Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Издейм сени... «УУЛУМ ТИРҮҮ ЭКЕНИН КӨКҮРӨГҮМ СЕЗЕТ»

№459 19-25-август, 2011-жыл

Акыркы сандарыбыздын биринде 1 жаштагы баласын жоготуп, таппай жүргөн ата-эне жөнүндө жазган элек. Ошондой эле көрүнүштө дагы бир наристе жоголгон экен, апасы Айнура бизге кайрылды.

"Амир Тимур өз жашынан акылдуу"- дейт апасы

– Эки балам бар. Улуусу Амир Тимур 3 жашта. Бир күнү кайнатамдын инисинин аялы биздин үйгө конокко келди. Жеңемдин “мен бала бакчада иштейм. Балаңды сонун кылып багып берем” деп айтканына анча көңүлдөнгөн эмесмин. Экинчи жолу келип суранганда деле кыйылып жатып макул болдум. Анын үстүнө, өзүңүз билесиз, шаар жеринде баланы бакчага берген машакат го. Ошого карап Жумгал районунун Миң-Куш айылына жөнөткөм.
Биринчи жолу апрель айында алып кетип, эки жума бакчага барган. Кийин өздөрү алып келип, балам жанымда бир жума болгон эле. Кайра май айында алып кетишкен. Алып кеткенден 2 күндөн кийин эле “бала сууга агып кетти” деген суук кабар келди. Дароо жетип бардык. Сууларды токтоттуруп издедик. Өзүм үч күн бою жээгин кыдырып жүрдүм. Бирок баламдын сөөгүн эмес, бир кийимин да тапкан жокпуз. Эгерде бир нерсесин тапсак, анда “болуптур, Жараткандын жазганы ушул экен” дейт элем. Кийиминин бир үзүмүн да таппаган соң сууга акканына ишенбей жатам.
Жеңемдин айтуусу боюнча, ошол күнү балам саат 11ге чейин уктап, турбай койгонунан бакчага алпарган эмес экен. Эшиктин сыртына таяк тиреп коюп кете бериптир. Бирок күмөн санаганым, балам такыр кеч турчу эмес. Үйдө деле ашып кетсе 9га чейин уктачу. “Сууга агып кетти” деген нерсени башыма сыйдыра албай жатам. Анткени уулум арыкты да кечип ойночу эмес. “Апа, мен бутумду суу кылбайм, ээ” деп сайрап турчу.
Анын акканын көргөн 9 жаштагы кичине кыз – жеңемдин кызы. Ал: “Тимка экөөбүз чоң таштын үстүндө ойноп жатканбыз. Анан ал сыйгаланып сууга түшүп кетти. Мен аркасынан кирип, колунан тартып чыгып баратсам, аккан суунун шары менен агып кетти. Мен да бир аз агып барып, анан чыгып кеттим”,- дейт. Таң калтырганы, өзү суунун кайсы жагынан чыкканын көрсөтө албай койду. Менин оюмча, ал кызды бирөө коркутуп, “ушинтип айт” деп жатат окшойт. Мен энемин да, баламды табуу үчүн ааламды жылаңаяк кыдырууга да даярмын. Жүрөгүм балам тирүү экенин сезип жатат. Атасы да “балам тирүү, көрөсүңөр, ал табылат” деп эле айтып жатат.
Менин оюмча, жалгыз калган бала сыртка өзү чыгып кеткен. “Балким, кимдир бирөө ээрчитип кетти. Баласы жок бирөөлөргө берип койдубу?..” деген да ойлор кетип жатат. Андан бери көзү ачык, төлгөчү дегендердин далайына бардык. Баары “балаңар тирүү. Улам колдон-колго өтүп, ыйлап, башкаларга көнө албай жатат” дешет. Сүйлөшүп алгансып баары бир ооздон “тирүү” дегени да үмүтүмдү жандырууда. Анын үстүнө уулум суу өткөрбөй турган кездемеден тигилген чолок шым кийип жүргөн экен. Ал баары бир суунун үстүндө калкып калмак.
Кийген кийимдеринин баары ачык түстө болчу (көк футболка, кызыл чолок шым). Сөөгү табылбаса да, балким, кийими чыгат эле го. Баламды көргөн-билгендер болсо, кичине маалымат болсо да, төмөнкү телефонго кайрылып койсоңуздар.
Телефондор: 0552 63-43-23, 0773 63-43-23, 0770 30-35-05

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
22.08.2011. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аай ииий байкуш эне....Табылып калсын...Ээ жараткан озун жардам бер...
22.08.2011. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен деле ойлоп атам тируу болсо керек бала,эгерде чоккондо бир нерсеси болсо дагы табылат эле,бул баланы бироо уурдап кеткен,же сатып ийишкен,анан тигилер коркуп сууга агып кетти деп атышат,бул окуяга бир гана Кудай анан ошол аял кубо да.....
22.08.2011. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата энесинин бактысына табылып калсын.менимче баары ошол женесинин иш планы.Ата энесинин бактысына табылып калсын.менимче баары ошол женесинин иш планы.
23.08.2011. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym jardam bersin!!!
23.08.2011. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта, шумдугун кургур, ошол аял гана кунолуу, бир кун камап койсононр баары ачыкка чыгат, табылып калсын кудай ай журок ооруйт
23.08.2011. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол аялдын да баласы болсо жоголуп кетти деп коргулочу ахыбалы не болоттур, азыр бироого оро казсан озун тушосун.....Озуно келгенде билинет...
23.08.2011. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын ушундай да болобу ? Женесинде иштин баардыгы мурунтан планы бар экен эле да . Азыр ким эле кимдин баласын баккысы келсин . Сатып эле жиберген . Алла озу жол корсотуп жардам берсин . Табылып калсын тируу наристени кантип эле олуп калды дегенге оозу барды женесинин
23.08.2011. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тушунбой калдым эмнегедир... тогуз ай которуп тороп алган баланы эмнеге бирооно бактырганы бересинер? Ачка болбой элеби, жылуу кийинип журобу, бироо жаман соз айтып урушуп койбодубу деп ойлонбойсунарбы??? Оз канындан жаралган бала эмес чогу оскон бир туугандарым жанымда бир мунот жок болсо ойлоно баштайм амандыгын тилеп... Бирооно берип бактырганча, бага албагандан кийин балалуу болоордон мурун ойлонуш керек. Чын дилим менен Амир Тимурдун табылышын каалайм. (Катуу кетсем кечирим сурайм.)
23.08.2011. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым жардам берип бала табылып калсын
24.08.2011. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Йе туугандар кыргызстанда бала уурдоо башталган окшойт ай? анан чет мамлекеттерге сатып жатышса керек кыргыз туугандар кичинекейлерибизди кароосуз калтырбайлычы
24.08.2011. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала боор эт менен тен дешет го.Он айлык баламды озум баккам.Келинчегим ооруп калып.Балдарымды азыр дагы апасынан башка бироого ишенип таштабайм.Ата-энесинин бактысына табылып калсын.
24.08.2011. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум ээзилип кетти аны женен бир нерсе кылган сатып ирсе керек да
24.08.2011. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыны силер да бекитип коргуло
24.08.2011. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Любому дураку понятно, что тут кайнежесин тиешеси бар. Туура айтасынар ким эле бироонун баласын баккысы келсин , тим эле бир эмес эки жолу сурап атып алып кетиптир... кайнежесин эле такып сурап коркутса баарыы ачыкка чыгат деген умоттобуз.СИлердин бактынарга бала ман эсен табылып калсын!
26.08.2011. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып журогум эзилип кетти алла таалам жардамы берип табылып калсынчы ылайым.Эч бир наристе кыйналбасынчы ата энесинин жанында гана болсунчу.
27.08.2011. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман окуя болуптур иен бир суроо бар;
шаарга баланы ким алып келген жана кайра алып кеткен.Аман эсен баланы таап алгыла .
27.08.2011. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жардам берсин силерге.Умутунорду узбогуло.
27.08.2011. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женеси эле сатып жиберди же бирого берип койду
27.08.2011. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызын силер урдап кеткиле
28.08.2011. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анын кызында эмне куноо,кызын урдап кеткиле дейсинер.женесин эле коркутуп койсо айтатдыр.
28.08.2011. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Apasy tuura aitat, kiyimi tabylmak. Bizde da biroo suuga agyp ketip,shymynyn uzuktoru tabylgan. Tiruu bolso tabylat Inshalla. Allah jardamchy bolsun!
28.08.2011. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылышат э акыйкатты жашырып. Ушундан коро жакшынаа адам болушпайбы акыр бул жашоодо бир эле жолу жашайбыз го. Ылайым уулунуз табылып калсын! Умутунузду узбонуз!
30.08.2011. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балан табылса экен деп тилейм.Сени сыздаткандарды кудай сыздатат. Менин чон энем айтаар эле: кудай киши эмес муштап ийчуу. журо-журо жеткирет деп.Бала кезимде коп уккан ушул создун коп фактысын кордум. Дариха
17.09.2011. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайдан болуп табылып калсынчы
26.09.2011. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жардам берсин. Ал женесин сотко бериш керек. Ачыгын суйлобой жатат го. Милиция суруштуруш керек 9 жаш кызынан баштап.
01.04.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо жамааты,Сиздерден сураныч Амир Тимурдун тагдыры эмне болду табылдыбы?ушул боюнча маалымат берип койсрнуздар.Ракмат чоон.кутом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо