ФУТБОЛ ЫРЫМГА БАЙ!

№456 29-июль - 4-август, 2011-жыл

Психологдор спорт тармагында эң ырымчыл калк футболчулар экенин аныкташты.

ЭҢ КӨП КОЛДОНУЛГАН ЫРЫМДАР
Футболчулар эл оозунда айтылып жүргөн 3 келесоонун бири экенин билчүмүн (3 келесоо деп мугалим, айдоочу жана футболчу эсептелет. 1-футболчу, анткени 1 топтун артынан үйүлүп чуркап жүрө беришет. 2-мугалим. Баарын билип турса да, сурай берет. 3-айдоочулар. Эртеден кечке автобусун айдап жүрүшөт да, кечинде үйүнө жөө келишет), бирок ырымчыл да экенин угуп таң калдым. Мына кечээ жакында Киев эл аралык социология институту сурамжылоо жүргүзүп, чоң футболдо эң көп колдонулган ырым-жырымдардын тизмесин түзгөн. Алар:

  • Оюнга чейин сакал-мурут жана чачты албоо.
  • Майданга байпагына бак­тылуу тыйынды салып чыгуу.
  • Жеңишке жеткен беттеш­терден кийин формасын жуубоо.
  • Пенальти тебер алдында дарбазачынын көзүнө карабоо (ошол учурда дарбазачы дөө, дарбаза казыктын көзөнөгүндөй болуп көрүнөт).
  • Тебер алдында топтун жел киндигин бутка туштоо.
  • Оюн алдында айым менен кумарга батпоо.
  • Бут кийимди оң буттан ­баштап кийип, оюн талаасын оң бут менен аттоо.

МАЙДАНДА ЗААРА УШАТЫП...
Ойду улай атактуу футболчулардын өзгөчө ырымдары менен тааныштырууга өтсөк.
Аргентиналык дарбазачы Серхио Гойкоэчеа оюндан кийинки пенальтилер сериясынын алдында майдан үстүндө заара ушатчу. Дарбазачынын бул “кылмышы” кооптуу айып соккулары алдында да кайталанып турган.
Франция курама командасынын коргоочусу Лоран Блан 1998-жылкы Дүйнө чемпиондугунда ырымдап, ар оюнду дарбазачы Фабиян Бартездин таз башын өбүү менен баштачу. Ырымдын таасириненби, айтор, ошол жылы Франция Дүйнө чемпиондугун, арадан 2 жылдан кийин Европа чемпиондугун жеңип алган.
Кудум байыркы гладиаторлордой оюн талаасына өнөктөштөрүнүн эң артынан чыккан Криштиану Роналдунун стандарттык соккуларды теберде топтон туура беш кадам артка аттамай жөрөлгөсү да бар.
Футболду 22 киши ойнойт. Бирок аягында немистер жеңип чыгат” деп айткан англиялык Гари Линекердин ырымы – оюн алдындагы машыгууда дарбазага сокку узатпоо болчу. Бул ырымын ал оюн алдында “алтын” соккуларын сарптап коюудан сестенгендиги менен түшүндүргөн.

БУТТУ ЖУУП ТУРГУЛА!
Италиялык “Интер” жана “Миландын” оюнчуларын дерматолог Руджеро Капуто текшерүүгө алат. Натыйжада алардын 34 пайызында грибок оорусунун инфекциясы табылган. Буга футболчулардын ырымга таянып «бут кийимди жаңылап, кутту качырып алабыз» деп гол киргизген бут кийимдерин жуубай, узак убакыт кие бергендиги себеп болгон.
Кийимди ырымдагандардын катарын Эйдур Гудьонсен менен Герд Мюллер толуктайт. Гудьонсен оюн алдында дааратканага кирип, оюнда канча гол киргизгиси келсе, ошончо ирет формасын өпчү. Ал эми Мюллер «ыңгайлуу болот» деп эки өлчөм чоң бут кийим кийип ойногон.


Бир собол

КАНДАЙ ЫРЫМ КОЛДОНОСУЗ?

Алмаз Мурзалиев,
”Абдыш-Атанын” чабуулчусу:
– Мен үчүн бут кийим чоң мааниге ээ. Ошондуктан ырымдап, оюнга 2 күн калганда бутсамды тазалап, даярдайм. Оюнга чыгарда аны оң буттан баштап кием да, майданды да ошол бут менен аттайм. Албетте, Кудайдан суранууну да унутпайм.

Таалай Жуматаев,
“Нефтичинин” чабуулчусу:
– Негизи, «кара мышык, ак ит» дегендерге ишене бербейм. Футболго байланышкан да эч кандай ырымым жок. Ал эми бут кийимди оң буттан баштап кийип, майданды оң бут менен аттаганыбызды ырым эмес, мусулманчылыкта калыптанган көрүнүш катары билем. Оюндардын алдында командабыз менен намаз окуп, Кудайдан тиленебиз.


Жылмайып коюңуз

Бишкекте Кыргызстан–Өзбекстан футболдук таймашы өтүп жатат. Оюнду көргөнү кыргыздын аттуу-баштуу кишилери, министрлер келишет. Беттеш аякташына 5 мүнөт калганда эсеп 4:0. Кыргызстан жеңилип жатат. Ызаланган КРнын Суу чарба министри өзбекстандык кесиптешине чалып:
– Өзбекстанда сугат иштери качан башталат деп жаттың эле?..

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
01.08.2011. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анегдот зор экен
01.08.2011. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен коп ишене бербейм ырым-жырымга.
01.08.2011. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен футбол ойногондо,андай ырым-жырымдар менен деле ишим жок экен.
02.08.2011. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrym-jyrymga ishenbei, trenirovkasin jakshi kilsa ele anan da Allahym nasip kilsa aty-zaty chygat da. Echteke kilbay ele yrym-jyrym menen gol kirgizish 10don birine nasip bolso kerek.
04.08.2011. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атаңозрайн, ырымчылдар десе. Ырым кылса да, кылбаса да - немистер жеңээрин билишпейби? )). Кимдин даярдыгы жакшы, техникасы "зор" болсо - ошол утат да. Каяктагы ырым-жырым деп. Таалай Жуматаев туура айтыптыр!
06.08.2011. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырымды баардык спортчулар жасашат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо