Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жейсон Стэтхэм: «ЖЕЙМС БОНДдун РОЛУН ОЙНОО – КЫЯЛЫМ»

№457 5-11-август, 2011-жыл

Биздин каарман чачын такыр алып жүргөн, жүзү “Жүк ташуучу” фильминен соң кеңири таанылган – Жейсон Стэтхэм. Ал көпчүлүк кыздардын көзү менен караганда – “эң сексуалдуу жигит” – режиссёрлордун сөзү менен айтканда, “мыкты таз баш актёр”.

ЖЕЙСОН ТУУРАЛУУ

  • Бою – 175 сантиметр.
  • Салмагы – 80 килограмм
  • Сологой.
  • 10 жыл бою Англиянын сууга секирүү боюнча Улуттук ассоциациясынын мүчөсү болуп турган.
  • Кикбокс боюнча эксперт.
  • Баалаган актёрлору Брюс Ли, Жет Ли. Ал эми өзү болсо актёр Брюс Уилистин сыйлаган актёруна айланган.
  • “Мага эч качан “Оскарды” беришпесе керек. Ага жетүүнү өзүм деле кыялданбайм” деп көп айтат.

СПОРТТОН САТУУЧУЛУККА
Жейсон Стэтхэм 1967-жылы 12-сентябрда Лондондо төрөлгөн. Үй-бүлөдө экинчи уул. Ата-энеси кадимки эле көчө ансамблдеринде ырдап-бийлешчү. Бала чагы тууралуу биздин каарман: "Лондондун чоң көчөлөрүндө футбол ойноп жүргөн кичинекей Жей чоңойгондо актёр болом деп ойлогон эмес. Анткени ал өзүн cууга секирүү боюнча Дүйнө чемпиону катары гана көрчү",- деп эскерет.
Атасы эки уулун тең спортту сүйүүгө үндөгөн. Агасы бокс менен машыгып, кичинекей Жейсон көпчүлүк учурда “грушанын” ролунда калчу. Актёрдун “мен үчүн мээлей кийүүдөн да жөн гана сууга секирүү ырахат эле” дегени бар. Муну бекеринен айткан эмес, анткени Жей 12 жашында cууга секирүү боюнча Британиянын улуттук курама командасына мүчө болууга жетишкен. 1992-жылы Дүйнө чемпиондугу Жейсон cууга секирүү боюнча 12-орунга илинген. “Спорт – менин хоббим” деген актёр акча табуунун айласын издеп, алып-сатуучулук менен алектене баштайт. Көчөдө эле парфюмерия жана кооздук жасалгаларын сатып жан бакканга киришкен.

ЖЫНСЫНЫ ЖАРНАМАЛАП...
Спорт менен машыккан чымыр денелүү жигиттин гүлүнө 1991-жылы британиялык кийим чыгаруучу компаниядан сунуш түшөт. Ошентип, Жейсон белгилүү бренддеги жынсыны жарнамалап чыгат. “Менден башка спортчуларга подиумга чакыруу түшсө, “спортчулар үчүн модель болуу уят” деп барбай коюшчу. Мен подиумдан баш тартпадым”,- деп өзүн модель катары да сынап көргөн. Дал ушул подиумдан Жейсондун актёрлук карьерасы башталган.
Жейсон иштеген компания Гай Ричинин "Карталар, акчалар, кош курал" ("Карты, деньги, два ствола") аттуу тасмасына демөөрчүлүк кылып калат. Кино тартуучу топ компанияга келип бир-эки кадрды тартышмак. Ошондо Гай Ричи Стэтхэмди сынап көрүүнү чечет. Сценарий боюнча Стэтхэм эмеректи алтындан жасалган деп алдап, сатып жибериши керек болчу. “Модель катары жакшы таанылганы менен, актёрлукка шыгы жок болсо керек” деп турган режиссёрду Стэтхэм таланты менен таң калтырат. Көп өтпөй Гай Ричи аны “Чоң утуш” (“Большой куш”) фильминде роль ойноого чакырат.

“ЖҮК ТАШУУЧУДАН” ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН
Жейсонду Жейсон кылган “Жүк ташуучу” тасмасы болду. Атагы алыска тарап турган актёрго көптөгөн режиссёрлордон сунуш түшүп, кинонун көркүн ачып, көп кишиге киреше алып келген. Алсак, “Механик”, “Адреналин”, “Ээ-жаа бербегендер” тасмаларынын аты эле өзүнчө сөз кылууга арзыйт.
Тасмада Жейсон кээде өз өмүрүн тобокелге салып жиберет. Өмүрүнө коркунучтуу трюктарды дублёрдун жардамысыз көп ойнойт. “Он үч” (“Тринадцать”) тасмасында актёр каскадёрлордон таптакыр баш тартып, баарын өзү аткарган.
“Эл жок ээн жолдо мен катуу ылдамдыкта машина айдашым керек экен. “Камера, мотор!” дегенди укканда эле зуу койдум. Ошол учурда мен өзүмдү унутуп калдым. Кокус машинам аңтарылып кетиши да мүмкүн эле. Менде эч кандай коркуу сезими болгон жок. Тескерисинче, укмуш адреналин!.. Катуу кетип баратып оюма келгени “автожарыштын анык фанаты болдум, эми жарыштарды калтырбай көрөм” болду. Экранда гана супермэн болуп көрүнүү мага жетишсиз. Чыныгы жашоодо да кимдир бирөөнүн жардамысыз өзүм аткарганым жакшы. Эмнеге мынча өмүрүмдү тобокелге салам? Чынында, өзүм да билбейм”,- дейт актёр.
Актёр канчалык аракет кылып роль жаратпасын, сынчылардын сынына кабылбай койбойт. Ал өзүнө карата сын айткандарды туура кабыл алуу менен жеңип келет. “Мен качан кинодон кетем? Качан гана көрөрмандарым мени көргөндө кускусу келе баштаганда” деп тамашалайт.
“Жеймс Бонддун ролун жаратуу – бирден-бир кыялым. Ошентсем кээ бирлер “ой, ага жетүүгө көп бар” деп айтышы мүмкүн. Бирок мен деле сыра ичип, машина, трактор айдаган ролдон алыстайын да”,- дейт тамаша-чыны аралаш.

“АЙЫМДЫН ЖАНЫНДА ӨЗҮМДҮ ЖОГОТОМ”
Жейсон 44 жашка келсе да бойдок. Актриса жана модель Келли Брук менен 5 жылдай сүйүшүп жүргөн. Бирок актёр гезиттен Келлинин актёр Билли Зейн менен түшкөн сүрөтүн көргөн соң аны менен мамилесин үзгөн. Мындан сырткары актриса Софи Монк менен сүйүү баянын курганы айтылып келет.
"Жөнөкөй жигитмин, өзүмө эскиче караган. Айымдарга гүл, момпосуй берем. Айым мага жагып турса, анын жанында өзүмдү жоготуп коём. Мага тамашакөй айым керек. Баланы жакшы көрөм. Жүрөгүмдүн ээси табыла элек, табылган күнү эле той өткөрөм",- дейт. Учурда анын актриса жана модель Рози Хантингтон-Уайтли менен бирге түшкөн сүрөттөрү гезит-журналдарга байма-бай чыгууда. Көпчүлүк 24 жаштагы Рози менен 44 жаштагы Жейсондун сүйүүсү үйлөнүү тойго алып келерин айтышууда.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Жылдыздар жөнүндө - Жейсон Стэтхэм

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
SUPER.KG видео
05.08.2011. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жейсон Стэтхэм МОЙ КУМИР!!!
08.08.2011. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Звер киши да ушул. Отко салса куйбойт, сууга салсачокпойт.
08.08.2011. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Стетхем Бонддун ролунда абдан жарашат деп ойлойм. Мен макулмун ойной берсин :D
09.08.2011. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я его обожаю
SUPER.KG видео
10.08.2011. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой ой ой ой
12.08.2011. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат азамат мен уйроткон приемдорду унутпайт да бул!!! ха-хаа-ха
SUPER.KG видео
29.12.2011. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча кереги жок адреналин керек
SUPER.KG видео
19.10.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жейсон Стэтхэм эң мыкты актерлордун катарында!! Баардык кинолорун сүйүп көрөм
SUPER.KG видео
30.10.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул актёрдун кинолору абдан жагат, жана дагы дене тузулушу менен башкалардан айырмаланып турат десем жанылышпайм го дейм!
SUPER.KG видео
13.09.2014. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул актерду кумир тутпайм.жон гана кинолорун кызыгуу м.н барын коруп коем.рольду ийинине жеткире аткарат.молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо