өлөр-өлгөнчө "иштей бер".
06.08.2011. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таллас, никеси жок барса болобу.оз ачкандан кийин.
07.08.2011. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
орозонуздар кабыл болсун моомун мусулмандар ....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо