«P.S. МЕН СЕНИ СҮЙӨМ»

№457 5-11-август, 2011-жыл

Бактылуу үй-бүлө, унутулгус күндөр, ошондой эле кайгы-муңга малынган жесир айымдын ыйы... Түгөйүн жоготкон ар бир аялзаты үчүн мындан өткөн азап жок.

Жанры – Драма, мелодрама
Режиссёр – Ричард ЛаГравенезе
Продюсерлер – Венди Файнерман, Бродерик Жонсон, Эндрю А.Косов, Молли Смитт
Сценарийин жазгандар – Сесилия Ахерн, Ричард ЛаГравенезе, Стивен Рожерс
Башкы ролдордо – Хилари Суонк, Жерард Батлер, Лиза Кудроу жана башкалар
Оператор – Терри Стэйси
Композитор – Жон Пауэлл
Тасманын узактыгы – 2 саат 6 мүнөт
Бюджети – 30 миллион доллар
Сатыктан түшкөн акча – 156 миллион доллар
Тарткан өлкө – АКШ
Чыккан жылы – 2007

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Тасма 2006-жылдын ноябрь айынан баштап Нью-Йорк шаарында жана Ирландияда тартыла баштаган.
  • Фильм белгилүү америкалык фотограф айым Вейдланд Смитт Райстын элесине арналган (1970-2005 ж.ж). Анын эжеси Молли – фильмдин продюсерлеринин бири.
  • Съёмка учурунда актёр Батлер (Жерри) кокусунан Суонкту (Холли) курсак тарткыч менен башына уруп алган. Актриса башынан катуу жаракат алганына байланыштуу съёмка иштери бир жума токтоп турган.
  • Холлинин ролун жараткан актриса Хилари Суонк эки жолку “Оскар” сыйлыгынын ээси.

ҮЗҮЛБӨГӨН ҮМҮТ
Ирландиялык Жерри Кеннеди жана жубайы америкалык Холли – Манхэттен шаарында жашаган бактылуу үй-бүлөлөрдүн бири. Алардын чогуу жашаганына сегиз жылдын жүзү болгон. Бул жыл аралыгында экөө чырдашып-жарашып, таарынып кайра табышышат. Жерри аялына “сен балалуу болууга көңүлдөнбөйсүң” деп нааразы болсо, Холли “балалуу болуу үчүн жакшы шарт болушу керек” деп жашаган тар үйүн шылтоо кылуу менен эне болуу жоопкерчилигинен качкан. Айлар өтүп, бири-бирин катуу сүйгөн түгөйлөргө Жараткан татаал сыноосун берет. Жерри катуу оорудан (мээнин шишигинен) көз жумуп, жесир калган Холли күйөөсүнүн өлүмүнөн катуу депрессияга кабылат. Күйөөсүнүн автожоопбергичке жазылган үнүн угуу үчүн анын уюлдук телефонуна кечке коңгуроо кылып, түн бир оокумга чейин отура бермей адат табат. Түшүндө маркум күйөөсү менен кадимкидей эркелешип, чер жазышып, таң атканда аны таппай калганда гана эрксиз күчүн ыйдан чыгарат. Холли жалгыздыктан психикалык жактан алсырап баратканын өзү да аңдабай калган эле.
Күндөрдүн биринде Холли батиринде жолдошунун кийимдерин кийип алып ырдап жатканда үйүнө курбулары жана апасы Патрисия кирип келет. Алар үйдөгү иретсиздик менен Холлинин кебетесин көрүп, иштин чоо-жайын түшүнүп ага жардамдашышат. Андан соң 30 жашын куттуктап достору алып келген тортту ачканда анын бетинде “Туулган күнүң менен, Холли! Сүйүктүүң Жерри.” деген жазуу болот. Торттун ичинде кичинекей кутучага салынган диктофон да бар болчу. Таңыркаган Холли аны коюп укса, жолдошу мурункудай эле шайыр үнү менен аялын куттуктап, “муңайба, сүйүктүүм. Андан көрө кийимдериңдин мыктысын кийип, курбуларың менен көңүл ач” деген кеңешин берет.
Ушундан кийин күйөөсүнүн жазган каттарын чыдамсыздык менен күтүп окуп, андагы буюртма-кеңештерди аткарууну Холли адатка айлантат. Жерринин жиберген ар бир катынын аягында “P.S. Мен сени сүйөм” деген сөз болчу. Тасма соңунда Холли күйөөсүнүн каттарынын жардамы менен депрессиядан чыгып, апасы менен Ирландияга кетет.

ИДЕЯСЫ ЖАШ ЖАЗУУЧУНУКУ
Тасма Ирландиянын экс-премьер-министринин кызы, 29 жаштагы жазуучу Сесилия Ахерндин романынын негизинде тартылган. Жазуучунун “P.S. Мен сени сүйөм” аттуу китеби 2004-жылы жазылып, кырктан ашуун тилге которулган. Бул Сесилиянын дебюттук чыгармасы. Мадагаскардан Ямайкага чейин тараган китептин сүйүүчүлөрүн көбүнчө айымдар түзгөн. Себеби айымдар романтикага жакын болушат эмеспи. Ачуу жашка аралашкан жесир айымдын тагдырын эки сааттан ашуун чагылдырган тасма ар бир көрүүчүнүн көзүнө жаш алдырары анык.

АКТЁРЛОР ТУУРАЛУУ
37 жаштагы америкалык актриса Хилари Суонк көпчүлүк ролдорунда эркек мүнөз, күчтүү айымдардын образын жаратып келген. Ал эми “P.S. Мен сени сүйөм” тасмасында алсыз, өзүнө ишенбеген айымдын ролун жеткиликтүү ачып бере алганына баары таң калышкан.
“Жорж Клунинин көчүрмөсү” деген атка конгон Жерард Батлерди күйөрмандары аны баатыр мырза катары таанышат. Анткени ал “300 спартандык” тасмасында падыша Леониддин ролун жаратып, көпчүлүктүн эсинде калган.

Лунара Бекиева
koom@super.kg


Тасма таржымалы - "P.S. Мен сени сүйөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
08.08.2011. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
действительно классный фильм!!!!
SUPER.KG видео
08.08.2011. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ёёёёёё бул менин жакшы көргөн тасмаларымдын бири да. Мен 4-5 жолу көрүп да ыйлай эле бергем... аявай жагат. Фильм супер!!! Актерлор ылайыкттуу тандалган, сюжет сонун!!!
08.08.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u kogo est ssilka na etot film???
09.08.2011. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, сонун фильм экен. Мурун коргон эмесмин, "Суперге" чыккандан кийин атайын издеп таап кордум.
14.08.2011. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kitepten okugam birinchi.....kitep kyzyktuurak dep oiloim
03.09.2011. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчегим окуп,аябай жактырган.Мага айтып берчу улам окуганын.
03.11.2011. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фильм жонундо жазылган макала так эмес...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо