Гүлжигит Калыков: «БОЗО САТЫП АПАМА ЖАРДАМ БЕРЧҮМҮН»

№457 5-11-август, 2011-жыл

Гүлжигит чоң сахнага чыгарда ушунчалык толкунданганынан майда калтырак басып турса, Ырыскелди Осмонкулов келип “сахнанын ортосуна эптеп көзүңдү ачып жетип ал, анан бекем жумуп ырдай бер” деп кеңеш бериптир. Ошол сахнадан апкаарыган жигиттин начар ыры чыккан жок.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...

  • “Байлыгым – ар кандай сынактардан алган дипломдорум”.
  • “Өзүмдү таза алып жүргөнгө аракеттенем”.
  • “Чектен ашып шайыр болуп кеткен кыздар жакпайт”.
  • “Чет элдик ырчылардан Бруно Марстын чыгармачылыгына кызыгам”.

– Салам, Гүлжигит. Эс алуунун ордуна чекеден тер агыза иштеп, тасмага тартылып жүрүптүрсүң...
– Ооба, өзүмдү актёр катары сынап көргүм келди. Учурда режиссёр Нурлан Разакуловдун “Сулуулар жана миллион” деген тасмасында башкы ролдордун бирин жаратуудамын.
– Тасмага тартылуу ырчылар арасында модага айланды. Сен да куру калбайын деген турбайсыңбы?
– Негизи, сунушту Нурлан байке өзү айтты. Продюсерим менен кеңешип, катышып көрүүнү чечтим. Анан кинопробадан өткөнүмдү, башкы ролдордун бири берилгенин айтышты.
– Режиссёрдон тил укпай ролду жакшы эле ойноп жатасыңбы?
– Ишибиз ортолоп калды. Бирок кыйынчылыктары деле көп экен. Көбүнчө айтчу сөзүмдү туура эмес айтып салып жатам. Кээде күлчү жерден кабагымды түйүп алып, окшоштура албаган учурлар деле кездешүүдө. Биринчи жолу тасмага тартылып жаткандыктанбы, мага баары кызык болуп жатат.
– Ырчылыгыңда эмне жаңылык?
– Жогоруда айтылган тасмага “Бул жашоодо сулуулук менен акчадан башка сүйүү да бар” деген темада саундтрек тартууга даярданып жатабыз. Мындан сырткары Гүлзинат Суранчиева менен ырдаган “Сүйүү багы” аттуу дуэтке клип тарттыруу алдында турабыз.
– Жеке жашоого убакыт бөлүп жатасыңбы? Кыздарга барып дегендей...
– Кыздар менен жолугууга убактым жок. Азыр оюмдун баарын эле иштеш керек деген максатка толтуруп алып жүрөм.
– Таптакыр эле кыздарга убакыт жок дегенге кошула албай турам...
– Эми “таанышып алалы” деп чалган кыздар менен сүйлөшөм. Бош убактымды чыгармачыл изденүүгө жумшайм. Мисалы, азыркы жаштардын жазган ырлары улуу муунга жакпай, көп сындар айтылып жүрөт. Ошол себептен эски ырларды угуп, жаңы ырлар менен салыштырып изденүүдөмүн. Биздин команда машыктыруучу залга, тил үйрөнүүгө, сууда сүзүүгө барабыз. Ушинтип эле убакыт эмне болуп өткөнү билинбей калат.
– «Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун кызы менен ысык мамиледе болгон» дешет го, сени...
– Жаныбек байкенин Нуржамал деген кызы менен классташмын. Сүйүү эмес, кадимкидей эле достук мамиледе болчубуз.
– Сүйүүсүз деле жакын мамиле түзө бересиңби?
– Жок, мен сөзсүз сүйүү менен гана мамиле курам. Сүйүүсүз эле андай ишке баруу – акмакчылык.
– Үйлөнүү тууралуу ойлоно элек болсоң керек?
– Эгерде бул суроо мындан 1 жыл мурун берилсе, “таптакыр ойлонуп көрө элекмин” деп жооп бермекмин. Азыр агаларым, классташтарымдын үй-бүлө кургандарын көрүп, үйлөнүү тууралуу ой жаралды. Ата-энем да “жаш курагың келди, үйлөн” деп жатышат. Бирок азырынча так айта албайм.
– Бойдок болсоң, ырчылыктан тапкан акчаңды эмнеге коротосуң?
– Мен чарбачылмын. Үйдө эмне кем-карч болсо, кимге эмне керек болуп турса, өзүм билип эле алып берем. Акчаны туура коротконго аракет жасайм.
– Канат Култаевдин командасына кошулгандан кийин элге тааныла баштадың. Эгиз балдар деле бири-бири менен атаандашат эмеспи. Силердин командада да мындай нерсе болсо керек?
– Балким, Канат байкеге жолукпаганда менин чыгармачылыгым орто жолдо калмак. Негизи, продюсер менен иштешкен жеңил. Ал эми биздин команданын ич ара ынтымагы бекем. Канат байкенин айткан сөзүн эки кылбаганга аракет кылабыз.
– Таланттуу баланын ата-энеси да чыгармачылыкка жакынбы?
– Ыр дүйнөсүнө кызыгып кеткенде бул өзүмө да кызык болду. Үй-бүлөбүз менен тамактанып отурганда “апа, атам бухгалтер, сиз мугалим, ал эми мен кайдан чыккам ыр жандуу болуп?” дедим. Апам “эмнеге таң каласың, мен сендей курагымда бий менен республикалык кароолорго чейин катышып, өнөрүмдү элге тартуулап жүргөм” деп оозумду ачырып жатпайбы. Ишенесизби, ошончо жыл бирге жашап, атам да апамдын бул өнөрүн билген эмес экен.
– Апаң тууралуу айтып калбадыңбы, убагында сени апаң менен бозо сатчу дешет...
– Ооба, андай убак болгон. Мен кээ бир классташтарымдай болуп сабактан кийин ойноп жүрүп албай апама жардам берип, убакытты пайдалуу өткөрчүмүн. Апам сабактан келгенден кийин “Кеттикпи?” дегенде жалкоолонуп моюн бурабай, барып соода кылып келчүбүз.
– Бозо ичип алып башың тегеренген күндөр болдубу?
– Көп эле ичкем. Бирок апам бозону каны аздарга, кош бойлууларга ылайыктап көп ачытпай жумшак жасачу.
– Мектепте сени “биздин Басков” дешчү экен. Азыр “өзүнчө эле Гу Чжун Пё” дешет...
– Басковдун “Шарманка” деген ырын көп ырдачумун. Ошол себептен эле мени Басков дей беришчү. 6-7-класста окуп жүргөндө ар кандай кароо-сынактарга көп катыша баштагам. Жыл сайын эле апрель айынан баштап сабактарды көп калтырчумун. Себеби “Жаш таланттар” сынагы ушул маалдарда өткөрүлчү. Бирок окуум начарлап кеткен эмес. Калтырган сабактарды кубалап жетчүмүн. Ал эми корейлерге окшошоюн деген оюм деле жок. Өзүмдүн эле стилим ушундай. Кийинүү боюнча айтсам, кийим-кечек сатып аларда да продюсерим менен кеңешип, чогуу сатып алабыз. Азыр чыгып жаткан кийимдердин баары эле корей стилинде болуп жатпайбы.
– Ырчылыктан башка кандай өнөрүң бар?
– Досторум “Гүлжигит, сен көп нерсени бат өздөштүрүп кетесиң” деп айтышат. Чынында эле эмнеге киришпейин, дайыма алдыда болом. Мисалы, сууда сүзүү, чуркоо болобу же жөн гана топ ойногондо дайыма алдыда жүрчүмүн. Сүрөтчүлүк да жайым бар.
– Биздин Медиа-порталда сага мындай сын көп айтылат. “Ушул жигит мурду менен ырдайт” деген. Сен буга кошуласыңбы?
– Ар ким ар кандай сын айта берет. Негизи, менин үнүм баритон болгондуктан, ушундай угулса керек. Чынында, мындай сынды биринчи жолу угуп жатам. Байкап көрүшүм керек экен.
– Бизге берген маегиңден кийин “Гүлжигит алдамчы” деп бирөө билдирүү жибериптир. Алдап кеткен учурларың болгон го?
– Андай болушу мүмкүн эмес. Балким, ал мени жаман көргөн адамдыр...
– Молдо-кожо, бүбү-бакшыларга ишенесиңби, “кирине кирип кетти, көз тийип кетти” дейсиңби?
– Көзү ачык, бүбү-бакшы дегендерге ишенбейм. Бирок жанагы бар го, кыргызда кой союп түлөө өткөрүү дегенге окшош ырым-жырымдар, ошолорду туура эле кабыл алам.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Менин дүйнөм - Гүлжигит Калыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(53)
09.08.2011. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фигурасын ондошу керек, осанкасын. Букуройуп турат аябай.
09.08.2011. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каждый раз одно и тоже.....одни и те же вопросы,одни и те же ответы ...
09.08.2011. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bozo jonundo suroonu berbei ele koybopturda. Emne keregi bar emi jaman abalda kaltirip adamdi. Baaribizdin ele chukulap korsok uyattu maaldaribiz bolgonda.
09.08.2011. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул баланы эмнегедир Авраам Руссого окшоштура берем.Тулку бою,кебетеси жада калса жылмайганы... Анан мообу журналистка университетти бутконбу озу?
09.08.2011. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахияна Сатылганованы айтып жатам. Мурду менен ырдабай эле тамагы менен эле ырдап жататго. Гулжигит-жигиттин гулу болуп журо бер.Чыгармачылык ийгилик каалайм.
09.08.2011. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейлерди туурабайм деп коюп эле туурай беришет....
10.08.2011. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылык ийгилик сизге!!!
10.08.2011. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит мен сизди жана сиздин чыгармачылыгынызды да абдан баалайм, сизге ийгилик, келечектеги омурлук жарыныз сизди баалай билген жана ыймандуу кыргызымдын кыздары болушун каалайм
10.08.2011. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит&Султан экоо жандуу ун ырдаганда Султанды унун басып койгон. Ушундай жаштар коп болсун Кыргызстанда. Ийгилик сага эмне максатын болсо максатына жет!!!Гулжигит&Султан экоо жандуу ун ырдаганда Султанды унун басып койгон. Ушундай жаштар коп болсун Кыргызстанда. Ийгилик сага эмне максатын болсо максатына жет!!!
10.08.2011. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат.сенин чыныгы талантын бар.бирок"Эми “таанышып алалы” деп чалган кыздар менен сүйлөшөм" дегенин жаккан жок.типа девушки сами звонят,а мне поф... дегендей...звездная болезнь!!!
10.08.2011. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
если что Ассоль аламедин 1 де базарчикте пирожки сатчу,интервью алып корбойсунор бу)))
11.08.2011. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Light, chyn elebi? Bilbeptirmin, je tamashalap jatasynby?
20.11.2011. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Light, да не продовала она пирожки, она же с хорошей семьи!!!
20.11.2011. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Light, имеется в виду всегда жила в достатке
11.08.2011. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каарман калып, эми кабарчыларга асылып баштадынарбы? Кызыкпыз кээде аша-чаап ата-жотосун териштерибиз. Суроону кандай берет, кандай коет журналисттин озунун иши, анан эмне кечке эле мактанта берсинби ырчыларды. А мурунга салып ырдаганы чын, жакшылап тындап уккан адамга.
11.08.2011. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура! Журналист деле суроону асмандан албай да туурабы? Коргон-уккандарын сурайт да.
Журналист эркекк экен да.
11.08.2011. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бозо сатканын сурап коюптур, анын эмнеси бар экен.Соода кылган уятпы? ал уят иш кылган жок да, бироону алдаган жок, уурдаган жок дегендей
12.08.2011. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дагы ырчыбы??????
12.08.2011. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец суппппер
13.08.2011. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizde keebir ele Yrchylar kyrgyzcha shar suyloy alyshat... Azamatsyn Guljigit ayabay kyska, tez, maaniluu suyloyt ekensin.
14.08.2011. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yshyl balanyn yny jagat.Azamat!
22.08.2011. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Soodada dostuk jana uiyat jok.
Men bozo sagyndym :)))
Guljigitke iygilik kaalaim !!!
25.08.2011. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молочик
SUPER.KG видео
26.09.2011. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ийгилик каалаймын ойлогон ой максаттарына жетте бер
SUPER.KG видео
02.10.2011. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат жакшы ырдайт экен... Ай Кыргыздар качан дуйнолук денгелге которолубуз?кыргыз шоусунда
ким дуйнону дункуротот?
SUPER.KG видео
11.11.2011. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
куренкеевадан дейт го? куренкеев аял киши беле чулдур!
SUPER.KG видео
06.02.2012. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дуйнолук арена да болду. Oimo
SUPER.KG видео
18.04.2012. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит чын эле атына заты жарашкан жигиттин гулу да, озгочо бетиндеги уячалары жагат, бар бол!
SUPER.KG видео
17.05.2012. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Стаканды кое берип эле койсо болмок)а так супер
SUPER.KG видео
18.05.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat Guljigit!orkunun oso bersin!
SUPER.KG видео
29.08.2012. 04:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЗАМАТСЫН иним чындыгында суйкумдуу жылдыздуу экенсин!Бактылуу бол ар дайым!
SUPER.KG видео
20.09.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn Guljigit!ya tebya obajayu
SUPER.KG видео
16.01.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hanzada,
Сизге эскертүү!
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо