АЙБЕКТИН «БЕЙНЕСИ» БЕШИКТЕН ЧЫКТЫ

№457 5-11-август, 2011-жыл

Башталышы – 20:08 (38 мүнөт кечигип башталды, 29-июль күнү)
Көрүүчүлөр – Спорт Ордосунун 70 пайызы
Мыкты номер – Айбек Карымов, Гүлзат Байзакова “Дил кайрык” ыры
Алпаруучу – Замир Казакбаев
Билет баасы – 300-400 сом

Адаттагыдай эле качан көшөгө ачылат деп күттүргөн концерт салтты бузбай слайд-шоу көрсөтүү менен башталды. Андан кийин “Назик” бийчилер тобу ачып берген соң Роза Шакирова чыгып Айбек агасын куттуктап эки ыр аткарып берди. Алпаруучу Замир Казакбаев эл менен учурашып, күндүн күнөөкөрүн сахнага чакырса “Оо, достор, ушул күнү төрөлгөнмүн, алпештеп ак бешикке бөлөнгөнмүн” деп Айбек Карымов ырдап чыга келди. Андан соң эски да, жаңы да чыгармаларын аткарып, кайсыл бир кездерди эске салды десек да болот. Анткени Гүлзат Байзакова менен ырдаган “Дил кайрыгы” кадимкидей концертке көрк берди.
Баса, өзү жетектеген “Бейне” тобун да бул күнү бешиктен чыгарып, тушоосун кести. Ал тургай ата-энелери да сахнага чыгып, балдарынын продюсери Айбек Карымовго чапан кийгизип, куттуктаганга жетишишти. Концертке Урмат Усенов, Бек Борбиев тарбиялап жаткан “Арман” тобу, Алтынай Нарбаева, Даниель, Назми келип катышып, экиден ыр ырдашты. Ал эми жубайы Гүланда бир далайдан кийин сахнага чыга келди. Бирде жалгыз ырдаса, бирде түгөйүн чакырып, айтор, экөө үйлөнө элек кезде ырдап жүрүшкөн дуэттерин аткарышты.
Спорт Ордосу толбогону менен, көпчүлүк Айбекти сагынып калган өңдүү. Үч саатка созулган концертте тамашалар да аралаш болду. Куудул Борончу Кудайбергенов ооруканадан атайын концертке деп суранып келген экен, буулугуп калганбы, айтор, кечке кетпей сүйлөдү. Аягында көрүүчүлөр күлбөй эле тажап кетти. Жалпысынан бир жылда бир өтүүчү Айбек Карымовдун концерти жакшы өттү.

Толик сынчы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
08.08.2011. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Maga baribir
08.08.2011. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boronchu kobuncho daavat kylat konsertterde
08.08.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы чын жүрөктөн баары бир.
09.08.2011. 05:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ололбай жатып олон айтат дегендей, булардын баары эле тоб чыгарчыч болуп кеткенго ыя!
09.08.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевдин концерттерине барган кундорубуз ай,анын ырларын укканда жаштыгым,балдан таттуу кундор коз алдыма элестелет,а азыр болсочу биринин артынан бири кызыксыз кундор.Бек менен Айбек агайлардын Москвага концерт коюп келуулорун канча сурандым,жооп жок.
13.08.2011. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида,Бек концерт коюп келди го.сен укпай калсаң керек.форумчулар чогулуп барып да келдик.
09.08.2011. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында эле ото таланттуу жигит! Концерти болуп отконун деле билбей калыптырмын.
10.08.2011. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aibek Gulandaga uilongondon beri mende bul kiwige -otvrawenie!
10.08.2011. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да барибир,бекер концерт койсо да барбайм.
11.08.2011. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул жигиттин ырын угам бирок бетине карабайм. Эгер концертинде тескери карап ырдаса барам, себеби уй-булосун таштаган кишилерди сыйлабайм!
11.08.2011. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG-Tolkun, тескери карап ырдаса да барба)))
11.08.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кишини итчелик да сыйлабайм ырларын да уккум келбейт торт баласын таштап жаш катын ээрчип кеткени учун!!!
11.08.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakshilikova, баран экен э
12.08.2011. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй-булосун таштап, кайдагы бир жаш кызды ээрчиген неме онбок беле, Гуланда экоо деле бир аз жашайт да анан Карымовду кууп чыкпайбы. Айбектен крутой бир ырчы чыкса эле, аны менен дует ырдап кетип калат. Урматтоого татыктуу эмес!
15.08.2011. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу мырзасыз! Жигиттеригиз абдан жакшы ырдашат экен! Бактылуу болуп, балдарынызга каралашып турунуз! Чыгармачылыгынызды ийгилик коштой берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо