№459 19-25-август, 2011-жыл
Ар бирибиз бардар турмушта жашагыбыз келет. Бул үчүн өмүрүбүздүн көпчүлүк бөлүгүн иштеп, акча табууга жумшайбыз. Бирок ошол тапкан акчабыз жетиштүүбү?
АКЧАНЫН ДА ЭРЕЖЕСИ БАР
Элестетиңиз, жол кыймылынын эрежелерин билбей туруп автоунааны айдоо кыйын. Каржы жагы дагы ушул көрүнүшкө окшош. Алсак, баарыбыз акча таап, аны өзүбүздүн керегибизге жумшап, дайыма каржы агымында “сүзүп” келебиз. Жол кыймылынын эрежелери сыяктуу каржы агымынын да эрежелери бар.
Мисалы, мурда мугалимдер 3 миң сом айлык алса, учурда алар 15 миң сомго чейин ала башташты. 3 миң сом айлык кезинде тамак-аш, буюм-тайым жана кийим-кеченин арзаныраагын сатып алышса, эми көбүрөөк акча коротуп кымбатыраагын сатып ала башташары бышык. Ошентип, акча көбөйгөнү менен, баары бир ал деле кем-карчты толуктаганга жетпей калат. Чөнтөктө акча калбай калганда базардагы кымбатчылыкты айтып киребиз. Бул туура эмес. Мунун себеби көпчүлүгүбүз байлык менен кирешенин ортосундагы айырмачылыкты билбегендигибиз.
Жогоруда айтылгандай, көп акча тапкан сайын болор-болбос нерселерге ашыкча чыгым коротуу башталат. Башкаларды көрүп, алардан кем калгыбыз келбей акчаны ашыкча корото беребиз. Муну менен турмушубуз жакшыргандай сезилет. Бирок каржылык абалыбыз (бай, кедей) баягы 3 миң сом алгандай эле эч нерсеге жетпей, акчабыз суудай бат эле түгөнө берет. Колдо бар акчаны туура жумшаганды билбегендиктен, чөнтөгүбүз бош калууда. Байлык – сиздин короткон акчаңыз эмес, сиздин капчыгыңыздагы үнөмдөп, сактаган акчаңыз.
КАРЖЫЛЫК АБАЛЫБЫЗДЫ КАНТИП ЭСЕПТЕСЕК БОЛОТ?
Өзүңүздүн каржылык абалыңызды билүү үчүн бир айда алган айлыгыңызды бир айда жашоо үчүн канча акча коротсоңуз, ошол суммага бөлүңүз. Мындан чыккан сан канча айга чейин жашоого мүмкүнчүлүгүңүз бар экенинен маалымат берет.
Мисалы, 10 миң сом айлык аласыз. Ал эми сиздин бир айлык жашоого кете турган чыгымыңыз орто эсеп менен 5 миң сом.
10 000/5 000 = 2. Бул чыккан сан бир айлык маянаңыз 2 айлык жашооңуздагы керектөөгө жетет дегендик.
Эгер бир айлык маянаңыз 0дөн 3 айга чейинки жашооңуздагы керектөөгө жетсе, анда өлкө калкынын дээрлик 70 пайызын түзгөн жакыр катмарына киресиз.
Эгер бир айлык маянаңыз 3 айдан ашык жашооңуздагы керектөөгө жетсе, анда орто деңгээлдеги катмарга киресиз.
Эгер бир айлык маянаңыз 1 жылдык жашооңуздагы керектөөдөн ашса, анда өлкөбүздүн байларын камтыган 5 пайыз катмарына киресиз.
КАРЖЫ КОРУ
Эгер 10 миң сом алган адам айына 5 миң сом жашоосуна кетирсе, анын капчыгында дагы 5 миң сом калат. Колундагы бул каражат каржы кору болуп эсептелет.
Кийинки сандарда акчаны кантип туура сарптап, үнөмдөө керек? Бир айлык жашообуздун керектөөсүнөн арткан каржы корундагы каражатты кандай иштерге жумшап көбөйтсө болот? Мына ушул суроолорго жооп издейбиз.
ЭКОНОМИКАЛЫК СӨЗДҮК
Каржы кору (Финансовый резерв) – керектөөлөрүбүзгө жумшай турган колубуздагы акча каражаты.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Айыл жергесинде тынч отурган кунун болбойт экен, кун сайын 1ден же 2ден той. Ар бирине чыгаша. Исрафты тыйбасак акыбалыбыз оор боло берет.
Кыйналып акча таппагандыктан, башкалар эки-уч ай тикесинен тик туруп идиш жууп тапкан акчасын, мен эс алганда бир кундо чачып салчымун, азыр акыл кирип, кичине уномдогонду уйронуп жатам. Просто оной акча, оной сарпталат. Бирок акчанын дагы кесири бар деген чын.
A teskerisin4e ak4a bizge iwteshi kerek. Düinodo emne kural kyiyn degende biroo aitkan eken (AK4A) dep, anysynaaryndai oshol kuraldy tuura koldonup buzup albai tak oilonup koldongula! Aitaiyn degenim Ak4anyn kulu bolboi, ak4anyn kojoyunu bulgula!!!