№457 5-11-август, 2011-жыл
Султан Садыралиев 27-июль күнү Казакстанда үйлөнүү үлпөт тоюн өткөрүп, элден бата алды. Анда ырчынын таттуу көз ирмемдерине көз чаптырсак.
ҮЛПӨТ ТОЙДОН КИЙИНКИ МАЕК
– Султан, куш бооңор бек болсун. Адатта бир балалуу болуп калган соң үлпөт той өткөрүлбөй да калат эмеспи...
– Ар кимдин шартына жараша десек туура болот го. Жеке мен үйлөнүү үлпөт той тууралуу кыялданчумун, андыктан ата-энебиздин батасын алып кайттык. Туугандарыбызга карап Казакстанда өткөрдүк. Той кеч башталып, Асел үлпөт көйнөгүн түнкү саат 11де кийди. 400 адамдын башын бириктирип, кыялыбызды орундатканыбызга азыр да кубанып турам. Жубайым тараптан өкүл ата, өкүл апалуу болдук. Эми кийинки тойлор жалаң Кыргызстанда өтөт. Мисалы, балама тушоо той берем дегендей.
– Балаң жөнүндө да айтып калдың, чоңоюп калдыбы?
– Оо, ал атасын күндө таңкы беш жарымда ойготот. Үч айга толуп, чоң жигит болуп калды. Тоюбузга да барып күбө болуп келди. Тамаша иретинде айтсам, келгенде “ата, тоюңуз жакшы болду, мага жакты” деп айтты. Тойдун жүрүшүндө да айткан “ата, бүгүн сиздин тоюңуз өтүп жатат, өзүңүздү жакшы алып жүрүңүз” деп (күлүп). Мени тааныйт, кадимкидей талпынып, жүрөгүмдү элжиретет.
– Аселге калың бердиңерби?
– Калыңын былтыр эле берип, бардык жол-жобосун жасап койгонбуз. Канча бергенибизди элге жарыя кылгым келбейт, жубайым тараптан да сеп келген.
– Бири-бириңердин кайсы кемчилигиңерден улам көп урушасыңар?
– Кызгануудан. Бир жолу бирөөдөн мындай СМС келиптир “Сиз менен жолуккан абдан жакты. Ошондогу көздөрүңүз, караганыңызчы?!” деген. Аны Асел окуп алыптыр. Ушул сыяктуу кээ бир менин аша чаап кеткен күйөрмандарымдын оюнан чыгарылып жазылган билдирүүлөрүнөн деле уруша кетебиз. Бирок кийинки күндөрү жубайым да түшүнө баштады. Анткен менен мен да кызганчаакмын. Кимден кызганам билбейм, бирок көчөдөн деле жубайымды бирөө карап койсо, кызганып кетмейим бар.
– Жубайыңды Казакстанга калтырыптырсың...
– Келиндик милдетин аткарып жүрөт. Мен болсо элдик адаммын да, келип кызмат кылайын дедим. Уулум экөөнү ата-энем качан жибергенде келишет. Ага чейин сагынып кетем го эми.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
ал кызы журот Бищкекте..Жалалабаддан да коргом...башка бир бала менен...аты Бактыгул ал кызы менен ажырашып журуп..дагы бир башка кыз менен журчу ал Бишкектик кыз супер инфого деле чыккан ал кызы жонундо..жон гана жакшы досторбуз деп кутулган аты Аида...экоонун чогу жургонун деле коргомбуз..анысын неге жашырат...