Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№457 5-11-август, 2011-жыл

АКШ

ОБАМА АКШны БАНКРОТТОН ЧЫГАРА АЛАБЫ?
Жакынкы эле күндөрдө дүйнөлүк күчтүү держава банкрот болуу алдында турган. Анын тышкы карызы көбөйүп, бюджетте таңсыктык пайда болуу менен тышкы карыздарды төлөө жөндөмдүүлүгүн жоготкон. Мындай кыйын абалдан чыгуу үчүн АКШ бийлиги өлкөнүн карызын дагы 2,1 триллион долларга жогорулатууну чечкен. Учурда АКШнын мамлекеттик карызы 14 триллион доллардан ашуун. Эгерде АКШнын экономикасы карыздарды төлөө жөндөмдүүлүгүнөн айрылса, биринчи кезекте Кытай жапа тартат. Анткени ал АКШга 1 триллион доллар инвестициялап, резервдик каражаты да 3,2 триллион доллар менен сакталган.

Венесуэла

АБАКТАГЫЛАР АШЫП-ТАШЫП...
Венесуэлада түрмөгө камалгандардын көптүгүнөн бир канча жолу ич ара кагылышуулар болуп, анда 25 адам каза тапкан. Мындан улам абактагы адамдын санын кыскартып, 50 миңдин ичинен 20 миңин азаттыкка чыгаруу чечими кабыл алынды. Түрмөлөр боюнча министр Ирис Варела: “Биз “карышкырларды” чыгарбайбыз. Коомго анчалык коркунучу жокторду, мисалы, уурулук үчүн камалгандарды бошотсок болот”, - деди. Буга чейин мамлекет башчы Уго Чавес түрмөдө реформаларды жүргүзүүгө 100 миллион доллар бөлгөн.

Сирия

КАН ТӨГҮҮ КҮНҮНӨ АЙЛАНГАН ЖУМА КҮНДӨРҮ
Сириянын Хамма шаарында куралдуу күчтөр менен оппозициянын кезектеги кагылышуусунан 100дөн ашуун адам набыт болду. Бийлик оппозициянын уюгуна айланган Хамма шаарына чабуул жасоону мурунтан эле пландаштырып жүргөн. Ошондой эле бул шаарга Франция менен АКШнын дипломатиялык миссия өкүлдөрүнүн келиши баш аламандыкка түрткү болгон. Сириянын президенти Башар Асад аларды “өлкөнүн ички иштерине кийлигишип жатасыңар” деп күнөөлөгөн. Эске салсак, өлкөнүн президентин колдогондор менен анын бийликтен кетүүсүн талап кылгандардын ортосунда тирешүүлөр 2011-жылдын март айынан бери уланып келет. Нааразы болгондор ар жума күнү демонстрацияга чыгууну адатка айлантышкан. Көтөрүлүш башталгандан бери бир жарым миңдей адам каза тапты.

Орусия

МЕДВЕДЕВ ИШИН КӨЧӨ ШЫПЫРУУДАН БАШТАГАН
Орусиянын президенти Дмитрий Медведев иш тажрыйбасын көчө шыпыруу менен баштаганын айтып берди. “Менин эмгек китепчеме көчө тазалоочу деген иш биринчи жолу жазылып, учурдагы кызматым болгон президенттик эң аягында турат. Көчө тазалоочу болуп университетте окуп жүргөндө иштегенмин, мына ошондо мага эмгек китепчесин ачтырышкан болчу”, - деди өлкө башчы.

Өзбекстан

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТАДЫ
Августтун башталышы менен Өзбекстанда бензиндин баасы 10 пайызга жогорулады. Өзбекстандын министрлер кабинетинин токтому боюнча, Аи-80 үлгүсүндөгү 1 литр бензиндин баасы биздин акчага которгондо 26 сомдон 29 сомго көтөрүлгөн. Ал эми Аи-91 үлгүсү 29 сомдон 32 сомго, Аи-95 32 сомдон 35 сомго чыккан. Орусиядан ташылып келген Premium Euro-95 маркасы 58 сомдон сатылууда. Анын мурунку баасы 54 сом болчу. Өткөн жылдын декабрь айында да мамлекет күйүүчү майды 15 пайызга асмандаткан.

Украина

ТИМОШЕНКО КАМАЛАБЫ?
Украинанын экс-премьер министри Юлия Тимошенко темир торго камалуу коркунучунда. “2009-жылы Орусия менен газ келишимдерин түзүү учурунда өз кызматынан кыянаттык менен пайдаланган” деген күнөө коюлууда. Ушуга карата сот процесси быйылкы жылдын 24-июнунда башталган. Бирок Тимошенко бул айыпты четке кагып, аны президент Виктор Януковичтин оппозиция өкүлдөрүнөн арылуу аракети деп баалады. Тимошенконун айтымында, ал 24-августка чейин камалышы мүмкүн.
Эгерде соттун чечими боюнча мурунку өкмөт башчы күнөөлүү деп табылса, ал өмүрүнүн 10 жылын абакта өткөрөт.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
12.08.2011. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyn jurokton bary bir
12.08.2011. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озбекстан кризистен чыкпай калсын
14.08.2011. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КЫРГЫЗДАН башкасы эмне болсо боло берсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо