ФИЛИППИНДИК ХИЛЕРЛЕР ЖЕ АСПАПСЫЗ ОПЕРАЦИЯ ЖАСООЧУЛАР

№459 19-25-август, 2011-жыл

Эч кандай медициналык куралсыз, кол менен гана адамдын ички органдарына операция жасаш мүмкүнбү? Бул жөнүндө биринчи укканда ишенбейсиң. Бирок андайлар бар, мисалы, филиппиндик хилерлер. Алардын мындай кайталангыс жөндөмү бүгүнкү күнгө чейин изилденип келет.

ХИЛЕРЛЕР КИМДЕР?
Окумуштуу жана дарыгерлер аларды “психохирургдар” же болбосо “бычаксыз хирургдар” деп аташат. Себеби алар эч кандай кесүүчү медициналык курал колдонбостон, колун адамдын денесинин ичине матырып операция жасашат. Хилер англис тилинен “нeal” – “айыктыруучу” дегенди билдирет. Мындай өзгөчө дарыгерлер Филиппин аралдарында жашашат. Алардын көбү Кудайга бекем ишенишет. Алар операция жасаган жерлерде диний иконалар турат. Арасында Кудайга ишенбеген адамдарды дарылоодон баш тарткандары да бар. Филиппин аралдары эгемендигин алгыча, хилерлер операцияны жашыруун жасашкан. Филиппиндеги алгачкы (расмий каттоодон өткөн) хилер катары Элеутерио Терте саналат. Терте жакырчылыктан каза болгон. Анткени бардык тапкан каражатын колунда жокторго берчү.
Хилерлердин мындай жөндөмү жаш курак, өзүн-өзү жакшы сезиши сыяктуу себептерден улам күчөп же басаңдап турат. Алар көптөгөн дарттарды айыктырышат. Бирок чыныгы хилерлер “баарын айыктырам” дешпейт.

ОПЕРАЦИЯ 10 МҮНӨТТҮН ИЧИНДЕ ЖАСАЛАТ
Бул дарыгерлер операцияны эч кандай ак халат кийбестен, курал колдонбостон эле оорулуунун дартын операция алдында гана аныктап, анан жасашат. Алгач хилер оорулуунун айланасына антисептика жана анестезияны алмаштырган күчтүү биоталааны чакырып, анан гана ишин баштайт. Кардардын ысык денесине колун коюп, дартка жараша операция жасайт. Мисалы, бөйрөктөгү таштарды же болбосо ашказандагы жараны алып чыгат. Хилерлер канча миң операция жасашса да, алардын колу кирген денедеги кесикти эч ким даана көргөн эмес. Себеби алар оң колу менен жасап жатканда сол колу аны дайым жаап калат. Операция 10 мүнөттүн ичинде жасалып, бүткөндөн кийин денеде, болгону, илгери операция кылынгандай кызгылт так калат. “Антисанитардык абалда инфекция жугушу мүмкүн” деген айыптоолор да көп айтылат. Мындай айыптоолорго Виргилио Гутиеррес аттуу хилер “мен операция жасаган учурда бардык чөйрөмдү таза энергия каптап турат. Ал таза энергия бардык жерге киргендиктен, эч кандай инфекция болушу мүмкүн эмес” деп жооп берген.

«АЛАР ЖӨН ГАНА КӨЗ БООЧУЛАР»
1960-жылдардан бери хилерлердин үстүнөн илимий байкоо жүргүзүлүп келет. Анткени бул кайталангыс көрүнүш түшүндүрүүгө оор нерсе. Кээ бир изилдөөчүлөр хилердин мындай операция жасоо ыкмасын “психокенетикалык” деп атап, дарылануу көрүнүшүн “паранормалдуу” дешет. Бул феноменди илимий да, жөнөкөй тил менен да түшүндүрүү мүмкүн эместей. Бирок скептиктер “бул жөн гана филиппиндик көз боочулардын иши” дешет. Алар эч кандай операция жасабай эле, оорулуунун жана бул операцияны көрүп жаткандардын башын айлантуу деп билишет. Ал эми ооруп келген адамдын айыгып калышын психологиялык фактор менен байланыштырышат.

ЭМНЕГЕ ФИЛИППИНДЕ ЖАКШЫ ӨНҮККӨН?
Мындай айыктыруу ыкмалары башка өлкөлөрдө деле бар. Бирок Филиппиндегидей жогорку деңгээлде эмес. Муну жөн гана филиппиндиктердин өз тарыхый маданиятын башкаларга караганда жакшы сактап, өнөрлөрүн муундан-муунга өткөрүп берип жана уникалдуу өзгөчөлүктөрүн жайылта билгендиги менен түшүндүрүүгө болот. Филиппиндик хилерлерден мындай өнөрдү профессионалдык деңгээлде үйрөнгөндөр да бар. Мисалы, дарыгер Жан Поль Бокар Европада бул өнөрдү практикада пайдаланып келсе, трансхирург жана музыкотерапевт Рушаль Блаво 90-жылдардын аягында Орусияда өз өнөрүн тартуулаган мезгил болгон.
Хилерлерге өз учурунда АКШнын президенти Рональд Рейган, кийинчерээк Британиянын премьери, атактуу Маргарет Тетчер да кайрылганы белгилүү.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • 1950-80-жылдар аралыгында Филиппинде орто эсеп менен 300 миллионго жакын операция жасалган.
  • Филиппиндик Хайме Т. Ликауконун “Филиппиндик хилерлер тууралуу чындык” деген китебинде акыркы беш жылда операция жасаткан адамдардын 85-90 пайызы дартынан айыкканын жазып чыккан.
  • Мындай жөндөмгө христиан дининдегилер эле эмес, башка диндегилер да ээ болушат. Мисалы, Филиппиндин Минданао аралында мусулман хилер жашайт. Ошондой эле Филиппинде йога менен айыктырган индуист хилер жана дары чөптөр менен дарылаган кытай хилери да бар.

Азамат Абдраев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(11)
22.08.2011. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ужас кокуп кеттим
24.08.2011. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omurgul, сен кокпо мен жанында :) дагы коксон мага айт чогуу качабыз
23.08.2011. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул көз боёмочулуктун эле бир түрү. Аларга барган адамдар болгону катуу ишенип алышат. Катуу ишенип крандагы сууну ичсең деле айыгасың.
23.08.2011. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айланайын кошмар, буга олом деген эле киши барат болуш керек, наркозу жок бычагы жок бул жон гана миф го
23.08.2011. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта
23.08.2011. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо кееееееееееееел!!!!
24.08.2011. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жон гана коз боёмочулук. мындай нерселерге ишенбеш керек
30.08.2011. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:)
10.09.2011. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болушу мумкун адамдан ар кандай нерсе кутсо болот
11.10.2011. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калп нерсе! Болушу мумкун эмес! Мен ишенбейм.
18.10.2011. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ишенбейм Аллах жазалайт го буларды .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо