Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

№458 12-18-август, 2011-жыл

Англия

ТОТТЕНХЭМ ЛОНДОНДУ КАПТАЙБЫ?
6-август күнү Тоттенхэмде жергиликтүү калк менен полиция кызматкерлери кагылышты. Ага полициянын жөнөкөй бир жаранды өлтүрүп койгондугу себеп болгон. Бирок окуяга байланыштуу кылмыш иши козголбогондуктан, жергиликтүү калк нааразычылыгын билдирип көчөгө чыкты. Бул тирешүү Улуу Британиянын башка аймактарын да кучагына алууда. 9-август күнү Ливерпул, Манчестер жана Бристол шаарларында жөн гана уланбастан, демонстранттар дүкөндөрдү тоноп, түрдүү мекемелерди талкалашты. Полиция тополоң уюштургандарды колго түшүрүп, алардын саны 334кө жеткени айтылууда.

Ооганстан

БЕН ЛАДЕНДИН КӨЗҮН ТАЗАЛАГАНДАР ӨЛТҮРҮЛДҮ
"Аль-Каида” те­ррордук тобунун башчысы Усама бен Ладенди Пакистанда 2011-жылдын май айында АКШнын атайын кызматкерлери өлтүргөн болчу. Эми бул өтө жашыруун операцияга катышкандардын айрымдары каза болгону тууралуу маалымат тарады.
7-август күнү Ооганстандын Вардак провинциясында атайын кызматкерлер менен коштолгон тик учак кырсыкка учурады. Анда баары биригип 38 адам каза тапты. Алдын ала маалымат боюнча, тик учак асманга көтөрүлөр алдында гранатомёт менен атылган. Айта кетсек, учурда АКШнын
100 миңге жакын аскери Ооганстанда кызмат өтөөдө. Келишимге ылайык, бул аскерлер 2014-жылы өлкөдөн чыгарылып кетет.

Тажикстан

МЕЧИТКЕ, ТҮНКҮ КЛУБГА БАРУУГА БОЛБОЙТ
Тажикстанда жашы жете элек балдарга мечитке жана 20 жашка чейинки курактагыларга көңүл ачуучу жайларга барууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Мыйзам боюнча, ата-энелер 20 жашка толо элек балдарын түнкүсүн дискоклубдарга жөнөтпөшү керек. Түнкү убак делип саат 22:00дөн таңкы 6:00гө чейин белгиленди. Айта кетчү нерсе, жашы 6га чыга электер сөзсүз түрдө 14 жаштан улуу адамдардын коштоосунда жүрүүсү кажет. Диний уюмдарга жана мечиттерге баруу үчүн бийликтин тоскоолдук жаратуусу эл ичинде эки тараптуу көз караштарды жаратууда.

Орусия

ПУТИНДИН АК САРАЙЫ – 1 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР
Көптөн бери ооздон-оозго көчүп айтылып келген Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин тууралуу кызык маалымат ачыкка чыкты. Путиндин ак сарайы Кара деңиздин жээгиндеги Просковеевка конушунда жайгашканы айтылууда.
Анын баасы 1 миллиард доллардын чегин чапчыйт. Бул премьер-министрдин өздүк колдонуусу үчүн курулуп жаткан чоң имарат казино, кышкы театр, жайкы амфитеатр, чиркөө, бассейн, спорттук комплекс, тик учак конуучу жай, сейил бактарды камтыйт. Анын жалпы аянты – 10 миңдей чарчы метр. Бирок расмий түрдө бул имарат Александр Пономаренко аттуу ишкерге таандык деп катталган. Чыныгы ээси деп айтылып жаткан Владимир Путиндин ысымы эч бир документте белгиленбейт.

Казакстан

АКТӨБӨДӨ АТЫШЫШТЫ
Коңшу мамлекеттин Актөбө облусунда кылмышкерлер менен милиция кызматкерлеринин ортосунда атышуу болуп, эки адам каза тапты. Укук коргоо органдары Жанажол дачалык конушунда жайгашкан үйдү текшерүүгө алышкан. Алар үйгө кирери менен ок атылып, кийин тирешүү жардыруу менен коштолгон. Кармашууда Рустем Кенжалиев аттуу укук коргоо орган кызматкери каза болгон. Учурда бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Эскерте кетсек, Актөбөдө буга чейин жүргүзүлгөн атайын операция учурунда 30 адам каза болгон. Анда диний ишенимге жамынып нефть уурдагандар кармалган эле.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
15.08.2011. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizde da Tajikstanday bolso jakshy bolmok
15.08.2011. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tajda miyzamdi,prezidentti siylashat....
16.08.2011. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даааа....точно,Таджикстандай болсо болмок....
17.08.2011. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен каршымын тажигистандын мыйзамына себеби 20 жаштан эмес 12 жаштан балдар намаз окуушу керек, бирок клубга бару тыю салынганына кошулам.Мен каршымын тажигистандын мыйзамына себеби 20 жаштан эмес 12 жаштан балдар намаз окуушу керек, бирок клубга бару тыю салынганына кошулам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо