СООЛУГАН ГҮЛ

№459 19-25-август, 2011-жыл

Акыркы үч жылдан бери башым ооруканадан чыкпай калды. Ажалым жакындап калганын да сезип турам. Буга жоопсуз калган суроолорум, жетпей калган сүйүүм күнөөлүү. Жок, мен алсыз эмесмин... Мени оору жана сүйүү алсыз кылды...

– Тагдырдын алдында биз алсыз экенбиз. Арадан канча жыл өтсө да, чыныгы жашоодо чогуу болбосок да, сен менин түштөрүмдө жашайсың. Эх, чиркин, жашоо мынча татаал, таш боор? Сага болгон сезимим акыры өчөр бекен? Бүлбүлдөгөн сезимим эки дүйнөдө тең менин тозогума айланат окшойт. Кол кармашып ак кар алдында сейилдеп жүргөн күндөр кайда кетти, ардагым? Кара көздөрүң мени түбөлүккө арбап алгандай сезилет. Күнү-түнү палатанын терезесинен жок дегенде алыстан карааныңды көрүүнү кыялданам. А бирок бул нерсе кыял бойдон калат. Корком, жашоону таштап, сени таштап өлүмгө бет алгандан...
Алгачкы сүйүүм сенсиң. Мен сени күнөөлөбөйм, баарына тең менин текеберлигим күнөөлүү. Сага болгон сүйүүм бүгүн мурункудан да күчтүүдөй. Сенин баркыңды билдим, мага кандай керек экениңди сездим. Баарынан да жетпей калган сүйүүңө жүрөгүң ооруганы жаман экен. Мен ичимдеги дарт жеп жатканын да сезбейм, жалгыз гана жүрөгүм өйүп ооруганы уйку бербейт.
Экөөбүздүн улутубуздун эки башкалыгы да кара булуттай бөлүп турду. Биз буга туруштук бере албадык. Бири-бирибизге биринчи келүү өлүм менен тете болду. Неге келбедиң? Сени менен көчөдө болсо да жашамакмын. Билем, сен да мени сүйгөнсүң, дале сүйөсүң. Сен да менин көздөрүмдү издейсиң. Бирок келбейсиң.
Шаардын кыйма-чийме көчө­лөрүнөн бири-бирибизди күтүп, издеп жүрө бердикпи?.. Сен үйлөн­гөндөн кийин жолугуштук. Арадан 8 ай өткөн. Мен адаттагыдай сени ойлоп, алысты тиктеп отурдум. Катуу шамалдын соккусу демимди кысып ийди. Өтүп бараткан жигит дароо көзүмө урунду. Ал сен экенсиң. Билесиңби бул күндү мен канчадан бери күткөнүмдү? Жүрөгүмдөгү сага болгон жек көрүүнү шамал үйлөп ала кетти. Арабызды эки гана кадам бөлүп турду. “Кандайсың?..” деген муздак сөздөр ичибиздеги таарынычыбызды байкатып турду.
“Мен... Бактылуу элемин, менде баары тең жетиштүү. Жакында ата болом...” деп үнүң каргылданды. “Жакшы экен... Куттуктайм!.. Сенден аябай камкор ата чыгат...” дедим. Ала качкан көздөрүңдөн жүрөгүң ыйлап жатканын сезип турдум. Кара көздөрүң жашка жылтырап, кичине турсаң, кучагыңды жайчудай болдуң. Акыры кармана албадың, сүйүүнүн алдындагы алсыздыгыңды сездиң. Кучагыңа бек кысып, колуңдан жулуп кетчүдөй бооруңа кысып алдың. Бешенемен өөп жаттың, бул сенин кечирим сурагандыгың болсо керек. Бул биздин акыркы жолугушуу болчу.
Анан катуу депрессияга түштүм. Арадан үч жылдай өтүп калды. Канчадан бери оорукананын жытына көнүп да калгам. Мен жаткан онкологияда күнүгө ый, ызы-чуу. Азыр үйдөмүн. Билишимче, өмүрдүн чегине жеткени калдым көрүнөт. Дары жардам бербей калды. Баары тең жанымда: ата-энем, бир туугандарым. Бир гана сен жоксуң. Жанымда сен болсоң, айыгып кетчүдөй сезем. Мейли, кайда болбо, башка бирөө менен болсоң да, баары бир сени сүйүп жашайм. Башка бирөөгө буйрусаң да, жүрөгүң меники, сенин сүйүүң да мага таандык экенин билгеним жетиштүү.
Бактысыз экениңди моюнуңа алгың келбейт. Сени сагынгым да, сага таарынгым да келет. Сенден мага эстелик – акыркы берген роза гүлүң. Азыр мен өзүмдү ошол соолуган гүлгө окшоштурам. Ал гүл – менин тумарым. Ал – сенсиң. Сен менин бул жашоомдогу тозогум болдуң. Сага окшош эч кимге жолукпадым, эч бирөөнү сүйө албадым. Эми мага сен дагы, химиотерапия дагы жардам бере албайт.
Мындай абалымды сага көрсөт­күм келбейт. Менин сулуулугум сенсиз жоголуп кетти. Азыр чачым да жок. Жашоонун да кызыгы жоктой, дары-дармек, ийнелер менин эрмегиме айланган. Көзүм өткөн соң кайрадан сулуу болуп, ар дайым сенин жаныңда болорума ишенем. Кечир, менин сүйүүмдү...

Мээрим

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
22.08.2011. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ий жон эле жашытат го, кимдин жанына мынча куч келген? Тобоо кылдым жаратканга...
22.08.2011. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мейли колун башка колду кармасын
Мейли суйуун башка кызга арналсын
Ушунчалык канча аракет кылсанда
Мен суйгондой суйо албастыр алганын...
22.08.2011. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыял учат суйуу тоосун этектеп,
Сени суйдум кадырыма жетет деп.
Эч убакта ойлонбопмун алтыным,
Мени таштап башкасына кетет деп.Кыял учат суйуу тоосун этектеп,
Сени суйдум кадырыма жетет деп.
Эч убакта ойлонбопмун алтыным,
Мени таштап башкасына кетет деп.


23.08.2011. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ал да кудай ай я кандай окунучтуу
23.08.2011. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
23.08.2011. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда бироону суйуп журом.не кылсам.бирок анында семьясы бар.менинда семиям бар.бирок ал мага суйом деп смс жазган.
23.08.2011. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miki98, бироонун уйбулосун бузбай эле кой кереги жок
23.08.2011. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагдыр да не кылабыз
24.08.2011. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даааа(((((((
24.08.2011. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eeeehhhhhhhh!!!!jogotkon janymdy eske saldy gooo.....(((((((((((((((((((
24.08.2011. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jetkichekti jetpesten kalgan jakwy,
Jetip azap jegiche arman jakwy..
24.08.2011. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоого бир келген сон,баары оз суйгонуно жетип бактылуу болсун.
24.08.2011. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мдааааа мындай да болот турмушта
25.08.2011. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карангы тун. Олтурамын шам жагып, Сени ойлоп уктай албайм тынч алып. Айтчы жаным суйуун эмне таш боорбу? Азап берип кыйнайт мени мынчалык.
26.08.2011. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа ушундай да болобу
04.09.2011. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да болот турбайбы окшош тагдырлар бирок кудай сактасын оорудан.мен да суйгом башка улуттагы жигитти бизда суйчуубуз бири бирибизди,уйлонгондон кийин дагы деле мени суйушуну кызганышыны айтып журду мага. бар эле шанс аны менен козду жумуп бирге жашаганга.бирок мен анте албадым суйлошуп турсам тее алыстан бизди кузотуп тургандай болот аялы,анандагы мурда мага айтчууда бардык сезимдерин азыр ал сезим экиге болунуп калды.ал меники же меники эмес ошол чечимге келдим......
04.09.2011. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а сен капа болбо тагдырдын жазганын коробуз.бул жашоого келип суйуу даамын сезипсин,баарыбыз эртеби кечпи ал жакка барабыз.
06.09.2011. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кайгырбаныз за то сиз бул дуйнодогу эн ыйык махабаттын тору кабылып таттуусун да,ачуусун да таттыныз.Эски суйууну унутуш учун жаны суйууну издеш керек деген макал бекер эмес.Андан коро озунузду колго алып айыкканга аракет кылыныз.Баары кудайдан бирок озубуз да аракет кылышыбыз керек.Батыраак сакайып тетишинизге тилектешмин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо