Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Арсен, Айбек: «КАЗАКТАРГА БАЙГЕ БЕРИШТИ, БИЗГЕ ТАШ БАЛАКЕТ ЖОК»

№458 12-18-август, 2011-жыл

Арсен менен Айбек аттуу ырчы жигиттерибиз Юрмалада өткөн “Жаңы толкун-2011” сынагына катышып, 4-орунду ээлеп келгени тууралуу уксаңыз керек. Жигиттер бул сынак жөнүндө гезитибизге маек куруп беришти.

– Куш келипсиңер, жигиттер. Кыргызстанга келер замат эле Ысык-Көлгө жөнөпсүңөр. Катуу чарчагансыңар го...
Арсен:
– Негизи, келерибиз менен Ысык-Көлгө баруу планыбызда бар болчу. Бул жакка келгенден кийин эле Ома “Көлгө баралы, ал жактан президенттин кабылдамасына киребиз” деп калды. Ошентип жөнөп кеткенбиз. Ал жактан Роза Исаковна менен жолуктук. Бирок расмий түрдө эмес.
– Таланттуу балдарга колдоо көрсөтүү тууралуу президент кеп кылса керек?
– Таланттууларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу сөз кылды. Жеке бизге да токтолуп, “жакында силерди кабыл алам” деп айтты. Аны да, буюрса, көрө жатарбыз. Кыскасы, ажо айым менен сынактын жүрүшү тууралуу эле сүйлөштүк. Сынакта ырдаган ырларыбыздан аткарып бергенибизде ал киши “ушундай таланттар бар экен” деп ыраазы болду.
– Интервью башталгандан бери эле, Айбек, сен сүйлөбөйсүң...
Айбек: – Мен табиятымдан эле ушундаймын, аз сүйлөйм.
– Буга чейин ысымың көп чыкпай жүрүп эле “жарк” дей түштүң...
– Эми кандай десем, чыгармачыл чөйрөдө илгертен эле жүргөм, бирок көлөкөлөп деп койсом да болот. Көлөкөдө жүргөнүмдүн себеби ылайыктуу учурду күтүп жүрсөм керек. Бир нерсе болсо ошону карманып, анан андан ары арыш жасоого. Мына ошондой учур, Юрмалага барып келүү мага берилген бир мүмкүнчүлүк болду.
– Өз-өзүнчө ырдап жүрүп, анан дуэтте ырдоо оорчулук жараткан жокпу?
– Бири-бирибизди билип, чогуу ырдап жүргөндүктөн, тескерисинче, жеңил эле болду.
– Силерге өзгөчө атаандаштык жараткан таланттар тууралуу айта кетсең?
Арсен: – “Быйыл абдан күчтүү таланттар келишиптир” деп калыстар тобу да кимисин тандаарын билбей, аябай баштары айланышты. Биринен-бири ашкан таланттар чогулуптур.
– “Күчтүү таланттар” деп айтып калдың. Бул жактан бара жатканда “алдыңкы орундарга илинебиз” деген ишенич болду беле?
– Чынын айтсак, биз жөн гана ушунчалык мактоого татыган Юрмалада өткөн сынак кандай болорун өз көзүбүз менен көргүбүз келген. "Жаңы толкунга" дүйнөлүк деңгээлдеги ырчылар да келишет эмеспи. Мына ошолорду жанынан көрүү кызык болгон. Мактагандай эле экен. Биз барганда эки сааттан кийин репетицияга жөнөдүк. Тартип абдан катуу болду. Күндүзгү саат 12ден кечки саат 10го чейин даярдык жана даярдык эле болуп жатты.
– Башында жакшы эле упай топтоп, калыстар тобунун мактоосуна татып жатканыңардан, алдыңкы 3 орундун бирине илинет деп жаттык эле...
Айбек: – Башында жакшы эле бааларды алып жатканбыз. Биз деле “алдыңкы 3 орундун бирин ээлейбиз” деп турганбыз. Бирок жыйынтыгына келгенде эле 4-орунга жылып кеттик.
– Билдирбегениңер менен, катуу таарыныч менен кайткан окшойсуңар...
– Таарыныч көп деп айтпайбыз. Бирок түшүнүксүз болуп кетти. Мүмкүн, калыстар тобунун арасында бизден бир ырчы отурганда жыйынтык башкача болмок. Быйыл “Жаңы толкун” сынагынын юбилейлик чыгарылышы болду. Деги эле Орусия буга чейин байгелүү орундарга илине элек экен. Аны бизге сынак бүткөндөн кийин ачык эле айтышты. Ал эми таарынычыбыз – биз 4-орунду ээлеп жатсак, 15-орунду ээлеген Казакстандан келген таланттарга сыйлоо баракчасын берип жатышпайбы. Ал эми бизге таш балакет да жок. Чынында, аябай жаман болдук. Ушундан улам “бул кыргыздарды сыйлабагандыкпы?” деген ой келди. Баары келип эле сынакты уюштуруучулардын саясатына, Кыргызстандын аброюна келип токтоду окшойт. Сынак башталар күнү чүчү кулак суурулганда ар бир өлкөнүн элчилери келди. Биз да бирөө жарым келеби деп үмүттөндүк, бирок эч ким келбеди, өкүнүчтүү.
– Бул жактан бара жатканда да демөөрчү издеп бир топ кыйналганыңарды айттыңар эле...
Арсен: – Ооба, демөөрчү издеп ар кайсы жакка чарпылдык. Ырчы Ома да бизге байке катары абдан жардам берди. Мэрияга чуркап жүрүп, баннерлерди чыгарууга көмөк көрсөттү. Сынакка биз менен чогуу да барып келди. Андан сырткары башкы демөөрчүлүктү “Мегаком” компаниясы көрсөттү. Жеке тааныштарыбызды да тарттык, Бейшеналиева Гүлмира деген эжебиз көмөк гана көрсөтпөстөн, биз менен чогуу барып, көрүүчүлөрдүн арасында Кыргызстандын желегин булгалап турду.
– Эми келгиле, маанайды чөктүрбөй, эсте калган окуяларга маектин нугун буралы.
Арсен: – Мен сынактын жыйынтыгына нааразы болуп, кичине ачуумду басыш үчүн Рига шаарында сейилдеп жүргөм. Ома менен Айбек өзүнчө кетип калышкан. Бир кишилер мени чакырып калышты. Башында тааныган эмесмин. Көрсө, “Comedy club'дын” мүчөсү Гарик Мартиросян менен ырчы Сосо Павлиашвили экен. Алар мага “силер жакшы ырдадыңар, өз өлкөңөрдүн желегин татыктуу көтөрдүңөр” деп көңүлүмдү көтөрүштү.
Айбек: – Мен Бейби Фейсти (Baby Face) кыялымда да көрөм деп элестеткен эмесмин. Ырдап бүтүп, көшөгө артына өтүп жатсак, астыбыздан чыгып жатпайбы. Саламдашып, ошол жерден анын колун коё бербей катып калыптырмын.
– Азаматсыңар, жигиттер, бөтөн жерде желегибизди желбиретип келдиңер! Мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Маек - Арсен менен Айбек "Жаңы толкун-2011" боюнча кимге нааразы болушууда?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(63)
15.08.2011. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Жигиттер. Башынан аягына чейин кордум силердин дуетинер 1 орунга таттыктуу экен, ал эми калыстардын чечими бул жан тарткандык болду оздоруно корунуп калды го аягында
SUPER.KG видео
15.08.2011. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комент.алган адам,менттерге окшоп келди го.-Колго неге келдинер.Эс алганыбы же жумуш мененби-деп.Документтеринер барбы дебептир да бир жолу...(тамаша)Азаматтар жигиттер.Только алга...
15.08.2011. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oooBa Baldarge Çooon IYgılık jana Iraazyçylyk!!! Kyrgyz elıbızde dagy jelegıbızdı jelbıretken ulan kızdar KÖBÖYÖ bersın!!!
15.08.2011. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек айткандай Кыргызстандын аброюна не кылабыз анан айла жок ичтен куйуп кала берет экенсин.АРСЕН,АЙБЕК Азаматсынар!!!Калыстар тобу анткен м-н баарибир силерди эл баалады.Мындан ары да жашоонордо ийгиликтер коштолсун!!!
16.08.2011. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdardy siylabait degeni emnesi? tatyktuu boldu ele Omar Pugachevanyn siyligin aldy go...jigilgan kuroshko toiboit boltat go
16.08.2011. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ жогоруда отургандар карабайсынарбы,кыргызда кандай таланттуулар чыгып жатышканын. силерге окшоп кыргызстаныбыздын жаман жагын корсотпой, алдыга тартып, желегин желбиретип журушот!!!! а так айбек Арсен кыргыз эли силер менен сыймыктанат
16.08.2011. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсeн Айбeк жун бaштaргa aйлa жокдa тaрынбaгылa, aзaмaтсынaр ийгилик силeргe.
16.08.2011. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы Айбек, Арсен рахмат силерге. Кыргызстан алга!
16.08.2011. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azulya биринердин артынарды биринер чукуласанар жакшыраак онугобуз!!!
16.08.2011. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evelet, эч кимди чукулаган жокмун. Бул жер чукулаша турган жер эмес. Темадан алыстабасаныз :)
16.08.2011. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алар туура эле айтат жун баштар чындап эле кыргыздарды тоготпойт биз коруп эле жатабыз го
SUPER.KG видео
16.08.2011. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsynar!Ijgilik!!!!
16.08.2011. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы мен концертти аягына чейин кордум N.A.O.I 4-орунга татыктуу эмес эле алар россиялык да а так 3 орунду алмак а америка и украина чындыгында кучтуу эле
16.08.2011. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи жакшы ырдашкан но экинчи кундогу ыры кичине жаманырак чыгып калды жакшырак ыр тандаганда бальким лучший тройкага кошулат беле бирок азаматсынар биз сиздер менен сыймыктанабыз а отунбаевадан эч нерсе кутпой эле койгула жардам берсе алдын ала жардам бермек
16.08.2011. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блииин байкуштарга аябай эле боорум оруп жатат(( вообще сонун ырдашты эле.эгер мамлекетибиз бираз поддерживать эткенде же мушташпай онуккондо алдынкы орундарга илинишмек.
16.08.2011. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана мен кыйынмын эле кыйынмын деген чиновниктер, ошончолук эле кыйын болсонор озунорду ушундай иштерде корсотпойсунорбу!!??
16.08.2011. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар жигиттер! Чиновниктер вообще УЯТ. окунучтуусу мен коро албай калдым.
SUPER.KG видео
17.08.2011. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан учун 4 орун азырынча жакшы эле места
17.08.2011. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emi prezidentibiz aitkan sozuno turup silerdi kabyl alar dep umuttonolu..
17.08.2011. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsunar jigitter!Chinovnikter akchanu shayloogo emes,silerdey talanttuu jashtarga komok korsotkondo mumkun chundap ele jiyuntuk bashkacha bolmok!
17.08.2011. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirgizstandi elge taanitip jatkan jigitterge emne uchun ech kanday siylik jok!Negizi ele biylik bashhilari irchilarga kop mani berichpeit!
17.08.2011. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар дайым ийгилик силерди коштоп журсун азаматтар!!!
18.08.2011. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер биз учун 1-орунду алдынар чиновниктерибиз балдардын конулун которуп орустар бергиси келбеген сыйлыкты берип койбойбу чонтогунон эмесго мамлекеттин эсебинен Эгер кеткенин байкашпай калса келгенде...Маданият министр дегендер каякта?Юрмалада кредит берилсе жетишип бармак Балдар олкобуздун намысын коргодуго уят.Маданиятсыз эл болбойт дейт
18.08.2011. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекетибиздин ушундайлыгынан, коп таланттууларыбыз арта калып келет. Профессионалдык боксерубуз Алмазбек Раимкулов чемпиондук беттешуудо компьютердик эсеп боюча уткан болчу (111-114) аны калыстар ничья кылып коюшкан. Атай деле, Украина, Россияда оз онорун мыкты корсоткон, бирок баары бир оздорунукуно берип коюшту. Айбек & Арсен силер мыктысынар! Ал эми орунга илешпоо, же белек албоо болуп кележаткан иш. Бир эле силер эмес, Атай, Алмазбек Раимкулов ж.б. да силердикиндей эле окуяга кабылган.
18.08.2011. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!!! белек алуу учун катышкан жоксунар деп ойлойм, за то онорунорду эл баалайт эмеспи. Чыгармачылык ийгилик
18.08.2011. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen özünün çygarmasy menen jana atkaruusu menen köp adamdyn arzuusuna tatıdı...özün taştap koyboy dagy köp arakettenıp, düynölük dengeelge jetışışı kerek...
20.08.2011. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen&Aibek kapa bolbogula!!! Siler chynygy duet boldunar. Aibek sen aityp jatasyn Kazakstanga barak berdi bizge taw bale jok dep. Anyn aitkanyn tura emes sen kuormandardy-jany joldordu taptyn. Deputattar&Ministirler ozunordun kyiynchylygyn oiloboston jawtar koldogula.
20.08.2011. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baledei suilosunor eldi jerdi oilow kerek dep. Arsen&Aibek, Atai, Kanykei, Omar okwogon talanttu jawtardy koldosonor. Alsam jesem tigini kantsem eken bunu emne dep jamandasam eken dep. Birindi birin chukulap olturasynar.
21.08.2011. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбек крассафчиксин го
28.08.2011. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер активдуу болуш керек болчу,но нечего нам непревыкать,ийгилик силерге.
19.09.2011. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Айбектин чыныгы таланты бар экенине кубомун, биз менен бир нече жолу Фестивальдарда лауреат болгон, чындыгында уну бар жана ото талантту инсан.... Айбек ийгилик сага
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо