№457 5-11-август, 2011-жыл
“Депутаттык мандаттын кол тийбестигине салыштырмалуу кылмыш процессуалдык кодекстин статусу жогору турат. Мындан улам “Ата Журттун” депутаты Камчыбек Ташиевге карата кылмыш иши кайра уланышы мүмкүн”,- деп баш прокурор Аида Салянова билдирди. Азыркы тапта прокуратуранын тергөө органдары Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жаткан бул иш боюнча медициналык экспертизанын тыянагын күтүүдө. “Эгерде жабыр тарткан депутат Бахадыр Сулеймановдун денесине келтирилген оор зыян белгилери бар экендигин медициналык тыянак ырастаса, прокуратура КамчыбекТашиевге карата кылмыш ишин козгоого укуктуу”, -деди Аида Салянова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
1 | 2 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |