Гүлнур Асанова: «АРЗУУСУН АЙТКАН САЯСАТЧЫЛАР БОЛГОН»

№458 12-18-август, 2011-жыл

“Бүгүн күнгө жума. Баары Жараткандын колунда! Адаттагыдай эле күндөлүк жазып баштадым” деп ырчы, актриса Гүлнур Асанова жан дүйнө жаңырыгын минтип баяндайт.

“УШАК-АЙЫҢДЫН АРАСЫНДА КАЛДЫМ”
– Ушак-айыңдын арасында калдым, айрыкча быйыл. Баарынан да жаныңда жүргөндөрдөн чыккан сөз жаман турбайбы. Мурда пейилди кең коюп, бардыгын өзүмө жакын көрүп жүрүпмүн. Бара-бара кылдат мамиле жасаганга үйрөндүм. Ишеничтүү адамдарга гана жан дүйнөмдү ачам. Акыркы убакта өзүнчө эле ушактын модасына айлангандаймын. Болгондо да бир чоң кишиге байланыштырышып, “жакын мамиледе” деген сөздөр жанымды кашайтты. Буюрса, ал сөздөрдөн да өттүм, жүрөгүм кыйналган убак кетти. Мен эмнеге теригишим керек экен, болбогон сөзгө?! Азыр жаңы ушак чыгышы ыктымал, ага деле даярмын. Эгерде мен тууралуу бирөө сөз чыгарса, анда мен анын жан дүйнөсүн тынч койбой жаткан турбайымбы деген тыянакка келдим. Жакындарым жанымда болду, мындай учурда. Мен алардын алдында актанбайм дагы, анткени алар билишет, менин кандай адам экенимди. Баарына убакыт дары, жаман сөздөн мыйыгымдан күлүп кутулуудамын. Дос-душманга барып эмне кылам, «мени минтиптир» деп көз жаш да төккөн жокмун. Өзүм менен өзүм сүйлөшүп, өзүмдү өзүм соороттум.
Мен качан ыйлайм? Бук толгондо. Жан дүйнөмдө трагедия болуп жатса, аны кагазга түшүрүп, жеңилдеп кутулуп кетем. Комуз ойноп көңүлүмдү көтөрөм. Ыйдан алыс болоюн дегеним менен, ак-кара бирге жүрөт экен. Ушакты угарым менен көз жашым төгүлчү, ызама чыдабай буулугуп, көкүрөктү ый каптап... Эми андайды токтоттум, «мен кербенмин өз жолумда бараткан, а ит үрө берсин, каалашынча» деп.

“ЭКӨӨ ЭМЕС, ЖАЛГЫЗ БИРӨӨ БАР...”
Эч бир жанга айтпас сырымды,
Эми айтам жүрөк ырымды.
Экөө эмес, жалгыз бирөө бар,
Арнайм ага арзуу ырымды...
– Бул ырды мен алгач ирет махабатка кабылганда жазгам. Сүйүү болбосо, Кудай урбадыбы, анда жашоонун кызыгы жок го дейм. Орусча айтканда, мен “однолюбмун”. Бирөө менен сүйлөшсөм, узакка мамиле курам. Махабат баарынын эле башынан өтөт да. Эң алгачкы арзуумду эч сызып таштай албайм. Орозо күнүндө чынын айтайын, далай адамдар мага арзуусун айтышкан. Арасында чыгармачыл инсандар, саясат чөйрөсүндөгүлөр да бар. Ар бири өздөрүнө жараша жооп алышкан. Азыр арзышкан адамым жок.

“БООРУКЕРЛИГИМДИ ПАЙДАЛАНЫП КЕТИШЕТ”
– Кирпиктин алдындагы катылган чындык ыйлабасын деп күрөшөм, ошон үчүн мен бетке айтам. Жан дүйнөм тарып, тыбырчылап калган убак да дал ушул кара санап айтылган жалган сөздөн улам. Ашыкча эле боорукерлик мүнөз бар, менде. Ошол боорукерлигимдин айынан өзүм, жалгыз өзүм жапа чегет экем. Боорукерлигимди пайдаланып кетишет. Кинодо ыйлаак, алсыз кыздын образын жаратышым мүмкүн, бирок жашоодо мен андай эмесмин. Шайырмын, анан бат жиним келет. Ачуум келип турган убакта айтылчу сөздөр аңдабай эле айтылып кетет. Кайра айткан сөзүмдү анализдеп, анан токтотом өзүмдү. Өзүмө жакпаган сапатым бар. Катуу таарынган адамга оңой менен жибий бербейм. Бир адам менен 3 жылдан бери сүйлөшпөй келем. Көңүлүмдү катуу ооруткан. Кээ бирлер үчүн таарыныч жөн салды туюлушу мүмкүн. Бирок мен көңүлүмдү катуу ооруткан адамды бүгүн кечирип коё албайм. Исламда үч саат же үч күн эле таарыныш керек экен. А мен үч жыл...

“КОМУЗУМ МЕНИ БАГАТ”
– Ырга аралашканыма бир эле жыл болду. Ырда жашап, салттуу музыка менен өзүмдү багып келатам. Комузум мени багат, каржылайт. Чынында, комузду далай ирет жеригем. Комузду көрсөм жиним келип, көздөн алыс койгонго аракет кылчумун. “Ой, ушуну көрбөйүнчү” деп төшөк менен жаба салып жадачумун, себеби комузду үйрөнө албай жүргөн кезим болчу. Азыр эми комузду бапестейм. Устатым деп Роза эжени эсептейм. Азыркы учурда Улукмырза Полотов устатым. Устаттарга бай болгон жакшы экен. Биринен ала албаганымды экинчисинен алам дегендей.

“КИНОНУ КӨРҮП, БИР КЫЗ ӨМҮРҮН КЫЙЫПТЫР”
– Алты жашымда “Карагул ботом” тасмасында Карагулдун ролун ойнодум. Эми ал кезде бала болсом да, элес-булас кино тартылган убак эсимде. Териден жасалган кийимдерди кийип, эркектин ролунда жүргөнүмдү деле аңдабасам керек, ошол учурда. Бирок жаа тийгенде “ата-а” деп жыгылганымды “бир эле дубль менен чыгып кеткенсиң” деп айтышат. Киного тартылардан мурда мен образымды элестетип, анда жашап алам. Антпесем кире албайм. 5-классымда “Күзгү жалбырак” деген тасмага тартылдым. “Күзгү жалбырак” – чыныгы жашоодон алынган фильм. Турмушта көп, ичип кеткен, таштап кеткендер. Ошол тасманын таасиринен көпчүлүк жакшы жолго түшкөндүр деп ойлойм. Ошол эле учурда кайгылуу жагы да бар. Кинону көргөндөн кийин Ош тараптан бир кыз өз өмүрүн кыйып салган экен. “Менин жашоом Алтынайдын турмушуна окшош” деп. Албетте, өкүнүчтүү, бирок “ошол кыздын атасы ичкенин таштаптыр” деген кат келген эле бизге. Чынында, кино элди тарбиялаптыр, эл менен кошо мени да. Кино токтоолукка үйрөттү. Кинодон кандай образ жаратсам, мен ошол бойдон калып калдым. Өзгөрө да албайм. Түнт, ойлонуп калган кез болот.

“ТИЗЕДЕН ЖОГОРУ КИЙИМ КИЙБЕЙМ”
– Чачымды 7-класстан бери өстүрөм. Салттуу музыкада окугандыктанбы, улуттук кийимдерге жакынмын. Тизеден жогору кийим кийип, кыска юбка, жабышкан шымдарга көңүлүм чаппайт, кийбейм дагы. Айтсам, ишенишпесе керек, борбордо жүргөнүмө 5 жыл болду, бир да жолу түнкү клубдарга барбапмын, кызыкпаган да экенмин. Тике караган көз карашым айрым эркектерди таймантып жиберет окшойт. Көпчүлүк айтышат, “көзүңдө бир нерсе бар” деп.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


Менин Дүйнөм - Гүлнур Асанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  16 
Комментарийлер(45)
15.08.2011. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйыгындан кулсон чатак окшойсун?Анан дагы с гордостью айтыпсын да исламда 3кун менде 3 жыл деп,андан коро кечиримдуу бол.Жараткан эгем кекчилдерди суйо бербейт. А так талантту,татынакай кызсын но характерин тузук эле бар экен.Бар бол,ийгилик сага!
SUPER.KG видео
15.08.2011. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
талантын ташкындай берсин!Келечекте бактылуу бол!ит уро берет,эл журо берет дегенин эн туура.Анча-мынча жаман создорго кол шилтеп эле коюш керек...
SUPER.KG видео
15.08.2011. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
maga jagat uwul kyz! Elina ekoo izdewpei tabywkan! Eh suluu kyzdardyn birleri! Molodes'
15.08.2011. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ar kım kaalaganyn süylöy bersın...sebebı ar kımdın öz oy pıkırı köz karaşy degendey...Maga tünkü klubga barbagany jakty, barbay ele koy demekçımın, al jakta şaytan şabyrdan başka eç nerse jok...Bul kıZ abdan talantuu, suluu jana akılduu kız, al emı kemçılıkter ar kımde bolso kerek. GULNUR saga çygarmaçılık çooon ıygılık jana talantındı koldogon, kor kylbagan çınıgı mırzaga JOOLUGUP, baktıluu KIZ boluşundu çyn jüröktön KAALAYIM!!!
16.08.2011. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boorukermin dep anan bir adamdy 3 jyldan beri kechirbei jurom deit,boorukerler kechirimduu bolot.tash boorlor oshondoi kek saktap kechirbei juro beret.
16.08.2011. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу жакшыкай таланты бар бирок мактанчааааааак экен
17.08.2011. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ona klassnaya aktrisa. Pochemu b ei ne idti po etomu napravleniu? u nee vneshnost svoistvennaya ne odnomu tipu i ochen privlekatelnaya, tochno kak u Freida Pinto. Ot takih hollywood daje ne otkazyvaetsa :))
17.08.2011. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Onorun oso bersin.
17.08.2011. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emne ele bul kyz Superden adep aktanganyn koibodu,uwakta bolbodu degende 1% chyndyk bolot.
17.08.2011. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшынакай болуп калыптыр.....
SUPER.KG видео
17.08.2011. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун-уккулуктуу-уну-бар-да-азаматсын
17.08.2011. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кой калп эле "ангел" боло бербей... Мадумаров акенден тажадынбы..???
17.08.2011. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit созунузго кошулам.
18.08.2011. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidai bolgon juzuno, harakterin jarawbait eken
18.08.2011. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт, так что не надо себя оправдать, тескерисинче сыр бербей жур актана бербей
19.08.2011. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
IIhuuu jakshynakai ele talantuu kyz eken. Cynyn aitsam taanybaim dele. Birok kichine maktanyp koyuptur bolboso orkunun ossun.
19.08.2011. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздардын ушундай коро албастыгы качан калат мага жакпайт,мен тааныбайм дешип.Кичинекей Кыргызстандагы саналуу жылдыздарын тааныбасынарбы?
SUPER.KG видео
19.08.2011. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул кыздын козу чындап еле башкача бирок абдан сулу ыйманнду кыз екен
SUPER.KG видео
20.08.2011. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, ар аптанын жума куну супер твга жаны видеолор жуктолот эле го. Эмне учун бул аптада жок?!
20.08.2011. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобоо десе жанагы карагул ботом аттуу тасмадагы кичинекей бала ушул кыз беле? такыр мындай деп ойлогон эмесмин демек анда чыныгы талант бар да
21.08.2011. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talanttyn tashkyndai bersin.baktyluu bol.
SUPER.KG видео
24.08.2011. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да уж цену она себе знает, непростая она девушка.Красивая, но красота какая-то отталкивающая.
SUPER.KG видео
26.08.2011. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Abdan oruduu suiloptur.azamat alga! Siz maga jagasyz!
18.09.2011. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul ejekemde chynygy talant bar! Kyrgyzymdyn syimygy bolup juro ber! Talykpa, charchaba, ALGA!!!
19.11.2011. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myskal-90, кыска кийбет но декольте же она носит
SUPER.KG видео
25.12.2011. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айабай акылдуу кыз экен
SUPER.KG видео
09.01.2012. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кыздын таза,ыймандуу экенине эч ишене албайм!
SUPER.KG видео
02.03.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kawtaryn kyimyldatyp suilogonu jakty )))
SUPER.KG видео
18.04.2012. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнур аябай оор басырыктуу кыз, башынан коп кыйынчылыктар откондой сезилет эмнегедир, кандай болгон кундо да ийгилик жана аялдык бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
04.04.2013. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы 6 жашындагы костингти айтып жатасын? продюссер Темиралы Маймашев дебей эле огой атам деп айтпайсынбы эгер билсен сени ошол адам элге таанытты Темиралы байке болбосо ким билет Ташкомурдун бир жеринде журмоксун да.бетке айткан создун заары жок.Апан Жумакан эжеге салам айт.
SUPER.KG видео
04.08.2013. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйомда суйом чачтары сонун фигура да чики чики
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо